Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:22

"Аярхан": Ат минсең - ырчы болосуң


Албина Дегтярева (солдо) - сибирдик көчмөн түрктөрдүн байыркы өнөрүн дүйнөгө тааныткан "Аярхан" тобунун жетекчиси.
Албина Дегтярева (солдо) - сибирдик көчмөн түрктөрдүн байыркы өнөрүн дүйнөгө тааныткан "Аярхан" тобунун жетекчиси.

Жазда келген турналар күздө кайтып кетүүдө. "Аярхандын" кыздары темир комузун дирилдетип, үн созгондо көз алдыга каз катар тизилген турналардын канат күүлөп, көк асманда кыйкуу салып учуп баратканы тартылат.

Программаны бул жерден угуңуз:
"Аярхан" - ат минсең ырчы болосуң
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:14 0:00

"Очоктун жанында отурсаң - ойчул болосуң, ат минсең - ырчы болосуң". Кыргызга кандаш, тилдеш сибирлик якут-саха элинде мына ушундай лакап бар. Сибирлик бул калкта ошондой эле каалоо-тилекти кесеге кымыз куюп алып, ыр менен айтышат.

Ушул элдин темир комуз менен коштолгон ыр өнөрүн сактап келаткан "Аярхан" музыкалык тобунун жетекчиси, Саха жумуриятынын эл артисти Албина Дегтярева "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди:

- Бүгүнкү концерт бизди өзгөчө толкундантты, бизди залдын акустикасы жана жылуу кабыл алганы кубандырды. Сүйүнүп ырдадык.

Албина айым жетектеген "Аярхан" тобунун мүчөлөрүнүн ысымдары орусча. Бирок кара каш, кара көз, жазы маңдай бул шайырларды көргөндө кыргыздын эле кыздары деп ойлошуңуз мүмкүн.

Прагада зор ийгилик менен өткөн концерттен кийин жолукканымда, Албина якуттарда да ыр кесе бар экенин, ал эми келген конокту үй ээси жакшылык тилеп, ыр менен тосуп алаарын айтып берди.

- Атайын кесе болот, ага кымыз куюп, келген конокко сунушат, сунганда тилек ырын ырдайт. Бүгүн мисалы мына, менин жанымда турган Алиса бүгүн ушундай тилек ырын аткарды. Конок ушул кеседен кымызды ичет. Конок ээси же ырчы ага арнап жакшы тилек каалоолорун ырдайт.



Албина Дегтярева өзү акын, азыр бала чагынан үйрөнгөн темир комуздан Якутия, же Саха жумуриятынын консерваториясында сабак берет. Өзү менен кошо сахнага чыккан Варя, Алиса деген кыздарды тарбиялап, аларга көз тайгылткан улуттук кийимдерди өзү ойлоп таап, тигип берген. "Аярхан" аткарган ыр-күүлөрдү да өзү чыгарган, ал эми чыгармачылыкка отуздан ашкандан кийин гана келген.

Анын айтымында, байыркы кыргыздардай эле табигатка тооп кылып, аны көздүн карегиндей сактаган якуттардын ырлары жаратылыштын добуштары менен айкалышып тургандыгы аркылуу күчтүү:

- Биринчи жолу эки жашымда атам-энем мени атка мингизгени эсимде, атам жылкыны тизгинден алып, ары-бери бастырган. Бизде "очоктун жанында отурсаң, философ – ойчул болосуң, ат минсең, ырчы болосуң" деп айтышат. Ошондуктан, биздин якут ырлары жылкынын жүрүшүнө үндөшүп турат. Жылкы бирде таскак урса, бирде жай басат, ошол сыяктуу эле биздин ырлардын ыргагы да бирде тездеп, бирде жайлап, улам алмашып турат. Бардык түрк элдеринде ушундай болуш керек.

Албина ошондой эле якуттар жылкы жандуу эл болгондуктан, атка минген адам өзүнөн өзү ышкысы артып, ырчы болуп чыга келет дейт:

- Бизде тоо-ташка чыкканда катуу ырдаганга уруксат беришпейт. Анткени жаратылыштын жымжырттыгын бузууга болбойт. Якуттар Жер Эненин балдары деп саналат, алар тоо, суу, шамалдын добушун туурап, аны ырга салып, жаратылыштын гармониясын сезип тургусу келет.

Мындан 10 жыл мурда түзүлгөн "Аярхан" андан бери дүйнөгө таанылды.

Акыркы жылдары дүйнө кыдырып, бүгүнкүдөй чоң залдарда жык толгон элдин алдында ырдап келаткан "Аярхандын" ийгилик сыры эмнеде?

Албина Дегтярева сырдын түйүнүн мындай чечмелейт:

- Биз чын жүрөктөн угармандарга кубаныч тартуулап, элибиздин рухун тааныштырабыз. Өз ырларыбыз, өз музыкабыз аркылуу биздин жердин кооздугун, элибизди даңазалайбыз.

XS
SM
MD
LG