28-июлда Токиодогу Олимпиадада эркектер арасындагы футбол мелдешинин тайпалык оюндары жыйынтыкталды.
Жапония курама командасы азырынча көпчүлүлүктү таң калтырып, бардык беттештерин утту. Азиянын дагы бир өлкөсү – Түштүк Корея да кийинки баскычка өттү. Мелдештин күтүүсүз жыйынтыгы катары Германия, Франция менен Румыниянын тайпадан чыкпай калганы айтылууда.
Чейрек финалдын оюндары 31-июлда башталат.
Испания — Кот-д'Ивуар. Башталышы 8:00 (Бишкек убактысы)
Жаңы Зеландия — Жапония (9:00)
Бразилия — Египет (10:00)
Түштүк Корея — Мексика (11:00).
Айсулуу аттанды, Симона Байлз мелдешке чыкпайт
Симона 29-июлда өтө турган мелдештен баш тартып, өзүнүн психикалык саламаттыгын чыңдоого басым жасарын жана мындан кийин мелдештерге катышпай турганын айткан. Байлз Рио-де-Жанейродогу жайкы оюндарда төрт алтын, бир коло медал утуп, спорт дүйнөсүн таң калтырган эле.
Тыныбекова спорттук карьерасындагы үчүнчү Олимп оюндарына өз салмагындагы фаворит катары бара жатат. Балбан кыз Биргелешкен Күрөш Дүйнөсү уюмунун (UWW) рейтингинде биринчи орунда турат. Күйөрмандар Айсулуу Олимпиаданын алтын байгесин утат деп ишеним артууда.
29-июлга карата Олимп оюндарына аккредитациядан өткөн 193 адамдын коронавирус аныкталган.
Кыргызстандан бул Олимпиада оюндарына бир да мушкер жолдомо ута алган жок.
Түркмөнстандык оор атлет Полина Гурьева Токиодогу Олимп оюндарынын күмүш медалына ээ болду. Бул көз карандысыз Түркмөнстандын тарыхындагы алгачкы олимпиадалык медал болуп калды.
Полина Гурьева оор атлеттер арасындагы 59 килограммдык салмактагылардын мелдешинде 217 кг салмактагы штанганы көтөрдү.
29-июлда Токиодогу Олимпадада 17 комплект медаль ойнотулду. Орусиянын фехтование боюнча курама командасы мелдештин финалында француздарды жеңип алтынга татыды.
Кайык менен жарышууда алтынды жаңы зеландиялык айымдар Грэйс Прендергаст менен Керри Гоулер алышты. Спорттун бул түрү боюнча күмүш орустарга, коло канадалыктарга ыйгарылды.
23 жаштагы кытайлык суучул айым Чжан Юйфэй 200 метрге баттерфляй ыкмасында сүзүүдө биринчи орунду алды, ошондой эле ал 4x200 метрге эркин сүзүү жарышында да жеңишке жетти.
Жалпы эсеп боюнча 15 алтын медаль менен Кытай учурда биринчи орунда баратат, андан кийинки орунда Жапония, ал эми АКШнын капчыгында 14 алтын бар.
Борбор Азия мамлекеттеринен Өзбекстандын бир алтын, бир коло медалы бар. 19 жаштагы Улугбек Рашитов таэквондо боюнча 68 кг чейинки салмакта биринчи орунду ээлеген. Казакстан үч коло медал алды. Азырынча кошуна мамлекет жалпы рейтингде 55-орунда. Түркмөнстандык оор атлетчи Полина Гурьева күмүш медалга ээ болду. Бул көз карандысыз Түркмөнстандын тарыхындагы алгачкы олимпиадалык медал болуп калды. Тажикстан менен Кыргызстан азырынча бир да медал ала элек. Токиодогу Олимп оюндары 8-августта жыйынтыкталат.