Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:21
Ош шаарында тешик маска кийип, шайлоого келген адамдар. 11-апрель, 2021-жыл.
Ош шаарында тешик маска кийип, шайлоого келген адамдар. 11-апрель, 2021-жыл.

Акча таратуу жана басым байкалган шайлоо

Шайлоодогу мыйзам бузуулар

11-апрелде 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттары шайлоо өттү. Ушул эле күнү президенттик башкарууга ыктаган Конституциянын жаңы долбоору референдумга коюлду. Добуш берүүнүн жүрүшүндө ар кыл мыйзам бузуулар тууралуу маалыматтар катталды.

11:57 11.4.2021

11:57 11.4.2021

Ноокат районунун Көк-Жар айыл өкмөтүндөгү №5413 шайлоо участкасында электрондук урна иштебей, бюллетендер кагаз үкөккө салынган. Учурда урна оңдолуп, үкөккө салынган добуштарга акт түзүлдү. Бул тууралуу «Азаттыкка» Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Абдисалам Байдөөлөтов билдирди.

«Техникалык топ барып оңдоп беришти. Урна оңдолгонго чейин күтүп туруш керек болчу. Коробкага салынбашы керек эле», - деди Байдөөлөтов.

Ноокат районунда 103 шайлоо участкасы жана 150 миңге чукул шайлоочу бар. Ош облусунда болсо 720 миңден ашуун шайлоочу катталган.

12:00 11.4.2021

12:01 11.4.2021

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG