Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:47
Балбандар Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов жана Мээрим Жуманазарова.
Балбандар Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов жана Мээрим Жуманазарова.

Кыргызстан спортчуларын тосуп алды

Кыргызстандыктар XXXII жайкы Олимпиададан кайткан спортчуларды тосуп алышты.

Ала-Тоо аянтында Токиодон кайтып келген спортчуларга арналган салтанаттуу иш-чара өттү.

Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов грек-рим күрөшүнөн күмүш медал утту. Махмудовдун бул жетишкендиги Олимп оюндарындагы эгемен Кыргызстандын тарыхындагы экинчи күмүш байге.

Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшүнөн 62 килограмм салмакта күмүш медалга жетти. Тыныбекова Олимпиаданын финалында күрөшкөн кыргызстандык 3-спортчу болуп калды.

Кыз-келиндер күрөшүнөн Мээрим Жуманазарова коло медал алды. Бул эгемен Кыргызстандын Олимпиада тарыхында кыз-келиндер арасындагы алгачкы медал.

Кыргызстан эки күмүш, бир коло медал утуп алды.

XXXII жайкы Олимпиада оюндары жапон башкалаасында 23-июлдан 8-августка чейин өтөт. Паралимпиада оюндары 24-августта башталып, 5-сентябрда жыйынтыкталмакчы.

Кыргызстандан 16 кыргыз спортчусу Токиодогу оюндарга катышууда. Алардын ичинен эркин күрөштөн 5, грек-рим күрөш боюнча 4, жеңил атлетикадан 2, оор атлетикадан, сууда сүзүү, ок атуу, фехтование жана дзюдодон бирден спортчу Олимпиадага жолдомо алышкан.

Олимпиада оюндары Токиого 67 жылдан кийин кайтып келди. Олимп оюндарына дүйнөнүн 207 өлкөсүнөн 11300 спортчу катышууда. Спорттун 33 түрү боюнча 339 медалдар топтому ойнотулат. Токио оюндарына катышып жаткан кыз-келиндер 48,8% түздү.

Олимпиада 2020-жылдын 24-июлунан 9-августка чейин өтүшү керек эле. Эл аралык олимпиада комитети COVID-19 пандемиясынан улам бир жылга жылдырган.

Токио Олимпиадасынын программасына спорттун беш жаңы түрү: бейсбол менен софтбол, каратэ, серфинг, аскага чыгуу жана скейтбординг кирди.

Нурбек Изабеков: Калыстар кемчилик кетирген жок. Ошон үчүн ушундай жетишкендиктер болду деп ойлойм.

Нурбек Изабеков: Мээрим Жуманазарова 22 жашында Олимпиадада жыйынтык көрсөттү. Булар дагы баралына келе элек. Келечекте Парижде өтө турган Олимпиада оюндарында жакшы жыйынтык көргөзөт деп ишенем.

Айсулуу Тыныбекова: Буга чейин кыргызстандыктарга сөз бергем. Олимпиада оюндарында жетишкендигим ошондон. Парижде өтө турган Олимпиадага катышам деген ой жок. Буга чейин мен элиме алтын медал утам деген сөз бергем. Кудайдын буйругу менен күмүш алдым. Буюрса машыктыруучуларым бир жумадан кийин сүйлөшөбүз. Ошондон кийин гана чечимии тууралуу элге айтам.

Акжол Махмудов: Бир аз тактикалык ката кетирдик. Мен өзүмдү даярмын деп ойлогом. Бирок анча даяр эмес экем. Олимпиада төрт жылда бир өтө тургандыктан кичине кемчилик да кечирилбейт. Келечекте бул катаны оңдогонго аракет кылам. Күмүш медалга нааразы эмесмин.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG