Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:18

Бийликти сындаган Понамаревдун күрөшү


Лев Пономарев
Лев Пономарев

«Адам укуктары үчүн» кыймылынын лидери Лев Пономарев 16 күн камакта жаткандан кийин бошотулду.

Орусиялык укук коргоочу Лев Пономарев «Сеть» жана «Новое величие» иши боюнча кармалган жаштар тууралуу «Эхо Москвы» радиосунун макаласын бөлүшүп, "Фейсбуктагы" досторун акцияга кошулууга чакырган. Бул посту үчүн ал декабрдын башында камакка алынган эле.

Москвадагы Тверь райондук соту 77 жаштагы укук коргоочуну «акция өткөрүү тартибин бузду» деп айыптап, башында 25 күнгө камакка алып, кийин административдик жазаны 16 күнгө кыскарткан.

21-декабрда эркиндикке чыккан Лев Пономарев өзүнүн камакка алынышына күч органдары кызыкдар болгонун айтты:

- Мунун артында ФСБ, атайын кызматтар, Коопсуздук кеңеши, Бортников (Федералдык коопсуздук кызматынын башчысы- ред.), прокуратура турат. Күч түзүмдөрү өлкөнү башкара турган даражага жетип калды. Путин болсо аларды актап-жактап, Адам укуктары боюнча кеңеште мен тууралуу бир нерселерди сүйлөмүш этти. Ал адам укуктарынын гаранты катары өз милдетин аткарбай жатат.

Лев Пономарев – физика-математика илимдеринин доктору. 1980-жылдардан тарта укук коргоочулук ишмердигин жүргүзүп келет. Москвада «Мемориал» коомун негиздөөгө катышып, укук коргоочулардын «Адам укуктары үчүн» кыймылын түзгөн. Мамлекеттик Думанын биринчи чакырылышында депутат, «Другая Россия» коалициясынын мүчөсү болгон.

Пономарев камакка алынгандан кийин Москвадагы кесиптештери менен коомдук ишмерлер президенттин администрациясынын алдына пикетке чыгышкан.

Эл аралык Amnesty International уюму да укук коргоочуну бошотууну талап кылган. Орусиянын президентинин алдындагы Адам укуктары боюнча кеңеш да сотко Пономаревго жазаны жеңилдетүү өтүнүчүн билдирген.

Камактагы укук коргоочу соттон 11-декабрда кесиптеши - 92 жашта каза тапкан Людмила Алексееваны акыркы сапарга узатуу аземине катышууну суранган. Бирок уруксат ала алган эмес.

Лев Пономарев менен Людмила Алексеева
Лев Пономарев менен Людмила Алексеева

20-декабрда Кремлдеги басма сөз жыйынында укук коргоочу Пономаревдун камакка алынышы боюнча суроо узаткан журналистке Владимир Путин соттордун ишине кийлигишпесин айткан.

- Мен соттордун чечимине шек келтирип, кабыл алынган чечимдин акыйкаттуулугунан күмөн санаткым келбейт.

Пономарев катышууга чакырган «Сиздин жана биздин балдарыбыз үчүн» деген ураан менен уюштурулган акция 28-октябрда Москва, Санкт-Петербург, Нижний Новгород, Ростов-на-Дону, Иркутск жана Пензада өткөн. Жергиликтүү бийлик акция өткөрүүгө уруксат берген эмес.

Пономарев мындан ары да «Сеть» менен «Новое величие» иштери боюнча кармалгандарды коргоо ишин улантарын айтууда.

- Мен «Сеть» жана «Новое величие» боюнча ишимди улантам. Бул иш Орусиядагы абалды өзгөртүү үчүн башталгыч гана кадам боло алат. Булар кармалгандарды ток менен кыйнап көрсөтмө алышкан. Эми ошого таянып, соттогону жатышат. Кремлден буйрук бергендер «21-кылымда мындай иштерге жол берүүгө болбосун» түшүнүшү керек.

Федералдык коопсуздук кызматы «Сеть» жана «Новое величие» иши боюнча 21 адамды экстремизмге айыптаган. Бул эки топтун 18-30 жаштагы мүчөлөрү «Орусиядагы бийликти кулатууну көздөгөн» деп айыпталып жатышат. Балдардын ата-энелери муну «күч органдары уюштурган чагымчылдык» катары баалап келишет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG