Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Декабрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:38

Лондон Кыргызстандагы дагы бир компанияга санкция салды


Британия Украинага каршы согушта Орусия бийлигин каржылаган же ага жардам берген орусиялык жарандарга жана компанияларга карата салынган санкцияларды дагы кеңейтти. Андан тышкары Орусия менен кызматташып, санкцияларды айланып өтүүгө көмөк көрсөткөн үчүнчү өлкөлөрдүн компаниялары жана жарандары да "кара тизмеге" кошулду. Бул жолу ага Кыргызстандан Kifiko деген компания туш болду.

Британ өкмөтүнүн сайтында жарыяланган документке ылайык, Kifiko LLС Орусияга киргизилген санкцияларды айланып өтүү үчүн ири көлөмдөгү рубль жана чет элдик валюталарды өткөрүү схемаларына катышкан деп шектелүүдө.

Radio Moldova сайты жүргүзгөн иликтөөдө Кыргызстандагы бул компаниянын Молдовада сыртынан 15 жылга эркинен ажыратылган, издөөдө жүргөн олигарх Илан Шорго байланышы бар экени белгиленет.

Буга чейин Британия Кыргызстандагы “Капитал банкка” жана анын директору Кантемир Чалбаевге санкция киргизген. Лондон Орусия бул банкты аскердик товарларды сатып алууга пайдаланганын жана бул үчүн криптобиржа да колдонулганын билдирген.

Кыргызcтанда ачылганы айтылган Grinex аттуу криптобиржа да Британиянын санкциясына илинген. Анын да Шор менен байланышы бар экени маалым болгон.

Кыргызстандын президент Садыр Жапаров буга чейин Батыш Кыргызстандын банктарына негизсиз санкция салганын айтып сындаган. Ал санкцияларды экономикасы өнүгүп жаткан Кыргызстанга басым, ички иштерине кийлигишүү деп атаган.

Былтыр октябрда ошол кездеги экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Кыргызстан эл аралык санкцияга илинген товарларды киргизбей, өз милдетин аткарып жатканын билдирген.

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев расмий Бишкек Украинадагы согушка байланыштуу АКШ жана Европа өлкөлөрү Орусияга салган экономикалык санкцияларды сактоого даяр экенин айткан.

Британия 18-декабрда жарыялаган санкциялык тизмеге Өзбекстандан пахта целлюлозасын өндүрүү менен алектенген төрт компанияны жана Бириккен Араб Эмираттарынан беш ишкананы кошту.

Ошондой эле Орусиянын бир катар мунай компаниялары бар. Андан сырткары Өзбекстандын жараны Рустам Муминов (Фергана химия заводу), Пакистан жана Канаданын жараны Муртаза Али Лахани (Fossil Trading жана Tejarinaft компанияларына тиешеси бар), ошондой эле Азербайжандын жараны Чингиз Алиевге да санкциялар киргизилди.

Шерине

XS
SM
MD
LG