Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:56

Чечендер биригүү ниетин билдиришти


Ахмед Закаев менен Дукваха Абдурахманов Лондондо пресс-конференция беришти. 12-август, 2009-ж.
Ахмед Закаев менен Дукваха Абдурахманов Лондондо пресс-конференция беришти. 12-август, 2009-ж.

Чеченстандын көз карандысыздыгы үчүн күрөшүп келаткан чет өлкөлөрдөгү бозгун чечен өкмөтү жана Москва колдоп-сүрмөлөгөн расмий Грозныйдын өкүлдөрү күздө чечендердин дүйнөлүк курултайын өткөрүүнү макулдашышты.

Бул аракет ар кайсы өлкөдө башпааналап чачыраган чечен элин бириктире алабы, же болгону Рамзан Кадыровдун кадырына кызмат кылабы?

Чеченстандын расмий өкүлү менен жолугушуп, кеч күздө чечендердин дүйнөлүк курултайын өткөрүүнү макулдашканын сепаратисттик Ичкерия республикасынын башчысы Ахмед Закаев шаршембиде жарыялады.

- Биз чечендердин эл аралык курултайын чогултуп, бирдиктүү саясий платформа иштеп чыгууну макулдаштык, - деп билдирди көптөн бери Лондондо жашаган чечен саясатчысы.

Анын алдында, 11-12-август күндөрү Лондондо Закаев Чеченстандын парламент төрагасы Дукваха Абдурахманов менен жолугушуп, жабык эшик артында узак сүйлөшүүлөр жүргүзгөн.

Андан эки ай мурдараак, Грозныйдын чабармандары чет өлкөдө башпааналап жүргөн сепаратисттик чечен өкмөтүнүн өкүлдөрү менен кездешип, андагы сүйлөшүү кандай жыйынтыкка алып келгени жабык бойдон калган.

Ушул аптада Лондондо кайрадан уюшулган сүйлөшүүнү Закаев менен Абдурахманов экөө тең оңунан баалады. Ахмед Закаев “бул иштин башталышы гана, буюрса эмкиде азыркыдан көбүрөөк жылыш жасалат” деп белгиледи.

Чечен парламентинин төрагасы Абдурахманов демилгенин баары чечен президенти Рамзан Кадыровго таандык, ал бул маселеде Кремлдин кожоюндары Дмитрий Медведев менен Владимир Путиндин ак батасын алган деп басым жасады.

Лондондогу сүйлөшүү маалында кандай маселелер көтөрүлүп, талкуу учурунда кандай кыйынчылыктар болгону коомчулукка айтылбады. Болгону айрым кабарчылар “соңку кездери чечен чеченди өлтүрүп, уурдап кетип, жок кылганын токтотуу зарыл. Азыр чечендер үчүн орустардын кордугунан да өз улутташтарынын кылмышкөйлүгү чоң көйгөйгө айланганы сөз болду” деп жазып чыгышты.
Кеч күзгө белгиленген курултайга Чеченстандын көз карандысыздыгы үчүн куралын таштабай күрөшүп келаткан аскербашчы Доку Умаров чакырылабы, деги ал Лондондо жетишилген макулдашууга кандай карайт деген суроого азырынча жооп жок.

Умаров жакында жарыяланган интервьюсунда Москванын элдешүү тууралуу эч бир демилгесине ишенбей турганын айткан. Ахмед Закаев теледен көрсөтүлгөн кайрылуусунда 1-августтан тарта Чеченстандын куралдуу күчтөрү, полициясына каршы чабуул коюп, ок атууну токтотууга үндөгөн эле, аскербашчы Умаров аны жөн гана символикалык көрүнүш деп сыпаттады. Лондондо кабарчылардын бири парламент спикери Абдурахмановдон болочок курултайдын бардык чечимдерин аткарууга Рамзан Кадыровдун өкмөтү даярбы? – деп сурады эле:

- Өкмөт коомдук уюм чыгарган чечимдин бардык жоболорун так аткарууга милдеттүү эмес, - деп жооп берди.

Сөзүнүн аягында Абдурахмановдун “чет өлкөдөгү бозгун чечен саясатчылары менен сүйлөшүү, алар менен тил табышуу аракетинин баары Чеченстандыктарга эл бирдиктүү, ынтымактуу жана алардын бир гана жолбашчысы бар, ал Рамзан Кадыров экенин көргөзө алат” деп айтканы бир топ маселенин башын ача кетти. "Азаттык" радиосунун Түндүк Кавказ кызматынын директору Аслан Дукаев да Лондондогу жыйынга катышып келди.

Анын пикиринде, каршылаш тараптар оңой эле бирдиктүү саясий платформа иштеп чыга алаарынан күмөн чоң. Рамзан Кадыровдун чабармандары жетекчисинин аброюн жогорулатып, эл алдында ал баарын жеңгенин көргөзүү далалатында болсо, Ахмед Закаев чет өлкөдө чечен маселесин дагы бир жолу эскертип, жарандык согуш деңгээлине жетип калган чөлкөмдүн келечеги ага окшогон адамдардын колунда экенин таасындап койгусу келет.

Дагы бир жагынан, Чеченстанда улам бир укук коргоочу өлтүрүлүп, эл аралык коомчулук чечен лидеринин алар тууралуу айтканына катуу иренжип турган чакта Рамзан Кадыров алардын көңүлүн башка маселеге алаксытып, өзүн тынчтыктын чабарманы кылып көрсөткүсү келет, - дейт Аслан Докаев.

- Дүйнөнүн көпчүлүк бөлүгүндө Кадыровдун аброюна олуттуу залака келтирилген, башкаларды айтпаганда да аны сындап, каш кайтаргандардын баарынын көзү тазаланып жок кылынганы канчалык.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG