Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:50

"Шамбала" дүйнөгө жакты, кыргызгачы?


"Шамбала" фильминдеги сценалардын бири.
"Шамбала" фильминдеги сценалардын бири.

“Азаттык” радиосунун “Тасма” түрмөгүнүн алкагында атамекендик “Шамбала” фильми тууралуу баяндаманы сунуштайбыз.

Журналист Эрнист Нурматов мында тасманы сынчы катары эмес, көрүүчү катары талдоого аракет кылды. Автордун пикири “Азаттыктын” көз карашын чагылдырбайт.

Үч жылдык саякат

Режиссёр Артыкпай Сүйүндүковдун "Шамбала" тасмасы Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" студиясынын базасында “Айтыш фильмдин” катышуусу менен 2020-жылы тартылып бүткөн. Фильмдин дүйнөлүк бет ачары ошол жылдын июль айында Кытайдын Шанхай шаарындагы кинофестивалда болгон. Ошондон бери көптөгөн эл аралык аянтчаларда сунушталган.

Кинонун жаратуучулары билдиришкендей, үч жыл ичинде 30дай фестивалда тасма кеминде 53 номинация боюнча сыйлыкка ээ болуп, “эң мыкты тасма”, “эң мыкты режиссёр”, “эң мыкты оператор”, “эң мыкты сүрөтчү”, “эң мыкты актёр” наамын алды. Музыкасы, сценарийи, монтажы, костюмдары, визуалдык эффекти, грими да бааланып, атайын сыйлыктарга татыган.

Анын ичинен “КМШ, Балтия жана Грузиянын эң мыкты тасмасы” номинациясындагы Орусиянын “Ника” сыйлыгын орчундуу деп атасак болот. АКШнын “Оскар” сыйлыгынын узун тизмесине илингени да артыкчылык, бирок кыска тизмеге өткөн эмес. Айтор, эл аралык фестивалдарды кыдырып келген соң картина 2023-жылы декабрда кыргызстандык көрүүчүлөргө сунушталды.

Тасманын жанры - драма. Узактыгы 1 саат 37 мүнөт. Башкы ролдорду Артур Аманалиев, Насирет Дубашев, Талант Апыев, Жамиля Сыдыкбаева, Таалайкан Абазова, Талыпжан Боронбаев, Назбийке Айдарова жана башкалар аткарган.

“Шамбала” фильми жазуучу Чыңгыз Айтматовдун "Ак кеме" повестинин негизинде тартылган. Ушул эле чыгарма боюнча 1975-жылы режиссёр Болот Шамшиев “Ак кеме” фильмин тартканын билебиз. Ал тасмадан айырмаланып, “Шамбаланы” режиссёрдун эркин интерпретациясы деп атасак болот. Идея, линия, каармандар жана деталдардын көбү жазуучунун концепциясына туура келет, ал эми сюжет кыйла башка нукта өнүгөт. Окуя азыркы күндөргө ылайыкталган.

Жарык чачкан бала

Повесттегидей же алгачкы фильмдегидей эле мында да бала, Момун, Орозкул, Керез, Бекей, Гүлжамал, Сейдакмат жана башка каармандар бар. “Бугу эне” жөнүндө уламыш, ага байланышкан окуялар да камтылган. Айтматов өзү баш каарманды “бала” деп гана атап, Шамшиев ролду аткарган баланын ысымынан Нургазы деп калтырган болсо, Сүйүндүков ага Шамбала деген ысым берген.

Фильмдин түшүндүрмөлөрүндө бул кадимки “шам” жана “бала” сөздөрүнөн куралганы айтылат. Башкача айтканда, Шамбала – бул “жарык чачкан бала”. Режиссёр жана сценарийдин ээси Артыкпай Сүйүндүков муну ушуну үчүн эле тандаган эместей. Анткени “шамбала” бир топ диний ишенимдерде, анын ичинен индуизм менен буддизмде мифологиялык шаарчаны түшүндүрөт, “таза, аруу жер”, же “бейпилдик жайы” деген мааниде.

"Шамбала" фильминин постерлеринин бири.
"Шамбала" фильминин постерлеринин бири.

Мындан аркысын спойлер деп атаса болобу, жокпу билбейм. Анткени көпчүлүк повестти билет, биринчи фильмди көрүшкөн дегендей... Жаңы тасмада деле атасы жок бала таятасы менен өгөй таенесинин колунда. Алар болсо күйөө баласы менен кызынын көзүн карап жашайт. Калың токойлуу, тоолор курчаган, чакан дарыянын боюндагы жашоо. Бала атасынын келишин үмүт кылып, таятасы айтып берген жомоктор менен жашаса, калган каармандардын да өз кызыкчылыктары бар.

“Ак кеме” повести сыяктуу эле “Шамбала” фильминде да табиятты коргоо башкы мүдөө болуп саналат. Жөн эле жаратылыш эмес, баалуулуктар кагылышы чагылдырылат. Айталы, Момун чал аздектеп жүргөн бүркүттү Көкөтай шаарга алып кетип, сүрөткө түшкөн экспонатка айлантса, бала таап алган балбал ташты Орозкул киреше табуу максатында казып алат. Кезинде кыргыздар кырып салып, жоголуп кеткен бугу жана маралдар кайра кайтып келсе, аны да пайдакечтер атып, жөн гана кырбай, жандыктын мүйүздүү башын балбалга илип, сүрөткө түшүп, тойлошот.

Мындан сырткары фильм кыргыз коомундагы аялдардын орду, зордук-зомбулук жана башка маселелерди көрсөтүп, кайдыгерликти айыптаган. Албетте, ар бир көрөрман, анын ичинен кино тармагындагы адистер картинадан дагы башка идеяларды көрө алышы мүмкүн. Кээ бирлер ал тургай кинодогу баланы жаш Кыргызстандын тагдырына да окшотушкан.

"Шамбала" фильминин постерлеринин бири.
"Шамбала" фильминин постерлеринин бири.

Мисалы, Asian World Festival кинофестивалынын негиздөөчүлөрүнүн бири Асел Шерниязова фильмде цивилизациялар кагылышы чагылдырылганын белгилеп, кинодо метафора жана символизм көп экенин жазды. Антрополог Зарина Урманбетова фильмде” глобалдашуу доорунда кыргыз өздүгүн жоготуп жатканы чагылдырылган” десе, ишкер Сейтек Дүйшөналиев картинада “материалдык жана рухий баалуулуктар кагылышы сүрөттөлгөн деп эсептей турганын” кеп кылды.

Ооба, фильм ушундай чоң идеяларды көрүүчүгө жеткирүүнү максат кылган болушу мүмкүн. Бирок, менимче, ал өз максатына жетпептир. Анткени баары үстүрт, баары күңүрт. Каармандардын образы, сюжеттик линия жана башка нерсенин баары үзүл-кесил баяндалып, чала түшүндүрүлгөн.

Башкасын айтпаганда деле, каармандардын образы жана мотиви ачылган эмес. Маселен, Орозкулду алалы. Биринчиден, анда көрөрман күткөн харизма жок. Экинчиден, ал жасап жаткан кадамдарынын максаты жакшылап түшүндүрүлбөйт.

Орозкул балбалды көргөн маалда, аны казып алуу максатын пайда табуу менен учкай түшүндүргөндөй болду. Бирок эмне үчүн? Ал өтө кедей жашайт беле? Тамак-ашы жокпу? Акча жетишпейби? Байлыкты сүйөбү? Мунун баарын ал ошол кадамга барганга чейин кайсы бир жерде айтышы керек эле да. Болбосо көрүүчү аны каяктан билип, түшүнүшү керек?

Каарман баласыз өксүп жатканын, ымыркай жытын ушунчалык эңсей турганын, ошону үчүн аялын күнөөлөй турганын да биз баланын гана сөзүнөн кабардар болуп жатабыз. Орозкул өзү башында аны эч жерде айтпайт, фильм ортологондо гана кеп кылат. Жаш кызды зордуктагысы келген арам ою болсо, бул ниети да башында анын аракеттеринен же көз караштарынан байкалышы керек эле. Мында деле ал кызды кокусунан көрө калып эле баса калып жатат.

