Айгүл Бекбаева кесиби боюнча модельер. Төрт баласын жалгыз багып жаткан эне ушул тапта үйүнөн буюртма алып, аны велосипед менен кардарларына жеткирип жатат. Айгүл Бекбаева карантинде өзгөчө тигүү тармагында иштеген кыз-келиндерге оор болгонун айтууда.