Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:35

Буудайдын кымбатташы Орусияны ойго салды


Буудай талаасы, Краснодар.
Буудай талаасы, Краснодар.

Орусияда октябрдан тарта дан азыктарынын кымбатташы күтүлүп жатат.  Эксперттер муну буудай менен унга баанын өскөнү менен түшүндүрүшүүдө.

Орусияда эксперттер азык-түлүк 12-17 пайызга чейин кымбаттай турганын болжоп турушат. Мындай кымбатчылыкка өлкөдө кошумча нарк салыгынын көтөрүлүшү, доллар менен евронун курсунун өсүшү, коммуналдык кызматтар менен күйүүчү майдын баасынын жогорулашы себеп болмокчу.

Октябрдан тарта Орусияда дан азыктары 10 пайызга чейин кымбаттарын «Руспродсоюз» азык-түлүк өндүрүүчүлөр ассоциациясынын директору Дмитрий Востриков айтып чыккан.

- Акыркы убакта буудайга баа көтөрүлүп жатканын көрүп жатабыз. Буудай бизде бир топ тармак үчүн башкы сырье. Валюта курсунан улам абал оорлоп жатат.

Азык-түлүк дүкөнү, Орусия.
Азык-түлүк дүкөнү, Орусия.

Востриковдун маалымдашынча, орус базарында азыр үчүнчү сорттогу буудайга баа 10 рублдан 12 рублга чейин көтөрүлгөн. Мындан улам ундун баасы августта 16 рубль болсо, сентябрдын ортосунан баштап бир килограммы 18,5 рублга чейин кымбаттаары күтүлүп жатат.

Эксперт кымбатчылыкка рублдин арзандашы таасир этип жатканын белгиледи.

- Бизде баары доллардын курсуна байланыштуу. Биз бир нече жолу муну анализдегенбиз. Буудайды өзүбүз өндүрөбүз, өзүбүз колдонобуз. Бирок аны иштетип, башка азык-түлүк өндүрүүдө чет өлкөдөн келген импорттук жабдыктарды, кошумча азыктарды алабыз. Каржы аналитиктери айткандай, доллар 75 рублга чейин көтөрүлсө, рынок эмне болорун болжолдогум да келбейт.

Орусиянын дан азыктары союзунун вице-президенти Александр Корбут өлкөдө кошумча нарк салыгынын көтөрүлүшү, коммуналдык кызматтар менен күйүүчү майга баанын жогорулашы дан азыктарынын 6,5 пайызга кымбатташына түрткү болорун болжолдойт.

- Материалдар менен жабдыктар чет өлкөдөн сатылып алынат. Бул кошумча чыгым. Андан тышкары күйүүчү май, коммуналдык, транспорт кызматтары арзандаган жок. Өндүрүшчүлөр кошумча нарк салыгынын көтөрүлүшүн да эске алышат. Ооба, буудай – социалдык товарлардын категориясына кирет, өкмөт ага салыктан атайын жеңилдик берген. Бирок башка чыгымдар көбөйгөндүктөн, минималдуу 2 пайызга кымбатташы күтүлөт.

Бул арада орус бийлиги калкты тынчтандыруу аракетинде.

Орусиянын Айыл чарба министрлиги буудай менен ундун кымбатташы дүкөндөгү нандын баасына кескин таасирин тийгизбейт деп кабарлаган. Ошол эле маалда дан азыктарына баа күйүүчү май, энергоресурс жана башка факторлордон улам эмки жылга чейин акырындык менен өзгөрө турганын билдирген. Орус өкмөтү базардагы бааларды туруктуу кармаш үчүн ички рынокко 1,5 миллион тонна буудайды сатыкка чыгара турганы да маалымдалды.

Дүкөн.
Дүкөн.

Федералдык монополияга каршы кызмат нан чыгаруучу мекемелер көзөмөлгө алынарын билдирип, калкты дүрбөлөң түшпөөгө чакырган.

Ишкер, экономист Дмитрий Потапенко өкмөттүн билдирүүлөрүнө ишенбестик менен карайт. Потапенко жакынкы арада орус базарындагы кескин кымбатчылыкты болжолдойт.

- Мен мурдатан эле азык-түлүк 11-17 пайызга кымбаттарын эскерткем. Бул күтүлгөн нерсе. Коммуналдык кызматтар менен күйүүчү майдын кымбатташы, рублдин арзандаганы, пенсия реформасы – бир көйгөйдүн учу. Дүкөндөрдө товарлардын 200 тобу бар. Жашылча-жемиш баасы анча көтөрүлбөйт. Дан азыктарынан тышкары эт сөзсүз кымбаттайт. Эт боюнча биздин базарда ансыз деле каатчылык бар. Баалар келерки жылы да көтөрүлөт.

Орусияда сүт-май азыктары да кымбаттарын өлкөдөгү өндүрүүчүлөр мурдатан эле билдиришкен. Кошумча нарк салыгы башкы керектөөдөгү азык-түлүктөргө киргизилсе, калктын сатып алуу жана керектөө мүмкүндүгү кескин кыскара турганы эскертилген.

«Левада-борборунун» маалыматы боюнча азыркы кезде орусиялыктардын 63 пайызын азык-түлүктүн кымбатташы кооптондурат. Андан тышкары сурамжылоого катышкандардын 47 пайызы жакырчылык, 40 пайызы жумушсуздук, 35 пайызы экономикадагы кризис, өндүрүш менен айыл чарбасынын начар акыбалына кооптонуусун билдирген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG