Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:40

НАТО менен Орусия: сүр көрсөткөн машыгуулар


"Trident Juncture" машыгуусуна тартылган аскердик кемелер. 30-октябрь, 2018-жыл.
"Trident Juncture" машыгуусуна тартылган аскердик кемелер. 30-октябрь, 2018-жыл.

НАТО бул күндөрү “кансыз согуш” доорунан берки эң ири аскердик машыгуусун өткөрүп жатат. Буга тушташ Орусия да НАТОнун машыгуусуна жакын жерде өз ракеталарын сынай турганы маалым болду.

Аскердик кубатты текшерген мындай иш-чаралар эки тараптын мамилеси ансыз деле чыңалып турган учурда өткөрүлүүдө. Түндүк Атлантикалык Альянстын азыркы аскердик машыгуусу 25-октябрда Норвегиянын жээктеринен башталды.

НАТО өзү “кансыз согуш” доорунан берки “эң ири” деп баа берген машыгууларга альянстын курамындагы 29 мамлекеттен жана ага өнөктөш Швеция менен Финляндиядан жалпысынан 50 миңдей жоокер, 10 миңдей аскердик техника жана танк, 250дөй учак жана 65тей кеме тартыла тургандыгы кабарланган.

"Trident Juncture" 2018-жылдагы машыгуусуна тартылган аскердик техника. Норвегия, 22-октябрь, 2018-жыл.
"Trident Juncture" 2018-жылдагы машыгуусуна тартылган аскердик техника. Норвегия, 22-октябрь, 2018-жыл.

Атлантиканын түндүгүнөн Балтика деңизине чейинки аймакты камтыган машыгуунун максаты - НАТОнун кайсыл бир өлкөсүнө кол салууга каршы жооп кайтарууну үйрөнүү.

- Бул зарыл машыгуу - НАТО мурдагыдай эле ишенимдүү такаат берүүчү фактор экенине ынануу. Биз буга барып жатканыбыздын себеби - албетте, жаңжал чыгаруу эмес, анын алдын алуу, - дейт НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг.

“Толугу менен коргонуу гана максатын көздөйт” деп мүнөздөлгөн бул машыгууга Орусиядан да байкоочулар чакырылган. Бирок Москва аскердик оюндарды чагымчыл жана “орусияга каршы” деп баалады.

- Бул (машыгуу) Европанын түндүгүнүн же бүткүл Европа континентинин туруктуулугу менен коопсуздугун бекемдебейт, - деди Москвадан Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова.

Орусия болсо НАТОнун бул машыгуусуна тушташ Норвегиянын жээгине жакын эл аралык сууларда ракеталарын сынаганы турат. Йенс Столтенбергдин айтымында, НАТО өлкөлөрү Орусиянын аскер-деңиз флоту ракета сыноону “кесипкөйлүк” жана жоопкерчилик менен жүргүзөт деген үмүттө турушат.​

Йенс Столтенберг (солдо) машыгууга көз салып жаткан учур. 30-октябрь, 2018-жыл.
Йенс Столтенберг (солдо) машыгууга көз салып жаткан учур. 30-октябрь, 2018-жыл.

- Бизге Орусиянын пландалган ракеталык сыноосу жөнүндө өткөн аптада кабар түштү. Бул аймакта Орусиянын деңиз күчтөрүнүн чоң бөлүгү бар. Алар Норвегиянын жээктеринде өз мүмкүнчүлүктөрүн такай көргөзүп турушат. Мен Орусиянын жүрүм-туруму кесипкөйлүктүн чегинен чыкпайт жана бул биздин машыгуунун планын өзгөртпөйт деп күтөм. Биз, албетте, Орусиянын аракеттерине кылдат көз салып турабыз. Бирок алар эл аралык сууларда аракеттенүүдө, - деди Столтенберг 30-октябрда Норвегиядан.

Мамлекеттик ТАСС маалымат агенттиги билдиргендей, Орусиянын ракеталарды сыноосу Норвегия деңизинде 1-3 жана 6-9-ноябрларда болот.

Москва 2014-жылы Крымды Украинадан аннексиялап алгандан кийин НАТО "Чыгыш фланг", Орусия "Батыш фланг" деп атаган аймактарда эки тарап тең аскердик турумдарын чыңдаган. Ошондой эле алар бул аймактарда буга чейин бир нече ирет аскердик машыгууларды да өткөрүштү.

Орусиянын андай ири машыгууларынын бири “Батыш -2017” деп аталып, былтыр күздө өлкөнүн Батыш бөлүгүндө жана Беларустун аймагында, ал эми 300 миңдей аскер кызматчысы тартылган “Чыгыш-2018” деген машыгуу быйыл сентябрда өлкөнүн чыгышында болду.

- Эгер сиз эки тараптын тең машыгууларынын масштабын карасаңыз, Орусия жалгыз өзү НАТОну көлөкөсүндө калтырып жатат. Москва масштабдуу жана дымактуу машыгууларды мындан ары да улантчудай. Демек, чын-чынына келгенде бул жарышуу деле эмес, анткени Орусия машыгууларды НАТО бул боюнча чечим кабыл алгандан бир нече жыл мурда эле баштаган, - дейт Лондондогу “Chatham House” талдоо уюмунун эксперти Кеир Гилс.

7-ноябрга чейин созулуучу “Trident Juncture” машыгуусунун алкагында НАТОнун Стратегиялык коммуникациялар борбору Орусия медиасынын машыгуу тууралуу жалган же терс маалыматтарды жайылтуусуна да байкоо жүргүзүүдө.

АКШнын машыгууга келген аскерлери. 19-октябрь, 2018-жыл.
АКШнын машыгууга келген аскерлери. 19-октябрь, 2018-жыл.

АКШ ракеталар боюнча “кансыз согуш” доорунан калган келишимден чыгарын жарыялаганы да Москва менен НАТОнун мамилесинде акыркы жылдары өкүм сүрүп келген чыңалууга ого бетер салым кошкондой болду. АКШ мында Орусия келишимдин шарттарын бузуп жатканын жүйө келтирүүдө.

Орто аралыктагы өзөктүк күчтөр боюнча макулдашууга мындан 31 жыл мурда, 1987-жылы ал кездеги СССРдин лидери Михаил Горбачев менен АКШнын ошол кездеги президенти Рональд Рейган кол койгон. Келишим учуу аралыгы 500дөн 5500 чакырымга чейин жетүүчү жана жерде жайгаштырыла турган канаттуу ракеталарды жасоого тыюу салган.

Брюсселде 31-октябрда НАТО-Орусия кеңешинин быйыл майдан берки алгачкы олтуруму белгиленген. Украина менен Ооганстандагы кырдаал талкуулана турган жыйынга НАТО мамлекеттеринин элчилери жана орусиялык расмий өкүлдөр катышмакчы.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG