Быйыл Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин 100 жылдык мааракеси. 13-апрель - туулган күнү. Аны эгемендик жылдары төрөлүп өскөн муун жакшы биле бербейт. Кыргызстан эгемендик алгандан кийин Экинчи дүйнөлүк согуш темасын изилдөө, тарыхты тактоо маселеси кандай жүрдү? Бул тема кийинки муундагы окумуштууларды кызыктырабы?
Азыркы тапта Украинадагы согушка байланыштуу “агрессия”, “нацизм”, “баскынчылык” сыяктуу түшүнүктөр кайрадан актуалдашып жатканда адамзат башынан кечирген алаамат согуштардын сабагын кандай окутуп жатабыз? Бул суроолорду белгилүү окумуштуу, тарых илимдеринин доктору, профессор Байболот Абытов менен талкууладык.
- 13-апрель - кыргыздын баатыр уулу Чолпонбай Түлөбердиевдин туулган күнү экен. Бул дата жалпы эле Экинчи дүйнөлүк согуштун изилдениши боюнча сөз кылууга шылтоо болуп турат. Байболот мырза, Түлөбердиевдин жоокердик тагдырына байланышкан жаңы изилдөөлөр барбы?
- Чынында абдан туура суроону көтөрүп жатасыз. Азыркы кезде Экинчи дүйнөлүк согушту жаңыча иликтеген эмгектер аз. Сиз айтып жаткан маселеде дагы тактай турган жагдайлар бар. Мурдагы советтик идеологияда Түлөбердиев Александр Матросовдун эрдигин кайталаганы айтылган. Эгемендик жылдарга чейин Чолпонбай Түлөбердиев биринчи болгон дегенге мүмкүнчүлүк жок эле. Тарыхый маалыматтарда, Түлөбердиев менен Матросовдун эрдигин кайталаган 402 учур катталган. 402 адам фашисттердин ДЗОТун, пулемёт точкаларын өзүнүн денеси менен жапкан. Ошолордун ичинен 18и тирүү калган. Матросовго чейин 45 офицер, жоокерлер кудум ушул эрдикти жасаган.
Эң биринчи мындай эрдикти көрсөткөн танкалык полктун офицери Александр Панкратов деген (1941-жылы августта) болгон. Бирок Александр Матросов биринчи ушул эрдикке барган баатыр катары айтылып келди. Анын эрдиги Чолпонбай Түлөбердиевден алты ай, жыйырма күндөн кийин жасалган. Муну биз эгемендик жылдардан кийин гана айта алдык. Мунун баары идеологиялык себептен. Ал доордо “Улуу орус элинин өкүлү” деген түшүнүк бар эле да. Бирок Панкратовдун эрдиги деле көз жаздымда калып жатпайбы деген суроо болушу мүмкүн. Менин жеке пикиримде, ошол 1941-жылдардагы кырдаалда мындай эрдиктерди даңазалоого мүмкүнчүлүк болгон эмес. Бул темаларда дагы тактай турган маселелер арбын. Керек болсо, акыркы учурда көп өлкөлөрдө, айрыкча Европа өлкөлөрүндө Экинчи дүйнөлүк согушка болгон көз караш таптакыр башка өңүттө карала баштаганын белгилей кетүү керек.
Аудиосун бул жерден угуңуз:
- Экинчи дүйнөлүк согушту окутуу, изилдөөдө эмне жагдайлар эске алынышы керек?
- Кандай гана элдин, кандай гана мамлекеттин мектептери болбосун биринчи кезекте согуштун себептерин, кесепетин, сабактарын, анын келип чыгышына түрткү болгон жагдайларды алдыңкы орунга коюш керек. Азыр сиз туура эле белгилеп жатасыз, биздеги мектеп, ЖОЖдордогу окуу куралдарынын көпчүлүгүндө совет доорунан калган мурастарыбыз окутулуп жатат. Анча-мынча жаңыланып, толукталган маалыматтар бар. Үсөналы Чотоновдун, Өскөн Осмоновдун окуу китептеринде, анан жакында көзү өткөн Нарынбек Алымкуловдун илимий эмгектери аркылуу толукталып турду. Бир топ жаңы көз караштар бар. Дагы да болсо, мындан жакшыраак алып кетсе болот эле. Бүгүнкү күнгө чейин Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда - 1939-жылдан 1941-жылга чейинки аралыкта Кыргызстандан аскерге чакырылгандардын санын тактай албай жүрөбүз.
- Кийинки учурларда Экинчи дүйнөлүк согуштагы туткундардын тагдыры боюнча дагы социалдык тармактарда маалыматтар жарыяланып жүрөт. Менимче, өз алдынча кызыккан эле кишилердин жеке аракеттери менен чыгып жатат окшойт. Бул абдан актуалдуу тема. Окумуштуу иликтөөчүлөр арасында кызыгуу барбы?
- Туура айтасыз, тема абдан актуалдуу, өтө көйгөйлүү маселе. Кептин баары мында, архив каяктыкы? Бул Германиянын архиви, ошол концлагерлер жайгашкан европалык мамлекеттердин архиви. Ошол эле Чехия, Польша, Румыния, Болгария, Франция, Голландияга чейин жеткен аскер туткундары бар. Алардын архивине ошол өлкөнүн уруксаты менен гана кирүү керек. Андай мүмкүнчүлүк биздин кыргыз окумуштууларында жок. Анан сиз айтып жаткан кээ бир туткундар жөнүндө маалыматтар Фейсбукта, интернет булактарына чыгып жатпайбы. Алар өздөрүнүн жеке демилгеси менен эрудированный кишилердин аракети менен жүрүүдө. Бул саналуу гана үч-төрт адамдын иши болуп жатат. Абдан жакшы жумушту кылып жатышат.
Азыр сейрек болсо дагы көп кишилер “чоң атам экен”, “таятам экен” деп таап алгандар чыгып жатат. Немистердин кайсыл гана концлагеринде болбосун, туткундардын колуна тийген документинен аты-жөнүн, каерден келгенин өздөрүнө тиешелүү педанттык менен так, ачык жазып калтырышкан экен.
Жеке эрудиция менен изилдеп жаткан адамдар жарыя кылган архивдерден мен деле чоң атамдын бир тууган инисинин маалыматын таптым. Ал 1941-жылдан бери дайынсыз эле, былтыр ошол киши тууралуу маалыматты алдык. Акыркы жолу Сталинградга барып, салгылашка кирип, ошол бойдон изи жоголгонун билдик. Бирок кандай шартта курман болгону, кийинки тагдыры белгисиз. Экинчи бир маселе, биз ар кандай сайттар аркылуу издегенде азыркы кыргыз тилинин грамматикасы менен жазып, издеп эле, таппай жүрөбүз. Көптөгөн ысымдар өзгөрүп калган. Жазып жаткан жооптуу адамдар кулагына кандай укса, ошондой жазып койгон учурлар көп. Фамилия өзгөрүп калып, киши дайынсыз боло берген.
- Экинчи дүйнөлүк согуштун башында көптөгөн советтик аскер бөлүктөрү курчоодо калып, туткундалганы тууралуу маалыматтар көп ачыкка чыкты. Биздин чөлкөмгө тиешелүү “Түркстан легиону” тууралуу кандай изилдөөлөр жүрдү же кандай өңүттө изилдениши зарыл?
- “Түркстан легиону” боюнча дагы бирдиктүү пикирлер жок. Силердин “Азатыкка” чыкты беле, “Беталма” деген каймана ат менен бир кыргыз 1943-жылы "Манасты" Берлинде китеп кылып чыгарган деп. Туткундалып, "Түркстан легионуна" кошулган “Беталма” - Алмамбет деген киши согушка чейин юстиция минстринин орун басары болгон деген маалыматтар бар.
Легиондогу кыргыздар - изилдене турган тема. Биз бүгүнкү күнгө чейин “Түркстан легионунда” канча кыргыз болгонун билбейбиз. Бул жабык тема болуп келгенин билесиз. Советтик идеологияда аскер туткундары болгон эмес деген түшүнүк болуп, аларды душман катары эсептеген. Туткундан аман келгени деле жоопко тартылып, 10-25 жылга чейин камалып чыккан.
- Мына азыр XXI кылымда “агрессия”, “нацизм”, “баскынчылык”, “согуш” деген түшүнүктөр кайра актуалдашты. Биздин жаш муундагы окумуштуулар арасында Дүйнөлүк согуштарды иликтөөгө кызыккандар барбы же өтүмдүү тема болбой калдыбы? Жаш муун дегенде – эгемендик жылдары төрөлүп, торолгондорду айтып жатам.
- Күтүүсүз суроо, албетте. Эгемендиктин башаты деген 1990-жыл. Ошол жылы туулган балдар азыр отуздан ашты. Булар калыптанып, алдыңкылары министрликтерге орун басар болуп, ар кандай мамлекеттик кызматтарды аркалап калды. Ал эми илимге келсек, ушул Экинчи дүйнөлүк согуш темасын жаңыча көз караш менен иликтейм деген жаш адисти жолуктура элекмин. Мунун баары азыркы жаштардын Экинчи дүйнөлүк согуштагы маселелерден кабардар эмес экени, билбегени.
Экинчи жагы, азыр силерде, журналисттерде мүмкүнчүлүк көп. Мисалы, немистердин концлагерлеринде болгон кыргыздардын тагдыры, кимдер иликтеп жатканы тууралуу иликтеп, тактоо мүмкүнчүлүгүңөр бар. 2009-жылдан бери Экинчи дүйнөлүк согушка мамиле такыр башка өңүттө каралууда. Болтурбай койсо болот беле деген суроо коюлуп жатат. Изилдейм деген жаш окумуштуу болсо, маалымат толтура.