Киевде экономикалык форумда мамлекет башчы ошондой эле чет өлкөлүк инвесторлорду активдүү болууга чакырды. Анда президент согуштун тутануусунун алдын алуу, Донбасстагы кырдаалды жөнгө салуу үчүн өлкө жардамга жана “тилектештикке” муктаж деди.
Былтыркы апрелден бери орусиячыл жикчилдер менен өкмөттүк армия урушуп жаткан аймакта 6 миңден көп киши мерт кетти. Ушул эле 28-апрелде куралдуу күчтөрдүн өкүлдөрү жикчилдер аскерлердин Донецктин жанындагы Авдиивка айылындагы турумдарын Град ракеталары менен аткылашканын билдиришти. Февраль айында жетишилген Минск келишими боюнча андай ракеталарды колдонууга тыюу салынган.
Өкмөттүк күчтөрдүн маалыматына ылайык, дүйшөмбү - шейшемби күндөрү бир жоокер окко учту, 14ү жарадар болду. Ал эми өзүн жикчилдердин армиясынын өкүлү деп атаган Эдуард Басурин украин аскерлерин "ок атышпоо келишимин бузуп жатат" деп айыптады.
Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму шейшемби күнкү билдирүүсүндө белгилегендей, козголоңчулар уюмдун байкоочуларына Широкино шаарчасынын жанындагы аймакка баруусуна дагы бир ирет уруксат беришкен жок.
Ок атышпоонун шарттары кандай аткарылып жатканын текшерүү миссиясы ЕККУга жүктөлгөн. Уюм 26-апрелде Широкинодо Минск келишимине кол коюлгандан бери биринчи жолу айыгышкан салгылашууларды каттаган.
Уруш жүрүп аткан аймак Мариупол шаарынын портунан 20 чакырымдай алыс орун алган. Жикчилдердин айрым өкүлдөрү ал маанилүү портту өз көзөмөлүнө алышканын билдиришкен.
Ал тапта Вашингтондо Мамлекеттик департаменттин маалымат катчысы Жефф Ратке Москва жакында Чыгыш Украинага, уруш тилкесине жакын жерге кошумча ракетадан коргонуу системаларын жайгаштырганын билдирди.
Киевдеги эл аралык конференциянын катышуучуларына видео кайрылуу жасаган АКШ вице-президенти Жо Байден Минск келишими толугу менен аткарылып, украин бийлиги азыр жикчилердин көзөмөлүндөгү чек ара өктөөлдөрүн өзүнө кайтармайынча, Орусияга каршы экономикалык санкциялар кала берүүгө тийиш деди.
Байден санкциялар кошуна өлкөнүн аймагын басып алып, Чыгыш Украинага аскерлерин, танк, курал-жарак жана ракеталарын жөнөтүп жаткан Москвага кысым жасоо үчүн кабыл алынганын белгиледи.
- Орусия бүгүн Украин жерин оккупациялап алды, аскерлерин, орустар жалдаган бандиттерди, танктарын, ракеталарын Донбасска жиберүүдө. Күч колдонуу менен Европанын чек араларын кайра чийүү боюнча абийирсиз аракеттер Украинага менен бөлүнгүс, эркин жана бейпил Европага карай орток умтулуубузга коркунуч туудурууда.
“Орусиянын агрессиясы” чоң гуманитардык катастрофага алып келди, 2 миллиондой украиналык үйүн таштап кетүүгө аргасыз болду, - деди вице-президент.
Батыштын көптөгөн өлкөлөрү, НАТО орус аскерлеринин Украинага жөнөтүлүп жатышын далилдеген фактылар бар деп ырасташканы менен, Москва муну танып келатат.
Сөз болгон жыйында украин экономикасын реформалоо, донордук колдоо көргөзүү, ошондой эле Донбасстагы куралдуу жаңжалдан жабыркаган аймактарды калыбына келтирүү маселелери талкууланды.
Эл аралык коомчулуктун жана ишкер чөйрөсүнүн 270тей өкүлүнө кайрылган Петро Порошенко агро өнөр жай комплексиндеги, энергетика, технологиялар жана авиация тармактарындагы инвестициялык чоң дарамет жөнүндө айтып, инвесторлорду Украинада бизнес жүргүзүүнүн тобокелдиктерин ашыкча көбүртпөөгө чакырды.
- Украина ири мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүүгө инвестицияларга муктаж. Ошол дарамет буга чейин көз жаздымда же монополдук кызыкчылыктардын көлөкөсүндө калып келди. Экономикабызды калыбына келтирүү, туруктуу өсүш үчүн инвестициялар зарыл. Ал өсүш Украинаны өнүктүрүүгө, алга жылдырууга гана эмес акча-каражатын салган инвесторлор үчүн да пайдалуу болмокчу.
Байден америкалык өкмөт Киев реформаларды уланта берсе, кредит алуу үчүн миллиард доллар кепилдик катары жана дагы бир миллиардды жардам иретинде бөлүүнү пландап жатканын билдирди.
Донбасстагы гуманитардык проблемаларды чечүүгө 50 миллион доллар чегерилерин Канаданын жарандык жана иммиграция министри убада кылды.