Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:55
Балбандар Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов жана Мээрим Жуманазарова.
Балбандар Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов жана Мээрим Жуманазарова.

Кыргызстан спортчуларын тосуп алды

Кыргызстандыктар XXXII жайкы Олимпиададан кайткан спортчуларды тосуп алышты.

Ала-Тоо аянтында Токиодон кайтып келген спортчуларга арналган салтанаттуу иш-чара өттү.

Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов грек-рим күрөшүнөн күмүш медал утту. Махмудовдун бул жетишкендиги Олимп оюндарындагы эгемен Кыргызстандын тарыхындагы экинчи күмүш байге.

Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшүнөн 62 килограмм салмакта күмүш медалга жетти. Тыныбекова Олимпиаданын финалында күрөшкөн кыргызстандык 3-спортчу болуп калды.

Кыз-келиндер күрөшүнөн Мээрим Жуманазарова коло медал алды. Бул эгемен Кыргызстандын Олимпиада тарыхында кыз-келиндер арасындагы алгачкы медал.

Кыргызстан эки күмүш, бир коло медал утуп алды.

XXXII жайкы Олимпиада оюндары жапон башкалаасында 23-июлдан 8-августка чейин өтөт. Паралимпиада оюндары 24-августта башталып, 5-сентябрда жыйынтыкталмакчы.

Кыргызстандан 16 кыргыз спортчусу Токиодогу оюндарга катышууда. Алардын ичинен эркин күрөштөн 5, грек-рим күрөш боюнча 4, жеңил атлетикадан 2, оор атлетикадан, сууда сүзүү, ок атуу, фехтование жана дзюдодон бирден спортчу Олимпиадага жолдомо алышкан.

Олимпиада оюндары Токиого 67 жылдан кийин кайтып келди. Олимп оюндарына дүйнөнүн 207 өлкөсүнөн 11300 спортчу катышууда. Спорттун 33 түрү боюнча 339 медалдар топтому ойнотулат. Токио оюндарына катышып жаткан кыз-келиндер 48,8% түздү.

Олимпиада 2020-жылдын 24-июлунан 9-августка чейин өтүшү керек эле. Эл аралык олимпиада комитети COVID-19 пандемиясынан улам бир жылга жылдырган.

Токио Олимпиадасынын программасына спорттун беш жаңы түрү: бейсбол менен софтбол, каратэ, серфинг, аскага чыгуу жана скейтбординг кирди.

Токиодогу Олимп оюндарынын фаворити саналган америкалык жеңил атлет (бийиктикке секирүү) Сэм Кендрикс коронавирустан улам мелдештен четтеп калды. Аны менен карым-катнашта болгон австралиялык үч спортчу дагы убактылуу изоляцияга жөнөтүлдү. Аларга этияттык чараларын сактоо менен машыгууга уруксат берилди. Алар кийинки мелдештерге катыша алат.

Кендрикс азырынча мейманканадагы номеринде изоляцияда. Анын атасы жана машыктыруучусу Скоттун айтымында, эч кандай вирустун белгилери жок.

Жеңил атлеттердин мелдеши 30-июлда башталды. Сэм Кендрикс соңку эки дүйнө чемпионатын утуп, Токидогу оюндарда алтын медал ала турчу негизги атаандаш катары аталып жаткан.

Соңку суткада Жапонияда вирусту жуктуруп алгандардын рекорддук саны (10 миңге чукул) катталды. Бирок уюштуруучулар кырдаал көзөмөлдө деп ишендирүүдө. Эл аралык олимпиада комитетинин басма сөз катчысы Марк Адамс журналисттерге маалымат берип жатып, азыркы учурда дүйнөдөгү коронавируска каршы эң катаал чаралар олимпиадалык объектилерде көрүлүп жатканын айтты. Ушул кезге чейин Олимпиада айылынан 193 кишиден вирус табылган. Анын жыйырмасы спортчулар.

Жапониянын Токио шаарында өтүп жаткан жайкы Олимп оюндарында кыргызстандык оор атлетчи Бекдөөлөт Расулбеков 6-орунду ээледи.

Ал бүгүн, 31-июлда 96 килограмм салмакта күч сынашты. Булкуп көтөрүүдө 166, түртүп көтөрүүдө 208 килограмм салмакты көтөрүп, жалпы 374 килограмм салмакты багындырды.

Бул салмакта он спортчу байге үчүн ат салышты.

1-орунду Катардын спортчусу Элбах Фарес Ибрахим алды. Ал 402 килограмм салмакты көтөрүү менен Олимпиаданын рекордун да жаңыртты. Спортчу булкуп көтөрүүдө 177 килограмм, түртүп көтөрүүдө 225 килограммды көтөрдү.

Күмүш жана коло байгелерди 387 килограммды эсебине жазган Венесуэла спортчусу Кейдомар Валенилья (177 кг, 210 кг.) менен Грузиянын өкүлү Антон Плесной алды.

Токиодо өтүп жаткан Олимпиадада 1-августта күч сынаша турган кыргызстандык балбандар Жоламан Шаршенбеков менен Айпери Медет кызынын алгачкы атаандаштары белгилүү болду. Бул тууралуу Кыргызстандын олимпиадалык командасынын пресс-атташеси Кабыл Макешов билдирди.

Эки балбандын тең атаандашы - казакстандыктар.

Жоламан Шаршенбеков алгачкы күрөшүн Мейрамбек Айнагулов менен өткөрөт.

Казак балбаны Мейрамбек Айнагулов 27 жашта. Олимпиадага алгачкы ирет катышууда. Дүйнө чемпионаттарынын күмүш (2017) жана коло (2019) медаль байге ээси.

Жоламан Шаршенбеков 22 жашта. 2020-жылы дүйнө кубогунда алтын, 2018-жылы дүйнө чемпионатында күмүш байге уткан. Быйыл апрель айында Алматыда (Казакстан) өткөн лицензиялык Азия континенталдык турниринде баш байгенин ээси болуп, Олимпиадага жолдомо алган.

76 килограмм салмакта Айпери Медет кызы да казакстандык Элмира Сыздыкова менен күрөшөт.

Элмира Сыздыкова 29 жашта. 2016-жылы Рио-де-Жанейро шаарында өткөн Олимпиада оюндарынын коло байгесин уткан.

22 жаштагы Айпери Медет кызы жаштар арасындагы дүйнө чемпиону жана эки коло байгенин ээси. 2020-жылы Азия чемпиону аталган.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG