Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:16

Сирия: орус базасы минометтон аткыланды


"Хмеймим" аскер-аба базасындагы согуштук учак.
"Хмеймим" аскер-аба базасындагы согуштук учак.

Сириянын Латакия провинциясында жайгашкан “Хмеймим” орус аба базасына 31-декабрда чабуул коюлган. Орусиянын Коргоо министрлиги бул минометтук чабуулда эки аскери өлгөнүн ырастады. Министрлик чабуул койгондорду жоочулардын "мобилдик диверсиялык тобу" деп атады. Бирок ал кайсы топ экенин тактаган жок.

Ошол эле учурда министрлик "Коммерсанттын" чабуулда жети аскер учагы жок кылынганы тууралуу маалыматын четке какты.

Сириядагы "Хмеймим" аскер-аба базасы. 16-декабрь, 2015-жыл.
Сириядагы "Хмеймим" аскер-аба базасы. 16-декабрь, 2015-жыл.

3-январда "КоммерсантЪ" аскердик жана дипломатиялык булактарына таянып, радикал жихадчылардын соккусунан Хмеймимде кеминде он жоокер жарадар болуп, төрт Су-24 бомбалоочу учагы, эки Су-35С атуучу учагы жана бир Ан-72 аскер транспорттук учагы керектен чыкканын кабарлаган.

Хмеймимдеги орус аба базасына коюлган чабуулду орус аскерлери Сирияга киргенден берки эң күчтүү сокку десе болот. Мурунтан Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу Орусиянын абадан коргонуу системасында кынтык жок экенин айтып, Сириядагы “аскер базалары ишенимдүү корголгон” деп ишендирип келген.

Орусиянын «Панцирь-С1» аттуу зенит-ракета комплекси Сирияда 54 снарядды талкалап, 16 дронду - учкучсуз башкаруудагы учакты кыйратканы маалымдалган. Акыркы жолу 28-декабрда «Панцирь-С1» зенит-ракета комплекси "Хмеймим" аба базасына карай атылган террористтердин эки ракетасын Жабла шаарында атып түшүргөнү дагы айтылган.

Сергей Шойгу.
Сергей Шойгу.

- Орусиянын зенит-ракета жана замбирек комплекстери Сириянын мейкиндигинде биздин аба-космостук күчтөрүбүздүн толук артыкчылыгын камсыз кылды, - деген Шойгу.

Орусиянын Коргоо министрлиги 31-декабрда Сириядагы Хама шаарына жакын жерде Ми-24 орус аскер учагынын кулап түшүп, анын бортундагы эки учкучтун каза болушун да “техника бузулган” деп түшүндүргөн.

Сириядагы Орусиянын аскер-аба базаларына кол салуу расмий Москва өзүнүн аскер күчтөрүнүн Сириядагы террорчулар менен күрөшү “ийгиликтүү бүткөнүн” жарыялап жаткан убакка туш келди.

12-декабрда орус президенти Владимир Путин "Хмеймим" базасына күтүүсүз барып, “Ислам мамлекети” террордук тобу талкаланганын айткан болчу:

Владимир Путин.
Владимир Путин.

- Сирия – суверендүү, эгемен мамлекет катары сакталып калды. Качкындар үйлөрүнө кайтып жатышат. Саясий туруктуулукту сактоого шарттар түзүлдү. Эл аралык келишимдерге ылайык, Сирияда касташкан тараптарды элдештирүү боюнча Орусиянын борбору иштеп жатат. Тартус менен Хмеймимде түзүлгөн орус базалары туруктуу негизде иштей берет. Эгерде террорчулар кайрадан баш көтөрсө, биз алар элестете албагандай сокку урабыз. Эки жарым жылда Орусиянын аскердик күчтөрү жана Сириянын аскерлери эл аралык террорчулардын тобун талкалады.

Путин ошондой эле орус күчтөрүнүн орчундуу бөлүгү Сириядан чыгарылып кетерин да айткан болчу. Бирок, ошол эле декабрдын аягында Владимир Путин Сириянын Тартус портундагы орус базасын кеңейтүү боюнча келишимди ратификациялаган мыйзамга кол койгон. Бул келишим, тескерисинче, Тартустагы жана "Хмеймим" аба базасындагы Орусиянын аскер күчтөрүн көбөйтөт.

Батыш лидерлери башынан эле Орусияны "Сирияда радикал жоочуларга каршы эмес, Асадды бийликтен кетирүүнү каалаган көтөрүлүшчүлөргө каршы согушуп жатат" деп сындап жүрүшөт. АКШ Орусиянын Сириядан аскерлерин чыгарарына ишенбей тургандыгын дароо эле билдирген. Пентагондун басма сөз өкүлү Эдриан Ранкайн-Галлоуэй Орусиянын буга чейинки жарыяларынан кийин деле Сириядагы орус аскерлери анча азайбаганын эске салган.

Ал эми Путиндин Орусия менен Сириянын күчтөрү “урушка эң жөндөмдүү эл аралык террорчу топту талкалады” деген сөзүнө байланыштуу АКШнын Улуттук коопсуздук боюнча кеңешинин өкүлү “Орусиянын “Ислам мамлекети” тобу жеңилгени жөнүндө билдирүүсү азырынча эртелик кылат” деп комментарий берген.

Башар Асад, Владимир Путин жана Сергей Шойгу "Хмеймим" аскер-аба базасында. 11-декабрь, 2017-жыл.
Башар Асад, Владимир Путин жана Сергей Шойгу "Хмеймим" аскер-аба базасында. 11-декабрь, 2017-жыл.

Орусия Сириянын президенти Башар Асадды согуш башталгандан тартып дээрлик жети жылдан бери ырааттуу колдоп келет. Москва Асаддын күчтөрүнө көмөк көрсөтүү максатында 2015-жылдын сентябрь айынан тартып Сириянын аймагында абадан да сокку ура баштаган. Абадан сокку уруш үчүн көбүнесе "Хмеймим" базасы колдонулуп келген.

Сириядагы аскердик операцияларга 48 миңдей орус аскери катышканын, алардын ичинен 40тай аскери каза болгонун орус бийлиги расмий билдирген. Ал эми эл аралык "Reuters" агенттиги былтыр августта жарыялаган иликтөөсүндө эки жыл ичинде Орусия Сирияда 76 аскерин жоготкону жазылган. Андан бери каза болгондор көбөйүп, жалданма жоочулардын саны, алардын ичинен каза тапкандар белгисиз бойдон калып жатканы белгиленген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG