Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:47

"Сомду киргизүүнү Орусияга, кошуналарга айткан эмеспиз"


“Сомду киргизүүнү Орусияга, кошуналарга айткан эмеспиз”
please wait

No media source currently available

0:00 0:51:09 0:00

“Бийлик сырлары” берүүбүздүн бул жолку коногу Кыргыз Республикасынын мурдагы премьер-министри Турсунбек Чынгышев болду. Ал кыргыз валютасы – сом кандай жагдайда, кандай зарылчылыктан улам жүгүртүүгө киргизилген, ага Орусиянын, кошуна мамлекеттердин мамилеси кандай болгон, кайсы жерде басылган, улуттук акча кантип жасалгаланган, экономиканы турукташтырууга кандай өбөлгө түзгөн ж.б. суроолорго жооп берген.

- Турсунбек Чынгышевич, сиз 1993-жылы Кыргызстандын өкмөт башчысы катары улуттук валюта – кыргыз сомун киргизүү комиссиясын жетектеген экенсиз. Кыргыз сомун жүгүртүүгө киргизүү идеясы кимден чыккан, кандай зарылчылык ага түрткү болгон?

- 1991-жылы 8-декабрда Орусия, Украина, Беларус мамлекеттеринин башчылары чогулуп, СССР деген мамлекеттен чыгуу жөнүндө келишимге кол койгону баарыбызга белгилүү. Бул окуяны эч ким болжолдоп, күткөн эмес. Ошондон баштап мурдатан түзүлгөн экономикалык байланыштар үзүлө баштады. Каржылык, банктык акча жүгүртүүлөр үзгүлтүккө учурап жатты.

Чарбалык, соода-сатык ж.б. алакалар начарлап кетти. Ошол мезгилде баарыбызды бириктирген нерсе – жалпы акчабыз орус рубли эле. Ага карабай инфляция күчөдү, баа өсүп, акчанын куну кете баштады. Орусия бизге мурда бекер берип жаткан рубль купюраларын эми насыя (кредит) катары беребиз, деген талаптарды коё баштады. Эгер Орусияга көнсөк, анда Кыргызстанга дагы кыйын болмок. Ошондой учурда экономиканы сактап калуунун жалгыз жолу – улуттук валютаны киргизүү болуп калды. Ошондон улам кыргыз өкмөтү 1992-жылдын башынан эле сомду киргизүү боюнча ишти баштаганбыз. Атайын чоң комиссия түзүлдү, элге жарыя айтылган жок, чет өлкөлөргө да маалымат берилген жок, иштин баары жабык улантылып жатты.

- Даярдыктар бүтүп калгандан кийин “сомду киргизип жатабыз” деп Орусияга биринчи кабар берилсе керек. Ал кездеги президент Ельциндин реакциясы, позициясы кандай болду?

- Сомду киргизип жатканда Орусия менен, башка өлкөлөр менен да кеңешкен жокпуз. Айтканда деле туура эмес болуп калмак. Мен кийин эл аралык каржы уюмдарынын консультативдик кеңешмесине барганда дагы “силер улуттук валютаны киргизесиңерби?” деп сурашты. Мен так кесе жооп айткан жокмун, “караштырабыз” деп гана койдум. Бирок СССРге кирген мурдагы республикалар “рубль аймагынан чыкпайбыз” дегендери менен баары эле улуттук валюталарын киргизүү боюнча даярдыктарды тымызын жасап жүрүшкөнүн биз билчүбүз.

- Сиз башкарган өкмөттүн сомду киргизүү боюнча демилгесин, ал учурдагы саясий элитанын, Жогорку Кеңештин позициясы, көз карашы кандай болгон?

- 1993-жылдын апрелинде Жогорку Кеңеш өкмөттүн отчетун укту. Мен доклад жасап, өлкөдөгү экономикалык абал, жасала турган реформалар жөнүндө айтып бердим. Сөзүмдүн аягында улуттук валюта – сомду киргизүүнүн зарылдыгы жөнүндө өкмөттүн позициясын айттым. Менден кийин Улуттук банктын төрагасы Кемелбек Нанаев, андан кийин жыйынтыктоо сөзү менен президент Аскар Акаев чыгып сүйлөдү. Парламент депутаттары, уккан элдин баары уу-дуу болуп эле жатып калды. Анткени сом жөнүндө ачык сөз ошондо биринчи айтылган. Ошондо аттуу-баштуу эки аксакалыбыз чыгып, “сомду киргизсек кыйроо болот, биз рубль менен өмүр бою болобуз, чыкпашыбыз керек” деп бизге каршы сүйлөштү.

- Алар кимдер айта аласызбы?

- Айта албайм, бирок, бирөөнү айтсам болот – Турдакун Усубалиев. Экинчисинин көзү тирүү, жакшы теңтуш болуп жүрөбүз, айтпай эле койгонум оң. Ошол жыйындын стенограммасы менде бар, китебиме да киргизгем. Депутаттардын бир тобу “макул сомду киргизели, кийин экономикабыз кыйрап калса ким жооп берет” деп суроону кабыргасынан коюшту. “Мен, жеке керт башым менен жооп берем” дедим. Ал жыйында 20дан ашык депутаттар чыгып сүйлөшкөн. Алардын эки-үч эле сомду киргизүүнү колдошпосо, дээрлик баары каршы сүйлөшкөн.

Ошондон баштап сомдун айланасында коомдо кызуу талкуулар болуп жатты. Депутаттар арасында да улам ынангандар көбөйө баштады. Акыры 3-майда өкмөттүн өтүнүчү менен Жогорку Кеңеш кайра жыйынга чогулду. Жалгыз эле маселе – Улуттук валютаны киргизүү жөнүндө маселени карап, колдоп чечим чыгарып берди. Анын бир пункту менен үч кишиден турган (Т. Чынгышев, К. Нанаев, Т. Койчиев) Улуттук валюта – сомду киргизүү боюнча комитет түздү.

- Эмне үчүн үч кишиден турган комитет, беш эмес, жети же тогуз эмес?

- Парламент ал үч кишиге биринчиден, чоң ыйгарым укуктарын берген, экинчиден, сомго байланыштуу маселелерди чечүүдө чоң жоопкерчилик жүктөгөн. Эмне үчүн үч киши, маселелерди ыкчам чечүү үчүн. Чынгышев өкмөт, Нанаев Улуттук банк өкүлү, алар бири-бирине баш ийбеген мамлекеттик органдар. Экөө өз позицияларында туруп, суроо чечилбей токтоп калганда, калыс болот деп Илимдер академиянын президенти, академик Турар Койчиевди кошкон. Анан ошол комитет дароо бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү бийлик башчылары, соода борборлорунун, базарлардын башчыларын чогулутуп, кеңейтилген жыйын өткөрүп, аларга катуу тапшырмалар берилген. Эл арасында түшүндүрүү иштери кызуу жүргүзүлгөн.

- Сиз өкмөт башчы катары кыргыз сому 1993-жылдын 10-майында таңкы саат 4төн баштап жүгүртүүгө киргизилсин, деп токтомго кол койгон экенсиз, эмне үчүн саат 4, эмне үчүн түнкү саат 12 же башка эмес?

- Анын чоң сыры деле жок. Биз, жогоруда айткан комитеттин чечими чыкса эл арасында тополоң болбосун, банктар даярдыкты көрүп алсын, эртең мененки саат 8ге даяр болсун деген ниетте таңкы саат 4тө деп чыккан. Рублди сомго алмаштырууга да төрт эле күн бергенбиз. Элдин баары алмаштырууга жетишкен. “Ачаны алмаштыра албай калдык, дагы убакыт бергиле” деген арыздар болгон эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG