Бийлик борбордун пайдасын алга сүрөсө, көз карандысыз эксперттер муну интернетти чектөө аракети катары мүнөздөшүүдө.
Өлкөдөгү интернетти көзөмөлдөй турган Бирдиктүү коммутациялык борборго тажик өкмөтү мамлекеттик бюджеттен 50 миллион доллар бөлдү. Мындан ары коңшу өлкөдөгү бардык байланыш кызматтары дал ушул борбор аркылуу гана ишке ашырылат. Расмийлер коммутациялык борбор улуттук коопсуздукту камсыздоо жана экстремизм, терроризм менен натыйжалуу күрөш жүргүзүү үчүн негизделгенин жүйө келтиришти.
Деген менен көз карандысыз эксперттер бул мекеме аркылуу атайын кызматтар өлкөдөгү бардык байланыш каражаттарын өз колуна алууну көздөп жатат деп эскертишүүдө. Буга кошумча мындай борбор сүйлөшүүлөрдү көзөмөлдөп, интернет траффикти текшерүүгө мүмкүнчүлүк берет дешет адистер.
- Тажикстанда тартип коргоо органдарынын үстүнөн парламенттик же коомдук көзөмөл жок. Мындай жагдай кызматтан кыянат пайдаланууга жол ачат. Атайын кызматтын өкүлдөрү соттун чечими жок эле сиздин телефондук сүйлөшүүлөрдү тыңшап, кайсы бир жол менен Фейсбук же Мэйл.Рудагы почтаңызга кириши мүмкүн,-деди көз карандысыз эксперт Шокиржан Хакимов.
Тажикстандагы интернет провайдерлер биримдиги бул борборду түзүүгө бир гана мамлекеттик “Тажиктелеком” тартылганын маалымдады. Биримдиктин көз карандысыз борбор түзүү сунушу көңүл сыртында калган. Байкоочулардын айтымында, мамлекеттик “Тажиктелеком” провайдери өлкөдөгү алдыңкы беш компанияга кирбейт. Ошол себептен өлкөдөгү байланыштын сапаты да начарлашы мүмкүн. Сөз биримдиктин төрайымы Парвина Ибодовада:
- Бизге бул иш маалыматтык коопсуздук үчүн жасалып жатканын айтып жатышат. Эгер бардык провайдерлерди, бардык мобилдик операторлорду бир түйүнгө байлап койсо, анда кандай пайда жөнүндө сөз кылса болот? Ар кандай кырдаал болушу мүмкүн. Мисалы “Тажиктелекомго” хакердик чабуул жасалса бардыгы жабыркайт. Бүтүндөй өлкө байланышсыз калат.
Коммутациялык борбор иштеп баштагандан бери аз гана убакыт өттү. Андыктан азырынча борбордун пайда-зыянын так айтуу кыйын. Бирок бул борбор өлкөдөгү байланыштын баасын аныктаары белгилүү болууда. Бул мобилдик компаниялар үчүн да, интернет провайдерлер үчүн да жагымсыз жаңылык.
Мындан тышкары Тажикстан сөз эркиндиги чектелген өлкөлөрдүн катарында турат. Буга интернеттеги чектөөлөр кошул-ташыл болбойбу деген түпөйүл ойлор бар.