Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:12

Жалпы тестирлөө билим деңгээлин аныктайбы?


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Быйылкы жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен 59 бүтүрүүчү "алтын сертификатка" ээ болду. Бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков эң жогорку балл алган окуучуларды куттуктап, аларга сертификат тапшырды. Ийгиликке жеткен бүтүрүүчүлөрдүн басымдуу бөлүгү Бишкектеги орто мектептердин окуучулары болуп чыкты.

Кубанычы койнуна батпай жаткан мектеп бүтүрүүчүсү Нурбек Өмүрзаков - Талас шаарындагы "Манас Ата Сапат" мектебинин бүтүрүүчүсү. Ал быйыл өткөрүлгөн жалпы республикалык тестирлөөдөн 222 балл алган. Нурбек буга өзүнүн талыкпаган эмгеги жана тестирлөөгө карата даярдыгы менен жеткенин айтат:

- Бир жыл бою талыкпай даярдандым. Атайын тесттерди өтүп, билим борборлоруна барып аттым. "Мага тесттер абдан оор болду" деп деле айтпайм, логилык суроолор басымдуу экен. Менимче аларга даярданыш үчүн китептерди көп окуп, түшүнүп, математикалык эсептерди логикалык түрдө бат чыгарууну үйрөнүш керек. Президенттин колунан белектерди алып келдик. Абдан кубандым. Мага сабак берген мугалимдерге ыраазымын!

Нурбек Борбор Азиядагы Америка университетине артыкчылык берүүдө. Андагы бизнести башкаруу бөлүмүн тандап, тапшырыш үчүн тийиштүү документтерин камдап жатат.

Нурбек өңдүү жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгында жогорку балл алган мектеп бүтүрүүчүлөрүнө президент Сооронбай Жээнбеков "алтын сертификаттарды" тапшырды. Тестирлөөнүн жыйынтыгы менен 59 бүтүрүүчү эң жогорку упай топтоп, "алтын сертификатка" ээ болсо, аймактардан келген жети окуучуга жакшы көрсөткүчтөрү үчүн мактоо баракчасы менен кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылды.

Өлкө башчы сертификат ээлерин куттуктап жатып, билим берүү тармагындагы мамлекеттик саясаттын эң башкы принциби сапаттуу жана үзгүлтүксүз билим берүү системасын түзүү экенин белгиледи:

Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

- Бизде мунай жана газ жок жана дүйнөлүк рынокто биз билимибиз менен гана атаандаштык жарата алабыз. Билимдүү жарандар гана өлкөнүн атаандашуу жөндөмүн жана экономикалык гүлдөп-өнүгүшүн камсыз кыла алышат. Биздин жарандар кайсы куракта, кайсы жерде болбосун билимге жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу зарыл. Билим гана дүйнөнү өзгөртөт, билим гана адамды максатка жеткирет. Мен Кыргызстандын келечегин сапаттуу билим алган татыктуу муундан көрөм.

Быйылкы жалпы республикалык тестти 45 607 адам тапшырган. Анын 57% же 26180 киши 110 упайдан жогору жыйынтыкка жетишти. Эң жогорку балл 237 болуп чыкты. Жалпы тестирлөөнүн орточо жыйынтыгы 119,4 упай болду.

Адистер 17 жылдан бери уюштурулуп келе жаткан тестирлөөнүн жыйынтыгы мектептердеги билим сапатынын көрсөткүчү болуп келе жатканын белгилешет. Бул жолу "алтын сертификаттын" 14үн Кыргызстандагы "Сапат" билим берүү мектептеринин окуучулары алышты. Аталган мекеменин директору Нурлан Кудайбердиев тестирлөө тууралуу буларды айтты: ​

Нурлан Кудайбердиев.
Нурлан Кудайбердиев.

- Бир эсе ЖРТ окуу деңгээлин көрсөтөт деп да айтсак болот. Бирок ошол эле учурда суроолор бир аз мектеп программасынан айырмаланат. Ал аналитикалык, сынчыл ой жүгүртүүгө басым жасайт. Ошондуктан айылдагы мектеп окуучулары атайын даярдыксыз тапшырып, азыраак балл алып калышы мүмкүн. Биз быйыл "алтын сертификат" боюнча рекорддук көрсөткүчкө жеттик. Анын жыйынтыгы мектептин окуу-тарбия иштеринен көз каранды. Биз атайын тестирлөө усулдары менен атайын даярдык көрүп, тренингдерди өткөрүп жаттык. Ошондон улам жыйынтык ушундай болду.

Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгында Бишкек шаарынын 43 бүтүрүүчүсү "алтын сертификатка" татып, башка аймактарды ат чабым артта калтырды. Экинчи борбор болуп саналган Ош шаарынын үч гана бүтүрүүчүсү эң жогорку упай топтоп, "алтын сертификатка" ээ болду. Ошол эле учурда "алтын сертификаттын" саны боюнча 500 миң калкы, миллиард сом бюджети бар Ош шаары менен Нарын облусунун тоолуу Ат-Башы районунун көрсөткүчтөрү бирдей болду. Бул аймактардагы билимдин сапатына байланыштуу талкууларга түрткү берди.

Билим берүүнү баалоо жана окутуу усулдары борборунун өкүлү Чынара Батракеева билдиргендей, жалпы республикалык тестирлөө бүтүрүүчүлөрдүн жогорку билим алууга даяр же даяр эместигин билиш үчүн өткөрүлөт. Анын жыйынтыгы менен жалпы билим берүүнүн деңгээлин баалоо туура эмес.

Чынара Батракеева.
Чынара Батракеева.

- Жогорку окуу жайынан билим алууга мыктылар гана келиши керек. Тест тапшыргандардын 45 пайызы босого чектен өтпөй калганы трагедия эмес. Өтпөй калса, демек тестирлөөгө даярдыгы жетиштүү эмес экенинен кабар берет. Эгер окуучу жакшы окуса, жакшы балл алат. Аттестаттагы бааларды баары эле объективдүү албайт. Бири тааныш-билиш аркылуу, башкасы жаттап алат. Ал эми ЖРТ андайга жол бербейт. Анын үстүнө тест тапшыргандардын баары эле быйылкы мектеп бүтүрүүчүлөрү эмес. Ошондуктан анын жыйынтыгы менен жалпы билим берүүнүн деңгээлин баалоого болбойт, - деди Чынара Батракеева.

Кыргызстанда жогорку окуу жайларына 110 баллдан ашык упай алган окуучулар гана документ тапшыра алышат. Анын негизинде окууга кабыл алуу 3 тур менен өткөрүлөт.

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG