Спортчуларды тосуп алуу түз эфирде
Токиодо өткөн Олимпиада оюндарында жеңишке жетишкен кыргызстандык балбандар Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов жана Мээрим Жуманазарова баштаган кыргызстандык оюнчуларды 7-августта "Манас" аба майданында расмий бийлик адамдары менен катар эле карапайым эл тосуп алды.
Токиодогу жайкы Олимп оюндарына катышкан кыргызстандык курама командага арналган салтанаттуу иш-чара Ала-Тоо аянтында уланат.
Сүйүнбек Касманбетов: Биринчи жолу кыргызстандык спортчулар үч медал утуп жатат. Биринчи жолу эки күмүш, бир коло менен келип атат. Биринчи жолу кыргызстандык кыз-келиндер медал менен кайтып жатат.
Журналисттер психологдор барды беле деген суроо узатты.
Машыктыруучу Нурбек Изабеков: Бизде психологдор болгон. Дээрлик төрт жыл психологдор менен иш алып баргандар бар. Ар тараптуу колдоочулар болгону үчүн ушул жетишкендикке жеттик.