Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:53

Трамп менен Путин кийинки жылы кезикмек болду


Трамп менен Путин Хелсинкидеги басма сөз жыйынында. 16-июль, 2018-жыл.
Трамп менен Путин Хелсинкидеги басма сөз жыйынында. 16-июль, 2018-жыл.

АКШ менен Орусиянын президенттеринин кийинки саммити 2019-жылга калды. Ак үй буга "Кошмо Штаттарда 2016-жылы өткөн шайлоого Орусиянын кийлигишүүсү боюнча иликтөөлөр аякташы керек" деген жүйө келтирди. Вашингтон ошондой эле “Крым декларациясы” аттуу жаңы билдирүү жарыялап, жарым аралды Украинадан Орусиянын тартып алышын такыр тааныбай турганын дагы бир жолу расмий ырастады. Мунун алдында президент Трамп орус президенти Путин менен Хелсинкидеги алгачкы саммиттен соң жасаган айрым билдирүүлөрү үчүн мекенинде аны өнөктөштөрү, оппоненттери, медиа каражаттары сындап чыккан болчу.

“Крым декларациясы” деп аталган билдирүүнү мамлекеттик катчы Майк Помпео АКШ Сенатынын Тышкы байланыштар комитетиндеги угуу башталганы жатканда жарыялады.

Ал эми Сенат комитетинин өзүндөгү угууда болсо Помпео Трамп менен Путиндин жакындагы алгачкы жолугушуусу, азыркы администрациянын Орусияга карата көз карашы боюнча катаал суроолорго жооп берип, тактык киргизүүгө мажбур болду.

Майк Помпео.
Майк Помпео.

- Мен өзүм да орусиялыктарга эгер биздин демократиялык жараяндарга кийлигишүү болсо, олуттуу кесепеттер болорун абдан эле ачык айттым. Кошумчалай кетейин: ​Орусия Кошмо Штаттарга, биздин өнөктөштөргө алып келген мүшкүл тууралуу президент Трамп да жакшы кабардар. Ал биздин кызыкчылыктарды коргош үчүн оголе көп аракеттерди көрдү, - деген Майк Помпео менен ачууланган айрым сенаторлор атүгүл кайым айтышууга чейин барды. Алар андан Трамп менен Путиндин Хелсинкиде эки сааттан ашуун созулган жекеме-жеке сүйлөшүүсүнүн мазмунуна да кызыгышты.

- Менин максатым - чындыкка жетүү. Биз чындык эмне экенин билбейбиз жана чындыкка жетүүнүн жалгыз жолу - ошол эки саатта эмне болгонун билүү. Көзмө-көз сүйлөшүү жүргөн таң калыштуу эки саат боюнча президент жок дегенде сизге бир нерсе айттыбы?,- деп суроо салды сенатор Боб Менендес.

Боб Менендес.
Боб Менендес.

​Мамлекеттик катчы Майк Помпео өз кезегинде аны жарга такоого умтулган сенатордун суроосуна жооп бергенде Трамп-Путин сүйлөшүүсүнүн мазмунунан кабардар экенин айтып, Орусия менен карым-катышта Кошмо Штаттардын кызыкчылыгы корголгонуна жана корголуп жатканына ишендиргенге аракет кылды.

“Крым декларациясы”

АКШнын тышкы саясий мекеме башчысынын “Крым декларациясы“ аттуу жаңы билдирүүсүндө Вашингтон “Орусиянын Крымды аннексиялаш үчүн көргөн аракетин четке кагат жана бул саясатты Украинанын аймактык бүтүндүгү толугу менен калыбына келгенче карманууга милдеттенме алат. Кошмо Штаттар Орусияны Крымды оккупациялоону токтотууга чакырат” деп айтылат.

Крымдын 2014-жылы аннексияланышын таануудан баш тартуу АКШнын мурдагы президенти Барак Обаманын учурундагы эле саясаты болгон.

Трамп менен Путиндин кездешүүсү тууралуу Сербияда тартылган карикатура.
Трамп менен Путиндин кездешүүсү тууралуу Сербияда тартылган карикатура.

Мамлекеттик катчы Майк Помпеонун жаңы билдирүүсү муну дагы бир жолу ырастап, азыркы администрациянын позициясына тактык киргизүү максатын көздөгөн сыяктанат.

АКШнын бул декларациясын Евробиримдик жана Украина кубаттап чыкты, Орусия болсо адаттагыдай эле сынга алды. Орусиянын Вашингтондогу элчилигинин пикиринде, декларация АКШ “башка реалдуулукта” жашап жатканын көргөздү.

1940-жылы АКШ ал кездеги Балтиканын үч өлкөсүнүн аннексияланышына байланыштуу “Уэллес декларациясы” (Welles Declaration) деген документ кабыл алган. Вашингтонду бул аннексияны тааныбаган саясаты 50 жылдан ашуун, СССР чачыраганга чейин уланган.

Ал арада Ак үй президент Дональд Трамп орус президенти Владимир Путин менен экинчи жолугушуусун 2019-жылга калтырганын жарыялады. Буга президент Орусиянын АКШда 2016-жылы өткөн президенттик шайлоого кийлигишүүсү боюнча атайын прокурор Роберт Мюллердин иликтөөсү бүтүшүн күтүп жатканын жүйө келтирди. Бирок бул иликтөө качан аяктаары азырынча беймаалым.

Хелсинкиде Путин менен болгон алгачкы жолугушуусун “ийгиликтүү” деп баалаган Трамп орус президентин быйыл күзүндө Вашингтонго чакырганы өткөн аптада маалым болгон.

Буга байланыштуу 24-июлда Путиндин кеңешчиси Юрий Ушаков орус президенти Вашингтонго баруу жөнүндө чечим кабыл алуудан мурда Хелсинкидеги жолугушуунун “чаңы тарашын” күтөөрүн билдирген.

16-июлдагы басма сөз жыйынында Путин менен катарлаш туруп жасаган айрым билдирүүлөрү үчүн Трампты өз мекенинде оппоненттери, өнөктөштөрү, медиа каражаттары кескин сындап чыгышкан болчу. Эртеси ал айрым сөздөрүнө тактоо киргизип, АКШда 2016-жылы өткөн шайлоого Орусиянын кийлигишкени боюнча АКШнын чалгын жамаатынын бүтүмүнө макул экенин, бирок анын шайлоо штабы менен Орусиянын ортосунда эч кандай келишүү болбогонун кайрадан белгилеген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG