Серб оппозициясы саясатчыларга жана журналисттерге кол салуулар талаптагыдай иликтенбегенине, коомдук телеканалдын берүүлөрү бейтарап эместигине нааразы болуп келишкен.
Кыргызстандын жарандары визасыз бара алган 28 өлкөнүн бири - Сербияда нааразылыктардын азыркы толкуну быйыл 23-ноябрда башталган. Анда өлкөдөгү оппозициячыл саясий күчтөрдүн бири – “Сол” партиясынын лидери Борко Стефановичке кол салынган эле. Белгисиз адамдардын ур-токмогунан саясатчы жана аны коштоп жүргөн эки киши жараат алган.
Оппозиция активисттери Сербиядагы “саясий кыянатчылыктарды токтотуу максатын көздөйт” деп мүнөздөшкөн демонстрацияга 22-декабрда Белградда, уюштуруучулардын ырастоосунда, 35-40 миңдей адам чыкты. Бирок полиция демонстранттардын саны боюнча өз эсебин берген жок.
"Биз бүгүн кечинде бул Сербияда зордук-зомбулукка мындан ары чыдай албай турганыбызды бийликке ачык көргөзүү үчүн келдик. Биз коррупция менен кылмыштуулукка да мындан ары чыдай албайбыз. Биз бул өлкөнү башкарып жаткан мафияга мындан ары чыдай албайбыз. Биз өлкөбүздө болуп жаткандардын баарына каршы экенибизди айткыбыз келет”, - деди оппозиция активисттеринин бири Иван Мандич.
22-декабрдагы демонстрация 23-ноябрдан берки көчө жүрүштөрүнүн үчүнчүсү болду. Бул жолу президент Александр Вучич “кызматтан кетсин” деген талаптар да айтылды.
Оппозиция жактоочулары президент Вучич автократ лидерге айланды, ал эми анын Прогрессивдик партиясын коррупциялашты деп айыптоодо. Алар ошондой эле Сербиянын коомдук телеканалы окуяларды, өлкөдөгү кырдаалды бир тараптуу чагылдырганына нааразы болуп жатышат.
Оппозиция мунун себебин Вучич жана анын партиясы аткаруу жана сот бийлиги, коопсуздук аппараты менен катар медиа мейкиндиктин басымдуу бөлүгүн ээлеп алышканынан да көрүп жатат.
48 жаштагы Вучичтин эл арасындагы рейтинги ал 2016-жылкы президенттик шайлоодо ишенимдүү жеңген кездегиден төмөн. Бирок ал азыр деле Сербиянын эң популярдуу саясатчысы бойдон калууда. Анын башкаруучу коалициясы парламенттеги 250 орундун 160ына ээлик кылат.
Вучич буга чейин анын дарегине айтылган сындардын баарын четке кагып, көчөгө атүгүл “беш миллион киши” чыкса да оппозициянын талабын орундатпай турганын белгилеген жайы бар.
Сербияда 2000-жылдардын башында ошол кездеги улутчул президент Слободан Милошевич бийликтен кулатылгандан бери оппозиция демонстрациялары сейрек өтүп калган.
1990-жылдары мурдагы Югославия чачыраган кезде улутчул саясатчы болгон Вучич кийин Европа баалуулуктарын бөлүшүп, Сербиянын Евробиримдикке киришин өлкөнүн “стратегиялык максаты” деп атап жүрөт. Бирок ошол эле учурда Орусия, Кытай, Түркия жана алардын лидерлери менен жакшы жана тыгыз мамиледе.
Быйыл ноябрда эле Европа парламенти атайын резолюция кабыл алып, Сербиянын бийлигин мыйзам үстөмдүгүн орнотууга, ошондой эле мамлекеттик башкарууну саясий жактан бейтарап кыла турган реформаларды жүргүзүүгө, коррупцияга жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштү күчөтүүгө чакырган.