Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:36

Ымыркайлар алмашып кеткени 12 жылда билинди


Орусиянын Копейск шаарынын соту төрөт үйүндө алмашып кеткен балдардын ишин карай баштады.

Православ орустардын үйүндө чоңоюп жаткан 12 жаштагы Аня мусулман тажиктердин кызы болуп чыккандан кийин эки үй-бүлө төрөткананын жетекчилигин сотко беришкен. Эми болсо анын өз апасы Юлия Беляева кызы менен каалаган убакытта чектөөсүз жолугушуп туруу мүмкүнчүлүгү берилсин деп кайрадан сотко арыз берди.

Бул окуя, орус гезиттеринин бири жазгандай, Болливуддун киносунан кем калбайт. 1998-жылдын аягында, декабрда Уралдагы Копейск шаарында 15 мүнөт айырмасы менен эки кыз төрөлөт. Энелеринин фамилиялары бир аз үндөш болгондуктанбы же жөнөкөй шалаакылыктанбы, айтор ымыркайларды алмаштырып берип коюшат.

12 жашка толгончо Аня менен Ирина кадимкидей эле өз үйлөрүндө жашап келишти. Бирок славяндарга анча окшобогон, кара көз Анянын атасы бала аныкы эмес деп шектенип отуруп, акыр аягында аялы менен ажырашат.

Алимент төлөөдөн баш тартканда, Анянын энеси Юлия Беляева ДНК анализин жасатууну чечет. Ошентип кызынын биологиялык ата-энеси таптакыр башка адамдар экени дайын болот. Юлия өз кызы жашаган үй-бүлөнү таап, Иринанын атасы - тажик Немат Искандаров менен жолугушат. Ал кезде ал да аялы менен ажырашып кеткен.

Былтыр күзүндө экөө төрөт үйүнүн жетекчилигин сотко берип, моралдык чыгымдар үчүн 5 миллион рубль өндүрүп берүүнү талап кылышкан. Сот аларга 3 миллиондон төлөп берүүгө милдеттендирген.

Кыздар бири-бири менен таанышып, тез эле достошуп кетишти. Бирок Юлия Беляева кызы менен каалаган убакытта, чектөөсүз көрүшүп турууга мүмкүнчүлүк алгысы келип, кайрадан сотко кайрылды. Ал билогиялык кызы шарияттын, мусулмандардын салттарына ылайык тарбияланып жатканына кабатыр болгонун жашырбайт.

Немат Искандаров эки үй-бүлөнүн баалуулуктары, адаттары айырмаланаарын, бул өз кезегинде пикир келишпестиктерге алып келгенин айтат:

- Биз киного көп барбайбыз. Балдарыбыз эртеден кеч интернетте отура беришпейт. Кыска көйнөктөрдү же кыздардын балдар менен ойногонун анча жактырбайбыз. Кызыбыз дискотеканын ордуна аквапаркка барса, Беляева үчүн бул өзүнчө эле бир проблема. Бул жашта сүйлөшкөн жигити жок деп да башын оорутат.

Ата-энелердин айтымында, кыздар баккан үй-бүлөлөрүндө калууну чечишиптир.

Адегенде эки үй-бүлө бири-бирине жакын көчүп, кыздар бир короодо чоңойсун деп ойлошкон экен. Бирок жогорудагы айырмачылыктардан улам ал пландарынан баш тартышты. Сот эми марттын аягында чечим чыгармакчы.

XS
SM
MD
LG