Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:25
Ош шаарында тешик маска кийип, шайлоого келген адамдар. 11-апрель, 2021-жыл.
Ош шаарында тешик маска кийип, шайлоого келген адамдар. 11-апрель, 2021-жыл.

Акча таратуу жана басым байкалган шайлоо

Шайлоодогу мыйзам бузуулар

11-апрелде 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттары шайлоо өттү. Ушул эле күнү президенттик башкарууга ыктаган Конституциянын жаңы долбоору референдумга коюлду. Добуш берүүнүн жүрүшүндө ар кыл мыйзам бузуулар тууралуу маалыматтар катталды.

13:13 11.4.2021

13:17 11.4.2021

Ош шаарындагы №5217 шайлоо участкасында добуш берүүчүлөр белгиленген беткап тагынып кирип жаткан сүрөт-видеолор коомдук тармактарда жайылууда.

Ош шаардык милициясынын маалыматына ылайык бул иш тергелип жатат, бирок азырынча кандайдыр бир юридикалык баа бериле элек.

«Азыр ондогон маалымат келип жатат. Беткабына кандай, эмне деген белги коюп алганын билбейбиз. Бул иш боюнча кабарыбыз бар. Ишти тергөөгө өткөрүп бердик», - деди Ош шаардык милициясынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков.

«Азаттыктын» жеринде жүргөн кабарчысы беткабында белгиси бар шайлоочуну милиция кармап кеткенин билдирди.

Ош шаардык кеңешиндеги 45 мандат үчүн 9 партиядан 707 талапкер катталган. Шаарда 151 миңден ашуун киши добуш берүүгө укуктуу.

13:20 11.4.2021

13:24 11.4.2021

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG