Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:23

Сирия: эски согуштагы жаңы тирешүү


Сирия жана Иракта аба операцияларын өткөргөн АКШ учактары
Сирия жана Иракта аба операцияларын өткөргөн АКШ учактары

Орусия эл аралык коалициянын учактарын бутага алаарын эскерткенден кийин Австралия Сириядагы аба чабуулдарын убактылуу токтотту. Аймактагы соңку чыңалууга АКШнын Сириянын аскердик учагын атып түшүргөнү себеп болду.

Үч жылдан бери Сирия жана Ирактагы “Ислам мамлекети” тобуна абадан сокку уруп келген эл аралык коалициянын мүчөсү Австралия Орусиянын эскертүүсүн көз жаздымда калтырбоону чечти. Өлкөнүн коргоо министрлиги Сириядагы аба чабуулдары убактылуу токтотулганын, Ирактагы операциялар болсо улана берерин кабарлады.

Жекшембиде эл аралык коалициянын курамындагы АКШ учактары Ракка провинциясында Сирия өкмөтүнүн СУ-22 учагын атып түшүргөн. Коалиция бул учак согушкерлерге каршы күрөшкөн өнөктөштөрүнө - Сириянын демократиялык күчтөрүнө коркунуч жаратты деген жүйөнү келтирген.

Ал күчтөрдү “террорчу” деп эсептеген Сирия өкмөтү АКШнын соңку аракетин кескин айыптап чыккан. Президент Башар Асадды колдогон Орусия болсо Сириянын аба мейкиндигиндеги инциденттерди алдын алуу боюнча АКШ менен кызматташууну токтотоорун, мындан ары эл аралык коалициянын Сириядагы учактары бутага алынышы керек болгон объект катары каралаарын кабарлаган.

Ракка провинциясы
Ракка провинциясы

Мындай эскертүүгө карабастан Американын башкы кол башчысы - штаб башчыларынын бирдиктүү комитетинин жетекчиси генерал Жозеф Данфорд АКШнын Сириядагы учактарына коркунуч жаралбайт деп ишендирүүдө:

- Инцидент болду. Андан өтүшүбүз керек. Аны ишке ашыруу үчүн бизде каналдар бар. Асмандагы калгылышууларды алдын алуу боюнча кызматташтыкты калыбына келтирүү үчүн дипломатиялык жана аскердик сүйлөшүүлөр керек деп ойлойм. Кагылышты алдын алуу – биздин орток кызыкчылыгыбыз. Бул – бирдиктүү душманга – “Ислам мамлекети” тобуна каршы күрөшүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Орусия ушуну менен экинчи жолу Сириядагы аба жаңжалдарды алдын алуу багытында АКШ менен кызматташпай турганын билдирип олтурат. Биринчи эскертүү 7-апрелде АКШ ракеталары Сириядагы аба базага сокку урганда жасалган. Бирок андан кийин эки өлкөнүн армияларынын байланышы токтоп калган эмес.

Батыш басылмалары соңку чыңалуу Сирияда өзгөрүп жаткан кырдаалдан кабар бербейби деп суроо салышууда. Маселен, CNN, “Ассошиейтед Пресс” өңдүү медиа каражаттар Сирияда “Ислам мамлекети” тобу алсырап баратканына, согушкерлер ээлеп келген аймактар үчүн атаандаштык күчөгөнүнө көңүл бурушту.

Алеппо шаары
Алеппо шаары

Алар АКШ колдогон Сириянын демократиялык күчтөрү да, Орусия колдогон президент Башар Асаддын армиясы да Ракка шаарын согушкерлерден бошотуу аракетин көрүп жатканын, Сирия учагы бул себептен эл аралык коалициянын өнөктөштөрүн бутага алган болушу мүмкүндүгүн жазышты.

Айтылгандай эле, Сириянын демократиялык күчтөрү “Ислам мамлекети” тобунун административдик борбору саналган Ракка шаарына жакын калганы белгилүү болду:

- Алты жылдан кийин биз бул аймакты бошотуп жатабыз. Үй-бүлөлөргө акыйкатсыздыктан жана караңгылыктан кутулуу үчүн жардам беребиз. Шаардын ичиндеги жаштар аймакты эркиндикке чыгаруу үчүн Сириянын демократиялык күчтөрүнө кошулат деп үмүттөнөм,-деди басымдуу бөлүгүн күрттөр түзгөн топтун жоокери Абу Салех Хиндави.

Иран ракеталары Сириядагы согушкерлердин позицияларын бутага алганын билдирүүдө.
Иран ракеталары Сириядагы согушкерлердин позицияларын бутага алганын билдирүүдө.

Сирияда таасир үчүн атаандаштыктын жаңы толкуну башталдыбы деген жоромолдорго Ирандын соңку кадамы да себепчи болду. Ирандын Революция сакчыларынын корпусу Сириянын чыгышындагы Дейр-эз-Зор шаарынын айланасындагы террорчул топторго жекшембиде бир нече жолу ракетадан сокку урду. Иран армиясы бул аймакты 7-июнда Тегеранда болгон кол салууга тиешеси бар делген "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун согушкерлеринин базасы деп мүнөздөп жатат.

Бирок Батыш аналитиктери ондогон жылдардан бери аба чабуулдарынан карманып келген Иран эмне үчүн бул кадамга барды деп суроо салышууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG