Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Декабрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:16

Орусия менен АКШнын делегациялары Маямиде жолугары кабарланды


АКШ менен Орусиянын делегациялары Москвада жолугуп жатышат. 2-декабрь, 2025-жыл.
АКШ менен Орусиянын делегациялары Москвада жолугуп жатышат. 2-декабрь, 2025-жыл.

Орусиянын делегациясы 20–21-декабрь күндөрү Майамиде АКШ өкүлдөрү менен жолугуп, орус-украин согушун жөнгө салуу маселесин талкуулайт. Бул тууралуу Politico жана Axios басылмалары өз булактарына таянып кабарлашты. Жолугушууда Вашингтон Москвага Украина жана Европа менен болгон сүйлөшүүлөрдүн акыркы айлампасынын жыйынтыктарын сунуштайт.

Орусия тараптан сүйлөшүүгө президенттин атайын өкүлү Кирилл Дмитриев катышары күтүлүүдө. АКШ делегациясын Ак үйдүн чабарманы Стив Уиткофф жетектейт, анын курамында президент Дональд Трамптын кеңешчиси жана күйөө баласы Жаред Кушнер да болот.

Орусия менен сүйлөшүүлөрдүн алдында америкалык тарап Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин катчысы Рустем Умеров менен жолугушууну пландап жатат.

Politico басылмасынын маалыматына ылайык, Ак үйдө Кремл Украина үчүн Батыштын коопсуздук кепилдиктерине жана анын Евробиримдикке мүчө болушуна макул болушу мүмкүн деп эсептешет. АКШнын расмий өкүлдөрү Москва НАТО уставынын бешинчи беренесине окшош кепилдик моделин кабыл алышы ыктымал деп болжолдошууда. Бул берене альянстын бир мүчөсүнө кол салуу баарына жасалган чабуул катары караларын билдирет.

Акыркы эки жумада европалык лидерлер фронт сызыгы боюнча демилитаризацияланган аймак түзүү, ок атышпоо режимин көзөмөлдөө үчүн европалык аскерлерди жайгаштыруу, ошондой эле байкоо жүргүзүү максатында авиация жана учкучсуз аппараттарды колдонуу маселелерин талкуулашты. Айрым бөлүктөр Батыш Украинанын аймагына “украин аскердик күчтөрүн калыбына келтирүүгө көмөк көрсөтүү үчүн” жайгаштырылышы мүмкүн.

Украина менен Батыш өлкөлөрүнүн акыркы сүйлөшүү айлампасы 14–15-декабрда Берлинде өтүп, ага АКШ өкүлдөрү, европалык саясатчылар жана НАТОнун баш катчысы Марк Рютте катышкан. Маалымат каражаттары тараптар пикир келишпестиктердин 90 пайызын жөнгө салганын, бирок аймактык маселе чечилбай калганын жазышкан.

"Алар биз Донбасстан чыгып кетишибизди каалашат. Бул алардын позициясы, ачык айтылып келет. Биздин да ачык позициябыз бар. Биз мындай кадамдарга барууга даяр эмеспиз, ошондуктан АКШ компромисс издеп жатат", — деп билдирген Украинанын президенти Владимир Зеленский.

Буга чейин Украинанын лидери Донбасстагы аймактар боюнча чечим элдик референдум аркылуу кабыл алынышы мүмкүн экенин айткан. Ошол эле учурда Киев Орусиянын аскерлерин алар көзөмөлдөп турган Харьков, Сумы жана Днепропетровск облустарынын аймактарынан чыгарып кетүүнү талап кылууда.

Кремл болсо Донбасс аймагы "Орусияга таандык экенин" айтып келет.

Уиткофф менен Кушнердин Орусия тарап менен болгон мурунку жолугушуусу 2-декабрда Москвада өтүп, болжол менен беш саатка созулган.

Анда Орусия президентинин жардамчысы Юрий Ушаков “компромисстик вариант табылбаганын" айткан.

Шерине

XS
SM
MD
LG