Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:06

Миллион долларлык сүрөттөр Ташкенттен жашыруун Орусияга ташылган


Көркөм коллекцияга кирген сүрөттөр
Көркөм коллекцияга кирген сүрөттөр

2023-2024-жылдары өзбекстандык "Бек Брокер" логистикалык компаниясы Орусияга 200дөн ашык, баасы миллиондогон долларлык коллекцияларды, анын ичинен Сальвадор Далинин, Анри Матисстин сүрөттөрүн, Рембрандт Бугатти жана Фернандо Ботеронун айкелдерин жашыруун ташууга жардам берген.

Москвага ташылган коллекциялардын жалпы баасы 36 миллион доллардан ашат, ал эми "Бек Брокердин" кардарларынын арасында орус миллиардерлери, курал-жарак чыгарган Мкртич Окроян жана Украинанын оккупацияланган Мариуполь шаарын кайра курууга катышкан Алексей Репиктин аты аталат.

Батыштын "кара тизмесине" илинген орус олигархтары дүйнөлүк көркөм мураска кирген эмгектерди Орусияга кандай жолдор менен ташып келген?

2023-жылдын башында кымбат баалуу искусство предметтерин ташуу жана сактоо боюнча адистешкен голландиялык компания Флиссинген портуна келип токтогон яхтадан сүрөттөр менен айкелдерди түшүргөн. Ал сүрөттөрдүн арасында Сальвадор Далинин, Пьер Огюст Ренуардын жана Анри Матисстин эмгектери болгон.

Triple Seven деп аталган 68 метрлик яхта орусиялык фармацевтика магнаты Алексей Репик менен байланышы бар оффшордук компаниянын карамагында турган. Ал компания ошондой эле орус армиясы басып алган Украинанын Мариуполь шаарында кыймылсыз мүлк менен алектенген.

Сүрөттөр адегенде Амстердамдын аэропортуна, андан соң Өзбекстандын борбору Ташкентке, үч күндөн кийин мурда-кийин анчейин белгисиз "Бек Брокер" деген логистикалык компаниянын жардамы менен Москвада жашаган Алексей Репикке жөнөтүлгөн.

Москва 2022-жылы февраль айында Украинага согуш ачкандан кийин Батыш өлкөлөрү Орусияга каршы санкцияларды киргизген. Мындан улам орус коллекционерлери дүйнөлүк базарларда соода-сатык кылуудан кол жууган. Ортомчулар Москвадан чыгып кетип, Christie's жана Sotheby's сыяктуу ири аукциондор Орусиядагы кирешелүү кеңселерин жапкан.

"Радио Свободанын" журналисттик иликтөө жүргүзгөн "Система" долбоорунун жаңы маалыматтарына ылайык, акыркы эки жылда Орусияга искусствонун көркөм мурасына кирген 200дөн ашуун эмгекти алып келүүгө "Бек Брокер" сыяктуу логистикалык компаниялар жардам берген. Журналисттер Орусияга көмүскө жол менен импорттолгон көркөм предметтердин жалпы баасы 36 миллион доллардан ашканын аныкташкан.

"Бек Брокердин" таржымалы

Баш кеңсеси Ташкентте жайгашкан "Бек Брокер" жаңы ачылган фирма эмес. Бажы кызматынын маалыматына ылайык, компания жыйырма жылдан ашуун убактан бери Орусияда жүк ташуу жана бажыда ортомчулук менен алектенип, орусиялык кардарларга, анын ичинен мунай гиганты "Лукойл" жана мамлекеттик "Транснефтинин" миңдеген жолу жүгүн ташып келген.

Өзбекстандык Бахтиёр Еримбетов, Шерзод Мирхоликов, Роза Давлетмуратова жана Хусниддин Азимов ээлик кылган "Бек Брокер" 2011-жылы Москванын көп конуштарынын бириндеги тогуз кабат үйгө Орусиядагы филиалын каттаткан. Компаниянын каржылык көрсөткүчтөрү тууралуу ачык маалымат жок.

"Бек Брокер" компаниясы комментарий сурап кайрылган "Система" долбоорунун журналисттерине жооп берген жок.

Бажы кызматынын маалыматы боюнча, 2018-жылдан 2022-жылга чейин "Бек Брокер" Орусиядан Өзбекстанга кеминде 8700 жолу жүк ташыган. Ал эми Өзбекстандан Орусияга 106 гана жүк кеткен.

Кремль Украинага согуш ачкандан бери Батыш өлкөлөрү Орусияга катаал санкцияларды киргизген. Ошондон кийин "Бек Брокердин" логистикасы да өзгөргөн. Расмий маалыматтар боюнча, согуш башталгандан бери бул компания Орусияга жалпы баасы 41,6 миллион долларга бааланган жүктү 1962 жолу жеткирген. Алардын ичинен 61 жүктү "Бек брокер" ташыган.

Бажы кызматынан алынган маалыматтарда ошондой эле ташылган товарлардын категориялары дээрлик өзгөргөнүн көрсөк болот. "Бек Брокер" компаниясынын Орусияга алып барган негизги жүгү - искусство предметтери. Ал эми ташылган сүрөттөр, статуэткалар жана башка буюмдардын декларацияланган баасы 36,6 миллион долларды түзгөн.

Салыштыруу үчүн айта кетсек, "Бек Брокер" ошол эле мезгилде бардык башка жүктөрдү болгону 5 миллион долларга импорттогон.

Triple Seven

Алексей Репиктин аты аралашкан, 2023-жылдагы чуулгандуу логистика менен байланышкан иштин төркүнү "Панама документтеринин" тизмесинен чыккан. Анда 2016-жылы юридикалык фирманын документтери ачыкка чыгып, дүйнө жүзү боюнча байманасы ташыгандардын, анын ичинен орусиялыктардын да байлыгын кантип жашырып жүргөнү ашкереленген.

Репиктин үй-бүлөсүнө таандык Triple Seven яхтасын суудагы "көркөм музей" деп атаса болот.
Репиктин үй-бүлөсүнө таандык Triple Seven яхтасын суудагы "көркөм музей" деп атаса болот.

Triple Seven яхтасын Британиянын Виргин аралдарында жайгашкан Nawton Ltd компаниясы иштетет. Бул компания яхтадан кымбат коллекцияга кирген предметтерди алып, Ташкентке, андан соң Москвага жөнөтүү үчүн Голландиянын Kortmann Art Packers and Shippers B.V. фирмасына акча төлөгөн.

"Панама документтеринен" ошондой эле Nawton Ltd компаниясынын жеке учагы бар экени аныкталган. Аба каттамдарына күнү-түнү байкоо жүргүзгөн сайттын маалыматтары буга чейин ал учакты Орусиянын президенти Владимир Путиндин кыздарынын бири Катерина Тихонова колдонгонун көрсөткөн.

Жалпысынан голландиялык компания яхтадан 44 көркөм өнөр предметин жана башка баалуу, жарым-жартылай баалуу буюмдарды жөнөткөн. Далинин, Ренуардын, Матисстин картиналарын, Рембрандт Бугаттинин жана Фернандо Ботеронун скульптураларын, жапондук сүрөттөрдү кошкондо жалпы баасы 4,6 миллион долларды чапчыйт. Алардын арасында Алексей Репиктин үй-бүлөсү жактырган пилдин сөлөкөтүндөй кымбат вазалар, сыя челектер, кагаз бастыргычтар, шам койгучтар бар.

Systema Repik 2
Systema Repik 2

Орусиялык коллекционерлердин арасында Репик башкалардан эч кандай өзгөчөлөнбөйт.

"Орусиядагы коллекциялар менен алектенгендердин чөйрөсүндө Репик дээрлик белгисиз жана эч кандай айырмаланбайт. Aл коллекционер эмес, табити жана түшүнүгү жок, пилдерге, ички жасалгалоого көбүрөөк кызыкчу", - деп белгилейт искусство таануучу, мурдагы журналист Константин Акинша.

Анткен менен Репиктин жубайы Полина социалдык тармактардагы баракчаларында коллекцияларга кызыкканы менен таанымал.

Ал Инстаграм баракчасында өз коллекциясындагы айрым буюмдардын сүрөттөрүн жарыялаган. Маселен, 2021-жылдын март айында Triple Seven яхтасында тартылган сүрөттө француз чебери Ники де Сен-Фалл жасаган, баасы 35 миң доллар турган пилдин сөлөкөтүндөгү ваза көрүнүп калган.

Бирок бир айдан кийин орусиялык ишкер Британиянын санкциясына илинип, кийинчерээк Австралия менен Канада да аны "кара тизмеге" кошкон.

Triple Seven яхтасы ушул жылдын башында Түркиянын аймагында байкалган, Полина Репик Инстаграмга түрк жергесиндеги сүрөттөрүн жарыялаган.

Алексей Репик "Система" долбоорунун комментарий сураган өтүнүчүнө жооп берген жок. Полина Репик Triple Seven яхтасы 2021-жылы сатылганын айткан.

Долбоордун журналисттери "Equasis" деп аталган деңиз реестрин карап чыгып, бул айда яхта дагы эле Репиктин атында экенин аныктаган.

Полина Репик көркөм мураска кирген буюмдар Орусияга жеткирилгенин ырастап, бирок алар музейге өткөрүп берилгенин айткан. Бирок кайсы музей экенин айткысы келген жок.

Искусство үчүн Жибек жолу

Борбор Азия өлкөлөрү Батыштын санкцияларын кыйгап өтүп, Орусияга товар импорттоону көздөгөн ар кандай компаниялардын негизги каналына айланды.

2022-жылы мартта Евробиримдик, АКШ, Швейцария жана башка өлкөлөр Орусияга кымбат баалуу товар сатууга чектөө киргизген. Мындай чектөөлөргө 300 евродон жогору бааланган искусство жана антиквариат буюмдары кирет.

Буга чейин Орусияда көркөм буюмдардын базары аткезчиликтин арты менен коллекционерлер, эксперттер, жүк ташуучулар, реставраторлор үчүн кыйла кирешелүү тармак болгон.

Аукциондо Леонардо да Винчиге таандык "Сальватор Мунди" картинасы эң кымбат сатылган. Аны орусиялык миллиардер Дмитрий Рыболовлев 2017-жылы 450,3 миллион долларга саткан.

Орусиялык рынокту талдаган ARTInvestment компаниясынын маалыматы боюнча былтыр жергиликтүү сүрөтчүлөрдүн соодасы 125% ашып, жалпы баасы 25 миллион доллардан өткөн. Бул орус коллекционерлеринин рыногу жергиликтүү сүрөтчүлөргө таянып калганынын бир далили.

Кымбат баалуу буюмдарды импорттоого чектөөлөр менен катар Батыш өлкөлөрү орус олигархтарынын мүлкүн конфискациялай баштаган.

2022-жылы май айында британ бийлиги мунай жана металл бизнеси менен байыган олигарх Виктор Вексельбергге таандык Фаберже алтын жумурткасын конфискациялаган. Жыйырма жылдай мурун Вексельберг АКШдагы Форбс үй-бүлөсүнөн Орусияга кайтарам деп Фаберже алтын жумурткаларын 100 миллион долларга сатып алып, искусство дүйнөсүн дүрбөлөңгө түшүргөн.

Алишер Усмановго таандык "Дилбар" яхтасы.
Алишер Усмановго таандык "Дилбар" яхтасы.

Ошол эле жылы ноябрда немис полициясы Кремл менен тыгыз байланышы бар, миллиардер, теги өзбек Алишер Усмановдун Гамбургда оңдоп-түзөөдөн өтүп жаткан яхтасынан 30 сүрөт тапкан. Полиция ал яхтадан да төрт Фаберже алтын жумурткасын конфискациялаган.

2023-жылы теги азербайжан, орусиялык бизнесмен, экс-депутат Фархад Ахмедовдун яхтасынан да искусствого тиешелүү эмгектер табылган.

Британиялык юрист жана "State Capture: Research and Action" уюмунун тең негиздөөчүсү Алекс Презанти Британияда же Евробиримдикте жашаган ар бир жаран же уюм санкцияларды кыйгап өтүп, Орусияга искусство предметтерин жеткирсе, кылмыш жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн экенин эскертет.

Эгер көркөм мураска кирген эмгек үчүнчү өлкөгө, мисалы, Өзбекстанга барып калса, жөнөтүүчү акыркы дареги Орусия экенин билсе, анда ал да жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн.

Мылтык эмес, көркөм дүйнө керек

Репиктер искусство предметтерин ташуу үчүн "Бек Брокерди" колдонгон жалгыз орусиялык бай үй-бүлө эмес.

Бажы документтери көрсөткөндөй, канаттуу ракетанын кыймылдаткычын жана орус армиясы колдонгон аскердик тик учактардын тетиктерин өндүргөн ишкер Мкртч Окроян да Ташкент аркылуу дүнүйөсүн ташыткан.

Маркум Алексей Навальныйдын долбоорундагы журналисттер Окрояндын үй-бүлөсү Лондондун батышында наркы 10 миллион фунт стерлингге жакын үч кабаттуу үйгө ээлик кылганын аныктаган иликтөөсүн жарыялашкан.

Бул иликтөөдөн кийин Өзбекстанга болжол менен 286 миң долларлык бир нече сүрөт жана башка искусствого тиешелүү буюмдар жөнөтүлгөн. Петр Кончаловскийдин, Зинаида Серебрякованын, Григорий Глюкмандын, Сергей Судейкиндин жана Филипп Малявиндин эмгектери Өзбекстанга "Бек Брокер" аркылуу жеткен. Окрояндын жубайы Алла Бабан 2023-жылы 21-февралда күйөөсүнүн атынан Ташкентке, андан кийин Москвага кымбат баалуу сүрөттөрдү жөнөткөн.

Жети айдан кийин, 2023-жылы сентябрда АКШ, андан бир нече айдан кийин Евробиримдик жана Улуу Британия Окроянды жана анын үй-бүлөсүн санкциялык тизмесине киргизген. АКШнын тизмесинде Окрояндын айрым туугандарынын британ жарандыгы бар экени да көрсөтүлгөн.

Мкртич Окроян өзүнө жана анын компаниясына жиберилген суроолорго жооп берген жок.

Дмитрий Сухарев, "Система"

XS
SM
MD
LG