Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:07

Өзбек-тажик алакасы жакшыра баштады


Эмомали Рахмон менен Ислам Каримов
Эмомали Рахмон менен Ислам Каримов

Акыркы жума ичинде орусиялык маалымдоо каражаттары Кыргызстанда балдардын көп чарчап жатышы, жарандык боюнча тажик-кыргыз макулдашуусунун жокко чыгарылышы, өзбек-тажик алакаларынын жакшырышы тууралуу жазып чыкты.

РИА Новости Өзбекстан менен Тажикстан ич ара алакаларын жакшыртууда деп жазат. Макалада Советтер союзу тарагандан бери эле өзбек-тажик мамилелери солгундап келгени айтылат. 1992-жылы эки өлкө ортосунда аба каттамдары токтотулуп, 2001-жылы визалык режим киргизилгени баяндалат. Мурунтан Дүйшөмбү Ташкентти темир жана унаа жолдордогу каттамдарга тоскоолдук жаратууда деп айыптап келгени, ал эми Ташкент Тажикстандагы Рогун ГЭСинин курулушуна каршы чыгып жүргөнү дагы кошумчаланат. Мамилелердин жөнгө салынышына өткөн жумада Ташкентте өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинде президенттердин сүйлөшүүлөрү себеп болуп, эки тарап кызматташуудагы жаңы багыттарды аныкташты деп айтылат макалада.

Сорос: Жакыр болсо да Кыргызстан демократияга тез жетти

Eurasia Daily басылмасы америкалык миллиардер жана филантроп Жорж Соростун Борбор Азия өлкөлөрү тууралуу айткан ойлорун жазып чыкты. Сорос “Кыргызстан жакыр өлкө болгондуктан демократиялык өнүгүүлөргө тез жетишкен” деп, "учурдагы президенти паракорчулукка малынбаган" деген оюн билдирген.

Ал эми Казакстанды Орусиядан көз карандысыз өлкө катары сыпаттап, Назарбаевдин чет элдик инвесторлорду тартуудагы иш-аракеттерин мактаган. Назарбаев өлкө башкарууда көп ката кетиргени менен, билим берүү тармагында бир топ ийгиликтерге жетишкенин белгилеп, Казакстанда чет өлкөлөрдө билим алган, оокаттуу ортоңку катмар пайда болгонун кошумчалаган. Тажикстанга Орусиядан көз каранды, алсыз мамлекет катары, ал эми Азербайжанга саясий репрессиялар жана диктаторлук режим сакталган өлкө катары баа берген.

Кыргызстанда балдар өлүмү көп катталууда

Regnum маалымат агенттиги Кыргызстанда балдардын эки пайыздан көбү беш жашка чыкпай чарчап каларын маалымдап, ал эми 13 пайызы тамак-аш менен камсыз болбой муктаждыкта чоңоюшат деп жазат. Ошондой эле балдардын 57 пайызы 14 жашка чейин кара күч жана психикалык зордукка дуушар болгондугу, кыздардын 12 пайызы 18 жашка толо электе эле күйөөгө берилери баяндалат. Билим берүү багытында болсо төрт баланын бирөө гана мектепке чейин бала бакчага барары, балдардын 28 пайызы гана Интернетти колдоно билери кошумчаланган. Мындай изилдөөлөрдү ЮНИСЕФ уюмунун Балдар фондунун адистери жүргүзгөн. Макалада тийиштүү тамак-аш менен камсыз болбой, муктаждыкта чоңоюшу өлкөдөгү балдар өлүмүнүн жана ооруларынын көп болушуна алып келүүдө деген жыйынтык чыгарылган.

Тажикстан Кыргызстан менен келишимди жокко чыгарды

Росбалт агенттиги жарандык алуу боюнча кыргыз-тажик келишими жокко чыгарылганын маалымдайт. Тажик парламентинин төмөнкү палатасы көпчүлүк добуш менен Кыргызстан-Тажикстан ортосундагы “Жарандыкты жөнөкөйлөштүргөн жол менен алуу” тууралуу макулдашууну жокко чыгарган. Тажик палатасынын спикери Шүкүржон Зухуров бул макулдашуу чек ара маселелеринде ар кандай талаш-тартыш, түшүнбөстүктү жаратышы мүмкүндүгүн эскертип, тажик өкмөтү бул келишимди бир тараптуу жокко чыгарууну сунуштаганын билдирген. Эки өлкө ортосундагы жарандык алууну жөнөкөйлөштүрүү боюнча келишимге Дүйшөмбүдө 2004-жылдын 26-майында кол коюлган. Дүйшөмбүнүн мындай чечимине кыргыз жарандыгын алган тажикстандыктардын санынын өсүшү себеп болду.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG