Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:48

Азиада: кыргыз спортчуларында төрт байге


Түштүк Корея -- кыргызстандык балбан Магомед Мусаев 97 кг. салмакта финалда Иран балбаны Реза Йаздани менен күрөшүүдө. 29-сентябрь, 2014
Түштүк Корея -- кыргызстандык балбан Магомед Мусаев 97 кг. салмакта финалда Иран балбаны Реза Йаздани менен күрөшүүдө. 29-сентябрь, 2014

Түштүк Кореяда уланып жаткан 17-Азия оюндарынын алкагында бүгүн 32 топтом медал ойнотулду. Эркин күрөш, байдарка жана каноеде жарышуу, бокс, жеңил атлетика өңдүү оюндарга катышкан кыргызстандык спортчулар бул ирет байгеге илинбей калды. Буга чейинки оюндарда кыргызстандыктар 2 күмүш, 2 коло байгеге татыган.

Ошентип узаган жуманын соңу кыргыз спортчуларына ийгиликтүү болуп, төрт медал утуп алды.

Велоспортчу Евгений Ваккер менен эркин күрөш балбаны Магомед Мусаев күмүш алса, эркин күрөшчү Эламан Догдурбек уулу менен кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова коло байгенин ээси болду.

55 кг. салмакта күч сынашууга чыккан балбан кыз Айсулуу Тыныбекова “Азаттыкка” жеңишке жетүү жеңил болбогонун айтты:

- Буга чейин 58 жана 60 кг. чейинки салмактарда күрөшүп келгем. Бул Азия оюндарында ал салмактарда медал ойнотулбай калгандыктан, 55 кг. салмакка чыгуу үчүн 5 кг.салмак кууп, бир топ кыйналдым. Ошондуктан мурдагыдай күч-кубат менен күрөшө албай калдым. Ошондой болсо да жок дегенде коло байге алам деген максатым бар эле. Байгеге ээ болгонума абдан кубанычтамын.

Велоспортчу Евгений Ваккерди кыргызстандык спортчулар жол баштоочу деп коюшат. Бул тууралуу Улуттук Олимпиада комитетинин президенти Мурат Саралиновду угалы:

- Азия оюндарына мен быйыл 5-жолу катышуудамын. Негизи Ваккер байге алуу жагынан дайыма жол баштоочу болуп берет. Эл аралык деңгээлде тажрыйбасы көп спортчулар жакшы натыйжа алып келет. Бул сапар дагы ошондой болду.

Ваккер ушуну менен Азия оюндарындагы алтынчы байгеге ээ болду. Ал 1994-жылдан бери бул оюнга катышып 5 жолу күмүш, 1 жолу коло байге тагынган Кыргызстандагы жалгыз спортчу болуп саналат.

Оюн башталгандан бери мекендештерибиз ушу, дзюдо, кылыч чабышуу, футбол, сууда сүзүү, оор атлетика, жаа атуу, бутага атуу боюнча мелдештерин жыйынтыкташып, байгеге ээ боло алышкан эмес. Дүйшөмбү күнкү оюнда дагы байдарка жана каноеден жарышууда Руслан Молтаев, Александр Пароль, Игорь Дорофеев, эркин күрөштөн Улан Надырбек уулу, Иннокентий Иннокентьев, Айаал Лазарев, бокс боюнча Азамат Каныбек уулу мелдештерден четтешти. Буга чейин боксчулар Эркин Болотбек уулу, Сергей Паренко Акжол Сулайманбек уулу байге үчүн күч сынашууларын токтотушкан.

Дене-тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кадырбек Эргешов спортчулар даярдыгына жараша орундарга ээ болууда дейт:

- Спортчуларыбыз жолу болбой калышына себеп көп. Учурда оюндардын жүрүшүнө күбө болуп, өзүм анализ кылуудамын. Спортчулар даярдыгына жараша орундарга ээ болушту. Мелдештер бүткөндөн кийин жыйынтык чыгарып, толук маалымат беребиз. Буюрса алдыда грек-рим күрөшү, бокс, заманбап спорттун 5 түрү боюнча таймаштарда дагы байгеге ээ болобуз деген үмүт бар.

Кыргыз өкмөтү Азиадада алтын медал алган спортчуга 1 млн. 250 сом, күмүш медал үчүн 750 миң сом, ал эми коло медал уткандарга 500 миң сом байге сайган.

Инчхон шаарында өтүп жаткан Азиадага спорттун 21 түрүнөн 115 кыргызстандык спортчу катышууда. Алдыда кыргыз спортчулары катыша турган грек-рим күрөшү, көркөм гимнастика, бокс, жеңил атлетика, таэквондо, карате-до жана заманбап спорттун 5 түрү боюнча мелдештер бар. 19-сентябрда башталган 17-Азия оюндары 4-октябрга чейин уланат.

  • 16x9 Image

    Эмилбек Чекиров

    2009-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин агрономия факультетин аяктаган. 2007-жылы УТРКнын алдындагы “ТВ Академия” эксперименталдык чыгармачылык борборунан оператор- режиссер курсун бүткөн.

XS
SM
MD
LG