Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:46

"Вагнерчилердин" табышмактуу таржымалы


Сириядагы "Вагнер" компаниясынын жоготуулары тууралуу посттордун бири.
Сириядагы "Вагнер" компаниясынын жоготуулары тууралуу посттордун бири.

"Вагнер" – жеке аскердик компаниябы же Орусиянын атайын кызматынын бөлүгүбү?

Украинанын Коопсуздук кызматы "Вагнер" деп аталган жеке аскердик компаниянын эки миңден ашуун жалданма аскерлеринин аты-жөнүн, алардын даректерин ачыкка чыгарарын билдирүүдө. Киев бул "вагнерчилерди" Орусиянын чалгын кызматынын штаттан тышкаркы аскерлери деп айыптап жатат.

Октябрдын башында эле Украинанын Коопсуздук кызматы «Вагнер» компаниясынын 206 жалданма аскери тууралуу маалыматтарды жарыялаган. Атайын кызмат "вагнерчилерди" Луганск облусундагы чабуулдарды жүргүзгөн Орусиянын расмий аскердик кызматкерлери деп эсептейт.

Назарий Чигин 2014-жылы апрель-сентябрь айларында Луганск аэропортун коргоого катышып, анда жарадар болуп, туткунга түшүп калган. Ал ошондо каршы тарапта жалаң эле жикчилдер эмес экенине көзү жеткенин айткан.

"Орус аскерлери жашырынган деле жок. Ал жакта мени менен жашташ 20-25теги балдар болду, офицерлер болду. Алардын аскердик наамдары айтылбайт, бирок ич ара мамиледе кызмат даражалары байкалып турду", - деп эскерет Назарий.

Луганск аэропортун коргоону ал учурда полковник, кийин генералдык наам менен Украинанын баатыры наамын алган Андрей Ковальчук жетектеген. Ал мындай маалыматтарды жергиликтүү тургундар да тастыкташканын айтты.

"Балким, алардын так маалыматтары болбогондур, бирок алар уккан-көргөнүн айтып жатышты. Бул маалыматтар кийин мага да жетти", - дейт Андрей Ковальчук.

Украинанын Коопсуздук кызматынын офицери Игорь Гуськов «Вагнер» компаниясынын жана анын жалданма аскерлеринин Украинадагы төрт жылдан берки аракеттерин иликтеп келет. Гуськов "Вагнер" жеке аскердик компания эмес эле, Орусиянын атайын кызматынын жашыруун бөлүгү деп эсептейт.

"Биринчиден, алар Орусиянын атайын кызматынын атайын бөлүгү. Алар Башкы штабдын башкы башкармалыгына кирет. Минтип айтууга бизде толук негиздер бар", - дейт Гуськов.

Азыр Сирияда, Ливияда, Борбордук Африкада издери байкалып жаткан "вагнерчилер" алгач Крымды аннексиялоодо аскердик бөлүк катары түптөлгөнү белгиленет. Украинанын Коопсуздук кызматынын маалыматы боюнча "вагнерчилер" - кызмат даражалары, штаттык номурлары бар өзгөчө түзүлүштөгү аскердик бөлүк. Анда ар кандай маалда 5 миңден ашык адам кызматта болгон.

Гуськовдун айтымында, Донбасс менен Сириядагы кагылышууларда "вагнерчилер" оор жоготууларга дуушар болуп, учурда кадрдык кризисти баштан кечирүүдө.

"Эң аз дегенде адамдардын 20 пайызы мурун кылмыш жазасына тартылган. Катарга кошууга талаптардын төмөндөп кетишинен улам бир нече жыйынтык чыгарууга болот. Эгерде мурун алар кандайдыр бир этапта тандоодон өтүшсө, азыр көптөгөн жоготуулардан кийин "вагнерчилердин" катарына адамдарды кыйла төмөндөтүлгөн талаптар менен ала башташты", - дейт Гуськов.

Орусияда "Вагнер" жеке аскердик компаниясынын ишмердүүлүгү мыйзамсыз. Өлкөдө анын ишмердүүлүгүн тескеген тиешелүү мыйзам да кабыл алынган эмес.

Орусиянын Илимдер академиясынын АКШ жана Канада институтунун директору, генерал-майор Павел Золотарев "вагнерчилердин" жасаган иштери мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келбегендиктен, алардын ишмердүүлүгүнө эч кандай чек коюлбай жатканын белгилейт.

"Абдан коркунучтуу дүйнөлүк тенденция, - дейт Золотарев. - Бул жерден жалаң эле Орусияны бөлүп кароого болбойт. Азыр жеке менчик аскердик компаниялар мурун өлкөнүн аскердик күчтөрү аткарган милдеттерди аткара башташты. Муну менен мамлекеттер аскердик зомбулуктарга монополиясын жоготууда. Орусияда мындай жеке аскердик компанияларга тыюу салган мыйзам жок. Ошондуктан Орусия мындай жеке менчик аскердик компанияларды расмий түрдө тыя албайт, аларды колдой да албайт. Бирок алардын иштери мамлекеттик кызыкчылыктарга каршы келбесе, аларга тоскоолдук да жаратпайт. Бул жерде мындай жеке менчик аскердик компанияларды каржылаган тараптардан, алардын кызыкчылыктарынан көп нерсе көз каранды".

Украинанын Коопсуздук кызматы "Вагнер" компаниясынын 206 жалданма аскери тууралуу маалыматтарды ачыкка чыгаргандан кийин алардын паспортторунун көчүрмөлөрү да Интернетте таркаган. "Настоящее время" каналынын журналисттери Орусиянын расмий булактарынан бул адамдар чындыгында бар экенин тастыктаган.

Эми Украинанын Коопсуздук кызматы "вагнерчилер" тууралуу дагы бир катар маалыматтарды ачыкка чыгарып, атайын кызматтар чогулткан материалдарды Киев эл аралык соттордо Москвага каршы колдоноорун билдирүүдө.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG