Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:38

Бейөкмөт уюмдар: талаштуу мыйзам кайра иштелип чыгат


Ак үй. Бишкек.
Ак үй. Бишкек.

Кыргызстанда бейөкмөт уюмдар жөнүндө талаштуу мыйзам долбоорун кайра иштеп чыгуу үчүн жумушчу топ түзүлүп, аны курамына бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү дагы кирди.

Жумушчу топ мыйзам долбоорун 1-июлга чейин даярдап коомдук талкууга алып чыгышы керек. Өткөн жылы ноябрда президенттик администрация сунуштаган долбоор эл аралык жана жергиликтүү уюмдардын сынына кабылган.

Мыйзам долбоорундагы тобокелдиктер

Президенттин сайтында мыйзам долбоорун “жеткире иштеп чыгуу” үчүн жумушчу топ түзүлгөнү жазылды. Мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, топту президент администрациясынын укуктук камсыздоо башкармалыгынын башчысы Мурат Укушов жетектейт. Курамында тийиштүү органдардын жана коомдук фонд, бирикме, бейөкмөт уюмдардын он беш өкүлү кирген.

Алардын бири юрист Таттыбүбү Эргешбаева бейөкмөт уюмдар жөнүндө азыркы мыйзам алардын ишмердүүлүгүн жетишерлик көзөмөлдөп, тескей аларын белгилейт. Эргешбаева президенттин администрациясы демилгелеген долбоордогу демократияга каршы келген сунуштарга токтолду.

“Баш мыйзам жана эл аралык нормаларга дал келбеген демилгелер бар. Аларды токтотуп калуу аракети менен жумушчу топко кирдим. Менин жеке позициям – бул мыйзамдын такыр кереги жок. Биринчиси - “чет өлкөлүк өкмөттүк эмес уюм” деген термин киргизилип жатат. Мунун иштөө принциби Орусиядагы “чет өлкөлүк агент” деген мыйзам менен барабар. Экинчиси - прокуратуранын көзөмөлүн күчөтүү туура эмес. Эсеп-кысап, салык маселесин Салык кызматы жана Социалдык фонд жүргүзөт. Азыр прокуратура жөн эле текшерип келе албайт. Жаңы мыйзам кабыл алынса, бейөкмөт уюмдардын текшерүү он эсе күчөйт. Себеби, алар уюмдун уставына, келишимдерге ылайыктуу иш жүргүзүп жатабы деп текшере берет. Демек, уюмдун ички ишине кийлигише баштайт”, - деди Эргешбаева.

2022-жылы 2-ноябрда Министрлер кабинетинин сайтында “Коммерциялык жана өкмөттүк эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган. Документтин негиздемесинде, мамлекеттин кызыкчылыгын эске алуу менен коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, адеп-ахлакты, калктын саламаттыгын, жарандардын улуттук жана диний ишенимин коргоо үчүн бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу мыйзам учурдун талабы экенин жазылган.

Учурда иштеп жаткан "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" 1999-жылы кабыл алынган мыйзамына 2014, 2016, 2021-жылы өзгөртүү киргизилген.

Эл аралык уюмдардын тынчсыздануусу

Укук коргоочулар, бейөкмөт уюм, жарандык коомдун 40ка жакын өкүлү президент, Жогорку Кеңеш, Министрлер кабинети, Акыйкатчы институтуна кайрылып, бейөкмөт уюмдар жөнүнда сунушталып жаткан мыйзам долбоорлоруна тынчсыздануу билдирген.

Алар президенттик администрациянын сунушу коррупцияга жана бюрократияга жол ачарын, жарандык уюмдарга жасалма тоскоолдук жаратарын жана ал Конституцияга, эл аралык стандарттарга, Кыргызстандын милдеттенмелерине карама-каршы келерин белгилеген.

Эл аралык Human Rights Watch (HRW) уюму кыргыз бийлиги сунуштаган бейөкмөт уюмдар жөнүндө мыйзам долбоору жарандардын эркин чогулуу укугун чектеп, өкмөттүк эмес уюмдарга басымды күчөтөт деген билдирүү тараткан.

19-декабрда Бишкекте өткөн жыйында президенттик администрациянын укуктук камсыздоо башкармалыгынын жетекчиси Мурат Укушев мыйзам долбоорун кайра карап чыгууга даяр экенин билдирген.

"Биринчи варианты келип түшкөн бардык сын пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен кайра иштелип чыгат. Эгер бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү каршы болбосо биз "Бейөкмөт уюмдар жөнүндө" мыйзам долбооруна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү үчүн да жумушчу топ түзүүгө даярбыз", - деди Укушев.

Буга чейин президенттин администрациясы массалык маалымат каражаттары жөнүндө мыйзам долбоорун кайра иштеп чыгуу үчүн жумушчу топ түзгөн.

Топтун айрым мүчөлөрү медиа өкүлдөрүнүн сунуштары эске алынбай калганын айтып чыгышкан. Бейөкмөт уюмдар жөнүндөгү жумушчу топтун дагы бир мүчөсү, "Журналисттер коомдук бирикмесинин" жетекчиси Нурдин Дүйшенбеков бийликтин кожо көрсүн аракети болуп калбайбы деп тынчызданууда.

“ЖМК боюнча түзүлгөн топко окшош экен. Саны, курамы боюнча дагы бийликтен ошол өкүлдөр кирген. Диалогго чакырып жаткандан кийин “келбей коюшту” дебесин деп мүчө болуп кирдик. Мурдагы жумушчу топтогудай сунуштар кабыл алынбай, ошол тажрыйба болуп калабы деген коркунуч бар. Ошондой болсо анда дагы өз позициябызды айтып чыгабыз”, - деди Дүйшенбеков.

Мурдагыдан мураска калган коркунучтуу экинчи мыйзам

Бейөкмөт уюмдар жөнүндө талаштуу дагы бир мыйзам демилгеленген. "Чет элдик тыңчы" мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова иштеп чыгып, өткөн жылы 22-ноябрда коомдук талкууга койгон. “Адилет” укуктук клиникасынын анализине ылайык, Нарматова сунуштап жаткан мыйзам долбоору 98% Орусиянын “Чет элдик агенттер” тууралуу мыйзамынан көчүрүлгөн.

Бул мыйзам долбоорун 2014-жылы ошол кездеги депутататтар Турсунбай Бакир уулу жана Нуркамил Мадалиев менен бирге сунуштаган. Ага чейин Орусия ушундай мыйзамды кабыл алган болчу.

Ал өлкөдө "Чет элдик тыңчы" деп таанылган уюмдарга жана жеке адамдарга бир катар чектөөлөр, талаптарды коёт, аларды аткарбагандар кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

Орус бийлиги акыркы бир нече жылдан бери реестрди активдүү түрдө толуктоодо, анын ичинде негизинен алардын оппоненттери же көз карандысыз жарандык активисттер жана журналисттер бар.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG