Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:12

Түндүк Кавказ: калктын үшүн алган коркутуулар


Доку Умаров
Доку Умаров

Ингушетиянын ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин маалымдашынча, 3-февралда жикчил топтун лидерлеринин бири Башир Хамхоев камакка алынды.

Орусиянын атайын кызматы тараткан маалыматка ылайык, Хамхоев чечен жикчилдеринин лидери Доку Умаровдун жакын адамы болгон. Ал “бир нече террордук чабуулга катышкан”, “милицияга кол салууну уюштурган” деген кине менен федералдык издөөдө жүргөн.

Башир Хамхоев кармалган күнү Экажево кыштагында ФСБ кызматкерлери жардырчу заттарды жасачу жашыруун лабораторияны жок кылышкан. Анын эртеси Kavkaz Center сайтында “Кавказ эмираты” уюмунун лидери Доку Умаровдун билдирүүсү жарыяланган.

Буга чейин “Доку Умаров өлтүрүлдү” деген кабар бир нече жолу жарыяланып келгенине карабастан, жикчил топтун лидери Умаров интернет аркылуу орус бийлигин коркуткан билдирүүлөрдү жасап келет. “Новая газета” гезитинин журналисти Ольга Боброва “Доку Умаровдун бул кайрылуулары мүмкүн алдын ала жаздырылып, кайра-кайра интернет аркылуу жайылып жатат” деген ойдо:

- Бул жерде же Умаров, же атайын кызмат алдап жатат. Ошондой болсо да Доку Умаров тирүү болсо керек деп божомолдойм.

Интернетте чыккан билдирүүдө Доку Умаров токойдо эки киши менен отурат. Умаров алардын бирин жанкечтилердин батальонун жетектеген Рийядус Салихийн деп, экинчисин анын тапшырмасын аткарууга даярданып жаткан Сейфуллах деп атаган. Кийин Домодедово аба майданында жардырууну уюштурган деп шектелген жанкечти Магомед Евлоев менен Сейфуллахтын сүрөттөрү окшош деген сөздөр тарады.

Айрым адистер Орусиянын атайын кызматынын иши чийки болгонун, акыркы маалда өз атын чыгаруу менен гана алектенип калганын айтышат. Өлүү-тирүүсү белгисиз болуп жаткан Доку Умаровдун кайрылуусу тууралуу “Мемориал” укук коргоо уюмунун кызматкери Александр Черкасов буларды айтат:

- Доку Умаровдун “эми силерде ар апта, ар айда террордук чабуулдар болуп турат” деп айтканы калктын үшүн алды.

24-январда Домодедово аба майданында жанкечтинин кол салуусунан 35 киши набыт болгон. Арадан эки апта өткөн соң KavkazCenter сайты чечен жикчилдеринин лидери Доку Умаровдун кайрылуусун жарыялады. Умаров “эгерде бул да жетишсиз болсо анда биз кайра-кайра чабуулдарды уюштура беребиз. Алланын жардамы менен биз үстүдөгү жылды силердин көз жашыңарга жуулган жылга айлантабыз” деп айткан.

Guardian гезитинде чыккан макалада Умаров жардырууларды Орусияда кулач жайган мыйзамсыздыкка каршы жана Кавказды колунан чыгаргысы келбей тырышкан Кремлди бул аракетинен баш таттыруу үчүн жасап жатканын айткан.

XS
SM
MD
LG