Айтор, ал башында жөн гана Момун менен баланы ээрчип жүргөн бир киши катары, же фильмдеги кошумча элемент сыяктуу жүрө берет. Кийин гана зөөкүр жана мыкаачы катары ачылат. Кечирип коюңуздар, бирок турмушта кандай гана мыкаачы адам болбосун, анын ар биринде өзүнүн кадамына түшүндүрмөсү бар. Өзүн ошо менен актайт. Дүйнөлүк фильмдерде деле терс каармандар кайсы бир ишти эмне үчүн жасап жатканын айтып берет. Көрүүчү, анын кадамын жактабаса да, ошо менен каармандын мотивин түшүнөт, кабыл алат.

Автордук фильм жана паралеллдер

Сүйүндүков кинонун бет ачарында өз фильмин Шамшиевдин фильмине салыштырып карабоого жана Айтматовдун чыгармасына окшоштурбоого чакырып кетиптир. Бирок кантип параллелдерди издебейбиз? Повесттин өзүндө ал чоң кызматтарга кызыгарын, байлык дегенде эки көзү төрт экенин, баласы жоктугуна өксүй турганын саймедиреп айтып, бүт жасап жаткан кадамдарын ошо менен актайт. Шамшиевдин фильминин киришүү бөлүгүндө да Орозкул ушунун баарын айтып, Нургазынын башынан жыттап, баласы болсо башына көтөрүп тарбиялап аларын кеп кылат. Мына ошондон кийин ал Момунду урганын, Бекейди сабаганын, карагайларды кыйып, бугуларды эмнеликтен атып жатканын түшүнөбүз.

“Шамбалада” Орозкул кызды зордуктаган болсо, анда ал кыздын тагдыры эмне болду? Анын жигити же күйөөсү кандай реакция кылды? Буга да кеңири жооп жок. Мындан сырткары баланын китеп капты алгандагы сезимдери жана башка иш-аракеттери күтүлгөндөй ачылган эмес. Керездин, Бекейдин жана башка каармандардын да бейнелеринде да штрихтер жетишпейт.

Сүйүндүков: “Шамбаланы” тартыш керек деген жүктөн кутулдум
please wait

No media source currently available

0:00 0:18:41 0:00

Режиссёр Сүйүндүков өз интервьюларында “Ак кеменин” негизиндеги сценарийин союз учурунда эле, ал тургай Шамшиевдин фильминен мурда эле жазып, даярдаганын, ар кандай шарттан улам тартылбай жүргөнүн айткан. Чыгарманын сюжетин өзгөртүүгө да Айтматовдун өзүнөн уруксат алганын белгилейт. Ошентип, 30-40 жылдан соң гана фильм тартылыптыр. Бирок өкмөттүн каражатка байланыштуу талабынан улам тартуу процессинин өзү шашылыш жүрүптүр. Балким, ушундан улам да режиссёр айткысы келген идеялар ачылбай калгандыр.

Эгер режиссёр муну жөн гана автордук фильмдердин стилистикасына таяп, көп идеялар, мотивдер символдорго катылганы менен чечмелеп, көрөрман ошонун ичинен өзү түшүнүп алышы керектигин айтса, анда билбейм. Анда автордук фильмдер жалаң фестивалдарга жөнөтүү үчүн, же режиссёр кайра өзү рахат алып көрүшү үчүн тартылабы? Же мындай жанрдагы тасма дагы башка режиссёрлор үчүн, философ, антрополог, композитор, же ушул сыяктуу интеллигенциянын жогорку катмары үчүн тартылабы?

Кыскасы, түз эле айтсак, катардагы көрөрман бул фильмди түшүнбөйт. Повестти окубаган киши болсо андан бешбетер. Айрыкча “Шамбаланы” айтылуу “Ак кеме” фильминин ремейки катары күткөн көрөрмандар болсо терең жаңылышат.

"Шамбала" фильминдеги сценалардын бири.
"Шамбала" фильминдеги сценалардын бири.

Ырас, “Шамбалада” артыкчылыктар да бар. Мисалы, оператордук иш мыкты. Өзгөчө жаратылыш, анын ичинен тоо-таш, токой, дарыя жана башка көрүнүштөр жакшы кадрлар менен берилген. Жаан-чачын жана күн күркүрөгөн кубулуштардын тартылышы да бөтөнчө кооз. Фильмдин музыкасына да жакшы баа койсок болот. Айрым актёрлордун, мисалы Момундун ролундагы Насирет Дубашевдин чеберчилигин белгилеп коюуга арзыйт. Бирок сценарийдин чийкилиги мунун баарын жууп кетет.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG