Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:30

Сергей Удальцов үй камагына кесилди


Сергей Удальцов
Сергей Удальцов

Ишембиде Москвадагы сот “Солчул фронт” деп аталган оппозициялык кыймылдын лидери Сергей Удальцовду 6-апрелге чейин үй камагында кармоо чечимин чыгарды.

Сот залына бараткан жерден журналисттерге сүйлөп, Удальцов аны бийликтер Орусиянын саясий турмушунан оолак кармоого аракет кылып жатышканын айтты.

"Мен Тергөө комитетинин жүйөөлөрүндө эч бир негиз жок, эптеп эле жасалма айып тагылып жатат деп эсептейм. Алар мени коомдук турмушка аралаштырбоого аракет кылышат, - деди ал. - Анткени бийликтер азыркы басымга, кысымга карабай, мен баары бир массалык нааразылыкка катышып, аларды уюштуруп жатканыма тоюп бүтүштү. Аларга бул жакпай атат".

Басманный сотунун судьясы Артур Карпов активист Удальцовду камоого негиз болгон жүйөөлөрдү өзүнүн өкүмүндө мындайча окуду:

"Удальцовго тагылган айыптын оордугун, анын тергөө койгон чектөөлөргө каршы жүрүм-турумун, эгер боштондукта болсо кылмышын дале уланта берерин, тергөө ишине тоскоолдук кылышы мүмкүндүгүн, өзүнүн жеке мүнөзүн, жашын, ден-соолугун, үй-бүлөлүү экенин жана ишин эске алып, Кылмыш кодексинин 97-99-беренелеринин негизинде сот Удальцовдун баш коргоо чарасы үй камагы менен алмаштырылсын деп тапты".

Буга чейин Удальцовго өлкөдөн чыкпоого буйрук берилген эле.

Сот чечимин окуп бүтөөрү менен залдан “Наалат!”, “Уят!” деген өңдүү кыйкырыктар угулду. Кичинекей сот залына ондогон журналисттер жана активисттин тарапкерлери араң батышканы айтылууда.

Чечимге ылайык, Удальцов өзүнүн үй-бүлөсү, адвокаттары жана тергөөчүлөр, укук коргоо органдарынан башка эч ким менен жолугуша албайт.

Андан сырткары, ага телефон, интернет колдонууга, кат алып, кат жазууга тыюу салынды.

Тергөөчүлөр ага каршы даярдаган жүйөөлөрүндө Удальцов айыпталган башка мүчөлөр Леонид Развозжаев жана Константин Лебедев менен бирге өткөн жылы мамлекетте массалык башаламандыкты уюштуруш үчүн бир канча ирет чет өлкөлүк жарандар менен жолугушкан делет.

Тергөөчүлөрдүн ишениминде, Удальцов жана башка оппозициялык активисттер грузин жараны Гиви Таргамадзе менен жолугушкан. Таргамадзе алардын айтымында, оппозицияга Москвада былтыр майда “Болотная” аянтында өкмөткө каршы митинг уюштурганга жардам берген.

Сергей Удальцов өзү массалык башаламандыкты пландаганын четке кагууда.

Былтыр 6-майда Орусиянын жаңы шайланган президенти Владимир Путиндин инаугурациясынын алдында айтылуу “Миллиондор маршы” өткөн. Анын катышуучулары парламенттик жана президенттик шайлоолордун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылышкан эле.

Акция учурунда митингчилер полиция менен кагылыша кетишкен болчу. Бийликтер ал тополоң атайын даярдалганын жана сырттан каржыланганын айтып, НТВ телеканалынын “Нааразылык анатомиясы-2” деген программасынын негизинде кылмыш ишин козгошту.

Азыркыга чейин Удальцов ошол программанын негизинде айыпталгандардын ичинде түрмөгө отургузула элек акыркы адам. Аталган иштеги дагы эки фигурант Константин Лебедев менен Леонид Развозжаев бир нече айдан бери түрмөдө жатышат.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG