Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:09
Ош шаарында тешик маска кийип, шайлоого келген адамдар. 11-апрель, 2021-жыл.
Ош шаарында тешик маска кийип, шайлоого келген адамдар. 11-апрель, 2021-жыл.

Акча таратуу жана басым байкалган шайлоо

Шайлоодогу мыйзам бузуулар

11-апрелде 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттары шайлоо өттү. Ушул эле күнү президенттик башкарууга ыктаган Конституциянын жаңы долбоору референдумга коюлду. Добуш берүүнүн жүрүшүндө ар кыл мыйзам бузуулар тууралуу маалыматтар катталды.

13:27 11.4.2021

Жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо жана референдумга байланыштуу 9-февралдан 10-апрелге чейин Борбордук шайлоо комиссиясына 34 арыз-даттануу түштү. Анын алтоо кайра кайтарылды. Бишкекте 15, Чүйдө 9, Ош шаарынан 2, Ош облусунан 3, Жалал-Абад облусунан 1, Баткенде 3, Таласта 1 арыз боюнча БШК 17 чечим кабыл алды. Үч арыздын жыйынтыгы сотко жиберилди.

Бул тууралуу БШКнын арыз жана даттанууларды кароо боюнча жумушчу тобунун жетекчиси Алмаз Асаналиев 11-апрелдеги брифингде билдирди.

Арыздарды бөлүп карасак: Шайлоо алдындагы үгүт иштеринин шартын бузуу боюнча алты, аймактык шайлоо комиссияларынын аракеттерин жети, алардын чечимдерине он алты, административдик ресурс колдонуу боюнча бир, каттоодон талапкерди чететтүү боюнча бир, билип туруп жалган маалымат таратуу боюнча бир, башка эреже бузуулар боюнча бир арыз келди".

Асаналиевдин айтымында, учурда арыз-даттануулар каралууда. Айрым арыздар укук коргоо органдары менен биргеликте каралып жатат. Эгер мыйзам бузуулар такталса, партиянын, талапкердин каттоосу жана добуш берүүлөрдүн жыйынтыгы жокко чыгарылууга тийиш.

13:42 11.4.2021

13:43 11.4.2021

13:49 11.4.2021

Таштанды челекке ыргытылган бюллетендер жөнүндө "Kloop.kg" агенттиги жарыялаган тасмасындагы добуш берүү кагаздары - тесттик бюллетендер экенин Борбордук шайлоо комиссиясы маалымдады. Ага ылайык, бул бюллетендер автоматтык эсептегич үкөктөрдүн (АЭҮ) ишин текшерүү үчүн колдонулган. Бул тууралуу Бишкектеги №1054 шайлоо участогунун төрагасынын түшүндүрмөсү да алынган. Түшүндүрмөдө 44 бюллетень референдум боюнча, 50 бюллетень шаардык кеңешке шайлоо боюнча жалпы 94 бюллетень таштанды челекке ыргытылганы жазылган.

БШКнын маалымдашынча, тесттик бюллетендер добуш берүү бюллетени болуп эсептелбейт жана шайлоо документтерине да кирбейт. Бюллетенди уруксатсыз жарактан чыгаруу жана башка максатта пайдалануу - добуштарды бурмалоо аракети катары кылмыш жоопкерчилигине жатат.

Буга чейин интернетте "Клооптун" байкоочулары Бишкектеги №1054 шайлоо участогундагы таштанды челекке добуш берүү бюллетендери ыргытылганы тууралуу тасма жарыялашкан.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG