Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:17

Тажикстан карызын азайтып, баюу жолуна түштүбү?


Тажикстан.
Тажикстан.

Эл аралык басма сөзгө сереп.

"Террордук топторго акча Тажикстан аркылуу ташылчу"

Бир катар эл аралык медиа - Insider, Der Spiegel жана New York Times Орусиянын аскердик чалгын башкармалыгы (ГРУ) НАТОнун жана АКШнын Ооганстандагы аскерлерин бутага алуу үчүн миллиондогон долларга террордук топторду жалдаганын жазышты.

The Diplomat ошол материалдардын негизинде 9-январда согушкерлерди каржылоо жана курал менен камсыздоо маршруту Тажикстан аркылуу өткөнүн жазды.

Адегенде автор Кэтрин Путц Insider басылмасындагы макаланын мазмунуна токтолгон. Маалыматка караганда, кымбат асыл таштар менен соода кылган компанияга жамынып, “оогандык курьерлер “Талибандын” согушкерлерине жана башка куралчан топторго акча жеткирип турчу”.

"Талибандын" согушкерлери. Иллюстрация
"Талибандын" согушкерлери. Иллюстрация

Ооганстандын жана АКШнын чалгын агенттиктеринин мурдагы кызматкерлери ооган жергесиндеги адамдарды жалдагандан кийин “Тажикстан аркылуу талибдерге курал-жарак жана ок-дары агылганын” Insider басылмасына айтып беришкен.

Булактардын бири коалициянын бир жоокерин өлтүрүү үчүн орто эсеп менен 200 миң доллар төлөнгөнүн маалымдаган.

Басылма ошол программаны ГРУнун НАТО өлкөлөрүндөгү чуулгандуу окуяларга малынган башкармалыгы тескегенин, алардын Ооганстанда кеминде үч түйүнү болгонун, Орусиянын Душанбедеги 201-базасында оперативдүү иш алып барышканын жазды.

Кэтрин Путц андан ары Борбор Азияга байланышкан маалыматка кайрылган.

Журналист мурдагы советтик база Орусиянын чет өлкөдөгү ири базаларынын бири экенин, ал жай СССР ыдырагандан кийин Москванын көзөмөлүндө калганын баяндайт. Анын тажик жергесинде жайгашуу мөөнөтү 2013-жылы 2042-жылга чейин узартылган.

Автор ал жерде ГРУнун бөлүмүнүн иш алып барганы таңкалычтуу эмес деп эсептейт. Insider ачыкка чыгып кеткен маалыматтарга таянып, Алексей Архипов аттуу полковник “ГРУ менен талибдер ортосундагы байланышты ишке ашырып турганын” жазган.

“Архиповдун электрондук почтасындагы каттардын биринде “Тажикстан тараптан жаңы исламчыл өкмөттүн душмандарынын ишмердигине жол бербөө өтүнүчү айтылганын” жазган Insider кеп кошуна өлкөгө качкан оогандык айрым аткаминерлер тууралуу жүрүп жаткан деп чечмелейт.

Журналист АКШнын Дүйшөмбүдөгү элчилигинин маалыматын мисал келтирет. Ага ылайык, “1992-жылдан бери Кошмо Штаттар Тажикстандын коопсуздук тармагына жардам катары 330 миллион доллар берген”.

Экономикалык прогноздор жана реалдуулук

Эл аралык валюта фондунун 6-январдагы отчету Тажикстандын экономикасы жакшы өнүгүп жатканын көрсөттү. Ал эми тажиктердин күнүмдүк жашоосуна жакындан байкоо салганда, элдин турмушу алда канча оор экенин байкаса болот. Ушундай мазмундагы макаланы Eurasianet басылмасы 9-январда чыгарды.

Тажикстандагы база
Тажикстандагы база

Материалда айтылгандай, эл аралык финансылык институт Тажикстандын прогнозун жагымдуу деп баалады: “2025-жылга карай экономикалык өсүш 6,7% жайлайт деп күтүлгөнү менен инфляциянын деңгээли борбордук банк көздөгөн көрсөткүчкө жакын кала берет”.

Баяндаманын авторлору мамлекеттик карызды кыскартуу мүмкүн болорун белгилешет.

Макалада айтылгандай бул прогноз башка эл аралык финансылык уюмдардын божомолдоруна төп келет.

Арийне өлкөнүн макроэкономикалык перспективалары микроэкономикалык реалдуулуктан кыйла айырмаланат. Мисалы 2022-жылы (колдо бар статистика) жан башына орточо киреше дээрлик 864 АКШ долларын түздү. “Бул – Тажикстан Борбор Азиядагы эң кедей өлкөлөрдүн бири бойдон кала бергенин билдирет”, - деп белгилешет макала авторлору.

Андан тышкары бир топ үй-бүлөлөр эмгек мигранттары чет өлкөлөрдөн салган каражаттын эсебинен жан сактайт. Мындай көрүнүш экономиканын абалынан, жумушсуздуктун деңгээлинен кабар берет.

Эл аралык валюта фондунун расмий маалыматына караганда, тажиктердин дээрлик чейреги жакырчылыкта жашайт. Ошол эле маалда өкмөттүн былтыр күзүндө жарыяланган отчетунда күнүмдүк турмушунда экономикалык каатчылыктан андан көп киши жапа чеккенин кыйыткан. Сөз болгон баяндамада жашоо-тиричиликке кеткен чыгым көп үй-бүлөнүн кирешесинен эселеп ашары айтылат.

Андан ары айтылгандай, өткөн жылы жарыяланган докладда Дүйнөлүк банк мамлекеттик компаниялар экономикада чоң роль ойнорун эскерткен. Ал эми Freedom House эл аралык укук коргоо уюму дүйнөдөгү эркиндикке арналган соңку жылдык докладында “Тажикстандагы байлык жана бийлик президент Рахмондун гана үй-бүлөсүнүн колунда топтолгонун” белгилеген.

Макалада калктын калың катмарына пайда алып келчү инфраструктурага инвестиция салуу ордуна бийлик Рогун ГЭСин курууну көздөгөнү, энергия алунуун башка жолдору пайда болгон сайын ал долбоор эскирип баратканы да айтылат.

АКШны Гренландия эмнеси менен кызыктарыт?

Дүйнөдөгү эң ири арал ушу тапта эл аралык медианын бетинен түшпөй, анын келечеги айланасындагы кептер кызуу талкууланып жаткан кез.

Өткөн декабрда АКШнын шайланган президенти Дональд Трамп биринчи президенттик мөөнөтү учурундагы чакырыктарын кайталап, Гренландияны АКШнын курамына алууну көздөгөнүн билдирген.

Гренландия
Гренландия

Өткөн шейшембиде Трамп Даниянын башкаруусундагы аралды же Панаманы сатып алуу маселесинде "экономикалык же аскердик күч колдонууну" жокко чыгаруудан баш тарткан.

CNN 8-январда жазганына караганда, шайланган президент Гренландия өлкөнүн коопсуздугу үчүн маанилүү экенин айтканы менен айрым эксперттер ал аралдын башка аспектилерине, анын ичинде сейрек кездешкен металлдардын кендерине көз арткан болушу мүмкүн деп айтышат. Климаттын өзгөрүүсү менен муз эрип, аларды казып алуу оңой болуп калат деп күтүлүүдө.

CNN арктикалык арал Трампты эмнеси менен кызыктарып жатканын талдап чыкты.

Макалада АКШ жана Европа ортосунда орун алган Гренландиянын уникалдуу географиясы белгиленет. 57 миңдей киши жашаган арал Даниянын колониясы болчу, азыр падышалыктын автономдуу аймагы. Баш калаасы Нук Копенгагенге караганда АКШнын Нью-Йорк шаарына жакыныраак жайгашкан. Демек, арал коопсуздук маселесине келгенде маанилүү.

Трамп Гренландияны сатып алуу идеясын көтөргөн америкалык алгачкы президент эмес. 1867-жылы ал кезедеги мамлекет башчы Эндрю Жонсон Аляска менен кошо Гренландияны да алууну көздөгөн. Экинчи дүйнөлүк согуштун аягында Гарри Трумандын администрациясы Данияга арал үчүн 100 миллион доллар сунуш кылган. Бул тууралуу даниялык медиа биринчи болуп басып чыккан документтерде айтылат.

Бул сунуштардан майнап чыкпай, бирок 1951-жылкы келишимге ылайык, ал жерде ракета чабуулу тууралуу эскерткен система менен жабдылган америкалык база жайгаштырылган. Саясат таануучу Прам Гад Вашингтон “бир да кас державанын Гренландияны көзөмөлдөөсүнө жол бербөөнү көздөйт, себеби ал жер АКШга чабуул коюу үчүн плацдарм болушу мүмкүн”, - деп CNN телеканалына айтты.

Андан тышкары, дагы бир эксперт, Лондондогу университеттин профессору Клаус Доддстун айтымында, арал Трампты бай жаратылыш ресурстары менен кызыктырышы мүмкүн. Кеп мунай, газ менен катар электромобиль, жашыл экономикага өтүүдө маанилүү болгон шамал турбиналарын, аскердик техника чыгарууда керектелген сейрек металлдар тууралуу жүрүүдө.

Учурда андай металлдарды казуу жагынан биринчи орунда Кытай турат. Бээжин Трамптын бийликке кайтып келүүсү алдында маанилүү минералдардын экспортун чектерин эскертти.

Шерине

XS
SM
MD
LG