Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:38

Москвада кыргызстандык жаран киши колдуу болду


Мигранттардын документин текшерип жаткан полиция. Сүрөттүн окуяга тиешеси жок.
Мигранттардын документин текшерип жаткан полиция. Сүрөттүн окуяга тиешеси жок.

Москвада кыргызстандык жаранды жана армян тектүү бир тургунду өлтүрүүгө шектелген адам кармалды. Орусиялык маалымат каражаттары бул окуяны такырбаштар жасаган деген версияны жазышты.

Москвада кыргызстандык жаранды жана армян тектүү бир тургунду өлтүрүүгө шектелген адам кармалды. Бул тууралуу Тергөө комитетинин башкармалыгынын өкүлү Александр Никитинге таянып, “РИА новости” кабарлады.

Күч органдарынын маалыматы боюнча, эки кишиге бычак сайган адамдын аты - жөнү - Иван Скоркин. Ал кылмыш жасаган учурда мас болгону айтылууда. Буга чейин бейбаштык кылганы үчүн эки ирет соттолгон.

Окуя Москва шаарында 12-августка караган түнү болгон. Маалыматка караганда, кыргызстандык жаран Рязанская көчөсүндөгү дүкөнгө барган жеринде кол салууга кабылган. Кокустан пайда болгон кылмышкерлер дүкөн ээсине жана кыргызстандык жаранга бычак сайып өлтүрүп кетишкен. Аларга жардам берүүгө келген дагы бир кишини жарадар кылышкан. Полиция окуяны иликтеп жатат.

Мурдараак орусиялык маалымат каражаттары Рязанская көчөсүндө такырбаштардын колунан эки адам набыт болгонун, алардын бири кыргызстандык, экинчиси армениялык экенин жазышкан.

Каза тапкан кыргызстандык Кара-Суу районунун тургуну экени кабарланды жана сөөгү мекенине кечээ жөнөтүлдү.

Ушул жылдын 2-майында да Москвада жергиликтүүлөрдүн токмогуна кабылган кыргызстандык Актан Касымов каза тапкан. Ал Москвада чач тарач болуп иштеп жүргөн.

Мындан тышкары, апрель айында Москвадагы метро вагондорунун биринде кыргызстандыктарды уруп-сабаган окуя катталган. Ал боюнча төрт орусиялык кармалганын “Азаттыкка” Москва метросундагы ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Алексей Мишляев билдирген болчу. Алардан аңчылык бычагы, электрошокер табылган. Сурак учурунда алар кылмышын мойнуна алышкан.

- Жабыркагандардын экөө тең Кыргызстанда төрөлгөн. Кыргыз улутундагылар. Ыкчам иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери аларды ур-токмокко алган деген шек менен төрт кишини кармады. Алгач 213-берененин 2-бөлүгү менен “адамдар тобунун бейбаштыгы” деген негизде кылмыш иши козголгон. Алардын үчөө жашы жетелектер болгондуктан мындан аркы иш Тергөө комитетине өткөрүлүп берилди, – деген Мишляев.

Бир топ орусиялык маалымат каражаттары полициядагы булактарына таянып, метродогу окуяда такырбаштар мигранттарга улутчул негизде кол салганын, телефондорунан улутчулдук белгисинде колун көтөрүп түшкөн сүрөттөрү табылганын жазышкан. Бирок, Мишляев муну четке кагып, аларды футбол фанаттары гана деп атап, кылмышка түрткөн себептер тергөөдө аныкталарын кошумчалаган.

Орусиянын Миграция башкармалыгынын апрель айындагы маалыматына ылайык, учурда Орусияда 600 миңге чукул кыргызстандык эмгектенет.

Быйылкы жылдын январь - июнь айларында Москва шаарынан жана Москва облусунан өз ажалынан же ар кандай кырсыктан каза тапкан 77 кыргызстандыктын сөөгү Кыргызстанга келген. Былтыр болсо Москва шаарынан жана Москва облусунан 157 мигранттын сөөгү жөнөтүлгөн.

Орусияда ашынган улутчулдардын мигранттарга кол салуулары 2007-2010-жылдар аралыгында абдан күчөп кеткен. Соңку учурда деле чет элдиктерди кодулаган көрүнүштөр жоюлбаганын интернетке жарыяланган видеолор, кабарлардан улам байкоого болот.

XS
SM
MD
LG