Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:25

Акын Максат Жангазиев "Өрүкзар поэзиясы” эл аралык фестивалынын ыр сынагында баш байгеге ээ болду


Акын Максат Жангазиев “Өрүкзар” эл аралык фестивалында. (Сүрөт "Жазуучулар союзунун" Фейсбуктагы баракчасынан алынды)
Акын Максат Жангазиев “Өрүкзар” эл аралык фестивалында. (Сүрөт "Жазуучулар союзунун" Фейсбуктагы баракчасынан алынды)

Баткен облусунда өткөн "Өрүкзар поэзиясы” эл аралык фестивалынын ыр сынагында калыстар тобунун жогорку баасына татыганы үчүн акын Максат Жангазиев баш байгеге ээ болду. Уюштуруучулардын маалыматына караганда, 1-орунга Гүлүмкан Исаева, 2-орунга Махабат Касейинова, ал эми үчүнчү орунга Бүкалча Маматали кызы менен Жибек Сапар кызы татыды. Бешөө тең Курбаналы Сабыров атындагы адабий сыйлыктын лауреаты болушту.

"Өрүкзар поэзиясы" эл аралык фестивалы Лейлек районунда 16-апрелде башталган. Ыр сынакка 40 жашка чейинки акындар катышты.

Фестиваль акындар үчүн эл аралык адабий диалогду өнүктүрүүгө жана достукту чыңдоого арналган аянтчага айланды.

Быйыл бул фестивалдын өтүп жатканына быйыл 35 жыл болду.

Аны белгилүү кыргыз акыны Абдилаат Дооров негиздеп, жыл сайын үзгүлтүксүз уюштурулуп келет. Быйылкы иш-чарага коңшу мамлекеттерден да акындар жана маданий ишмерлер катышты.

Акын, журналист, "Азаттыктын" маданий темаларын чагылдырып келген кабарчысы Максат Жангазиев Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты, Жолон Мамытов атындагы республикалык адабий сыйлыктын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

Шерине

XS
SM
MD
LG