Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:24

Познер: Төбөдөгүлөр элден коркушат


Владимир Познер. 18-октябрь, 2012
Владимир Познер. 18-октябрь, 2012

78 жаштагы Владимир Познер Орусиядагы таанымал инсан.

Тележурналист өткөн айда 1-телеканалдагы популярдуу программасында сотторду, оппозиция активисти Геонид Развозжаевди уурдоону жана аны кыйнап-коркутууга байланыштуу окуяны КНБнын тактикасын эске салат деп, Pussy Riot рок-группасын соттоону сындаган.

28-октябрдагы телеберүүдөн кийин Познерди кызматтан айдоону талап кылган адамдар өкмөттүк каналга телефон чалышкан. Бул талапты Мамдуманын депутаты, бийликтеги “Бирдиктүү Орусия” партиясынын мүчөсү Илья Костунов да колдогон. Владимир Познер жакында Вашингтондо болгондо “Азаттыкка” маек курду.

- Сиз эмне үчүн бул сыяктуу катуу сынды айтчу, болгондо да мамлекет көзөмөлдөгөн телевидениеде айтканга мезгил келди деп чечтиңиз?

В. Познер: Биринчиден, телевидение мен каалаган адамга үнүм жетчү бирден бир жай. Албетте мен оюмду өз сайтыма же журналга жаза алам. Бирок аны өтө эле аз адам окуйт. Менин калың элге үнүм жетчү бирден бир жол - өкмөт түз же кыйыр контролдогон үч телеканал. Андан башка эч нерсе жок.

Экинчиден, мен муну айтышым керек экенин жон терим менен сезип жаткам. Развозжаев менен болгон окуя жарым-жартылай нормалдуу деп эсептелген юридикалык системага такыр сыйбаган жана түшүнүксүз иш.

Менин өз оюмду маанилүү деп айтканымдын дагы бир себеби: мен бул жашоодон не оппозициячыл инсан, не өкмөтчү инсан катары өткүм келбейт. Мен көптүн бири катары болгум келет. Ошондуктан сын көз карашымды эл уккандай катуу айтсам, коомдо чоң кызыгууну жаратат. Анткени башкалар демейде күтүүсүз эч нерсе деле айтышпайт. Мен алар өңдүү эмесмин, ошон үчүн жанагыдай ач кыйкырыктар болууда деп боолгойм.

- Сиз Кремлдин ичинде кандайдыр бир жараканы, тагыраак айтканда, сиз айткан сын көз караштарды тыңшаганга көңүлү бар адамдардын пайда болгонун билдирген белгилерди көрүп жатасызбы?

В. Познер: Бул суроого жооп берүү мен үчүн абдан оор. Сиз билесиз да: кээде биз бул жакта жок нерселерди көргүбүз келет. Мен кандайдыр бир реалдуу жарака бар деп ойлобойм. Ал үчүн негизинен Путин мырза жооптуу деп ойлойм. Коомдун өнүгүүсү боюнча (президент) Путиндин жана (премьер-министр) Медведев мырзанын көз карашында кээ бир айырмачылыктар болушу мүмкүн. Бирок ортодо жарака жок. Бул адамдар ортосундагы кадыресе айырмачылык. Кремлде менин көз карашымды колдогон жана колдобогон айрым адамдар бар экенин билем. Бирок Медведев жана Путиндин пикири жөнүндө так билбейм.

- Сиз Развозжаевдин окуясына байланыштуу өз тынчсызданууңузду ачык билдиргенсиз. Бирок Орусияда жакында чет элдиктер түзгөн бейөкмөттүк уюмдар, чыккынчылыктын аныктамасы, саясый жыйындарга жана башкаларга байланыштуу чоң өзгөрүүлөр болду. Бул өзгөрүүлөр авторитаризмди дагы бекемдейт дешет кээ бирөлөр. Жалпысынан алганда, болуп жаткан өзгөрүүлөрдү сиз кантип мүнөздөйсүз?

В. Познер: Мен аларды мындай деп мүнөздөйм. Эң алды айтарым: алар карманган жол мага жакпайт жана менин сезишимче анда параноянын элементтери бар. Ал мыйзамдардан көрүнүп турат. Митингдер жөнүндөгү мыйзам сыртынан нормалдуу сыяктанат. Бирок аны репрессия үчүн колдонсо болот. Чыкынчы же чыккынчы эместерге байланыштуу мыйзамды да түрдүүчө пайдалануу мүмкүн. Бул аябай коркунучтуу нерсе. Мунун баары Конституцияда аныкталган. Кошумча мыйзамдардын кереги жок.

Менин байкашымча, жогору жактагы кээ бирөөлөр коркуп калган жана алар өкмөттү улам аз колдоп бараткан адамдарды контролдоонун жолдорун тапканга аракеттенишүүдө.

- Cиз айткан сын пикирлердин адамдарга тийгизген таасирин сезип жатасызбы?

В. Познер: Коомдогу реакцияга карап, сөзүмдү көп адамдар укту деп ачык айта алам.

Развозжаев жана 1930-жылкы НКВД жөнүндө сүйлөгөнүмдө, адамдар ошол кездегидей жасабаган ишин да жасадым деп мойнуна алганга мажбурланган деп түз эле айтканмын. Анткени полициянын өкүлү Развозжаев айыбын мойнуна алды дебеди беле. Мен уруп-кыйноо жана башка ыкмалар колдонулган чакта мойнуна алуу эч нерсени билгизбейт деп ишарат кылгам.

Мен журналист ирети өзүм туйган нерсени айткам. Чынында менде башка мүмкүнчүлүк жок. Сен өзүңдү эркин сезүүң үчүн айрым нерселер керек. Же “Эркиндигиң курусун. Мен мындай кылбайм”,-деп айтышың абзел. Мени ушул нерсе аракеттендирүүдө. Сөздү көп адамдар укчу да убакыт келди. Мунун коркунучтуу жагы да бар. Себеби сөзүңдү ар кыл адамдар угат жана баарына эле сөзүң жага бербейт. Ошон үчүн кээ бирөөлөр мени иштен айдалсын деп жатышпайбы.

XS
SM
MD
LG