Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:37

Чылымдын түтүнү кишини тез картайтат


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Байыркы адамдын жаңы үлгүсү табылды, ал мындан 7200 жыл мурун жашаган. 1000ден ашуун балага жасалган тажрыйба тамеки түтүнү менен дем алган наристелер тез карышарын аныктады. Кан басымы жогору адамдардын саны акыркы 30 жылда 1,28 миллиардга жетти. “Азаттыкта” илим дүйнөсүндөгү акыркы жаңылыктар.

Байыркы адамдын жаңы үлгүсү табылды

Индонезиянын Сулавеси аралындагы Леанг Панинг үңкүрүнөн илимде “тоалийлер” деген ат менен белгилүү байыркы элге таандык аялдын сөөгү табылды. Окумуштуулардын айтымында, ал мындан 7200 жыл мурун жашаган. Бул табылга байыркы адамдын жаңы үлгүсү деп таанылды. Индонезиялык окумуштуулар ага “Бесс” деген ысым ыйгарышты. Түштүк Сулавеси элдери кыздарга сылык түрдө дал ушинтип кайрылышкан.

Адатта экватордук аймактагы ысык жана нымдуу климаттын натыйжасында органикалык заттар тез эле жок болот. Бирок окумуштуулар табылган аялдын сөөгүнүн ДНК үлгүсүн изилдей алышты. Бул археологиялык табылганын өзгөчөлүгү ушунда болуп калды.

Жаңы табылган Бесстин сөөгү мурдагы илимий божомолду жокко чыгарды. Буга чейин байыркы тоалийлер австралиялык аборигендердин жана папуастардын туугандары деп айтылып келген. Бесстин ДНКсы андай байланыш жок экенин көрсөттү. Анын эли бул аймакта Муз доорунун аягында пайда болуп, кийин бул жерди мекендеп калган элдердин эч бирине тиешеси жок деген тыянак жасалды. Ошондой эле, генетикалык экспертиза көрсөткөндөй, жаңы табылган адамдын генинде денисовчулардын да ДНКсы бар. Денисовчулар – жок болуп кеткен адамдардын бир түрү. Окумуштуулар Сулавесинин аймагындагы денисовчулар башка байыркы адамдар менен аралашып, сиңишип кеткен деп божомолдошот. Эволюциялык антропология институтунун профессору Йоханн Краузе:

“Бул ачылыш окумуштуулардын денисовчулар кеңири тараган адам түрү болгон деген гипотезасын ырастап отурат”, - дейт.

Кан басымы жогору адамдардын саны 1,28 млрд

1990-жылдан бери 30 жаштан 79 жашка чейинки гипертония менен жабыркаган же кан басымы жогору адамдардын саны эки эсе көбөйүп, 650 миллиондон 1,28 миллиардга жетти. Ал эми 700 миллион адам кан басымы жогору экенин билбейт жана атайын дарылануудан өтө элек. Мындай маалыматты Лондондогу Империялык коллеж менен Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жүргүзгөн ири изилдөөнүн жыйынтыгы берди.

Бул ири изилдөө 1990-жылдан 2019-жылга чейин жүргүзүлгөн. Бул мезгил аралыгында дүйнөнүн 99% калкы жашаган 184 өлкөдөн 30 жаштан 79 жашка чейинки 100 миллион адамдын кан басымынын көрсөткүчтөрү анализденген. Азыркы учурда бул гипертониянын ыргагына байкоо жүргүзгөн эң чоң изилдөө.

Аталган изилдөө көрсөткөндөй, акыркы 30 жылда гипертония бай мамлекеттерден жарды мамлекеттерди көздөй жылган. Жогорку кан басым менен жабыркагандар ушул тапта бай мамлекеттерде азая түшкөн болсо, орто жана төмөн деңгээлдеги өлкөлөрдө бул көрсөткүч кыйла жогорулаган. Маселен, 2019-жылы гипертония аз катталган өлкөлөрдүн башында Канада, Перу жана Швейцария турса, бул оору кеңири жайылган өлкөлөрдүн сап башында Доминик Республикасы, Ямайка жана Парагвай турат.

Тамеки түтүнү менен дем алган наристелер тез карыйт

Бала курсакта жаткан мезгилде жана өспүрүм куракка чейинки убакытта тамекинин түтүнү менен дем алса, ал тез карый турганы аныкталды. Мындай жыйынтыкка Барселонадагы Глобалдык ден соолук институтунун (ISGlobal) адистери атайын изилдөөдөн соң келишкен.

Изилдөөчүлөр Европадагы алты мамлекеттен 6 жаштан 11 жашка чейинки 1173 баланы тандап алышкан. Алардын 83ү түйүлдүк кезинде жана 103ү эрте жашында тамеки түтүнүнүн таасирине дуушар болушкан. Окумуштуулар атайын эпигендик сааттардын жардамы менен балдардын ткандарынын, клеткаларынын же органдарынын биологиялык курагын аныкташкан. Натыйжа көрсөткөндөй, ата-энеси тамеки чеккен балдар тез карый турганы белгилүү болгон. Картаюуну бир эле тамеки эмес, кара көмүртек, мунай, газ калдыктары менен булганган аба дагы тездетери аныкталды.

Буга чейинки изилдөөлөр тамеки чегүү чоң адамдарды карытарын көрсөтсө, кийинкилери тамеки түтүнү ымыркайдын же төрөлө элек түйүлдүктүн да метоболизмин өзгөртүп саларын тастыктап отурат. Биологиялык картаюу нейробиологиялык, жүрөк, кан тамыр жана башка оорулар менен байланыштуу. Демек, тамеки түтүнүнөн жабыр тарткан балдардын ден соолугу да начар болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG