Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:36

Орусияны «кара суу жыландан» сактасын


Кытайдын астрологиялык жылнаамасы боюнча 10-февралда Жылан жылы башталат. Орусияда дал ушул жылда ар кандай коогалуу окуялар болуп келгендиктен, быйыл кантет болдук экен деп жүрөк заада болгондор көп.

Кытайлык жаңы жылда от оюндары жана майрамдык салтанаттар көпчүлүктү өзүнө тартат. Антсе дагы 10-февралда башталып жаткан Жылан жылды жантыгынан жата калып күткөндөр көп эмес. Себеби Жылан жыл адатта өткөн Ажыдаар жылына караганда коогалуу болушу мүмкүн деп саналат.

АКШда 11-сентябрдагы чабуул, Кытайда Тьян-Янмень аянтындагы кыргын, Батыштагы Улуу Депрессия Жылан жылы болгон.

Анысы аз келгенсип, быйылкы жыл 60 жылда бир болуучу астрологиялык элементтер тогошкон, демек ар кандай коога же капсалаң болуп кетиши мүмкүн болгон «Кара суу жылан» жылы катары белгилүү.

Айрым себептерден улам, 2013-жыл Орусияда айрыкча жүрөк заада кылчу жыл катары кабыл алынууда. Себеби өлкөнүн өзгөчө соңку тарыхында эң коогалуу же бурулуш окуялар дал ушул жылга туура келген.

Павел Свиридов Убакытты изилдөө корун жетектейт жана футуролог же кыргызча - балчы. Жакында правда.ру интернет сайты менен маегинде Жылан жылы Орусия оомалуу-төкмөлүү, кыйын кезеңдерди башынан кечирет деп айтты:

Жылан жыл Орусия үчүн ар дайым өтө маанилүү болгон. Анткени дал ушул жылы коомдук, саясий турмушта терең өзгөрүүлөр орун алат. 12 жыл айлампасы өтүп, мына 2013-жыл келди. Быйылкы Жылан жылы да биздин өлкөдө чоң өзгөрүүлөрдү алып келет.

Орусиянын ХХ кылымдагы тарыхына көз жүгүртсөк, Жылан жыл "эптеп аман чыксак экен" деп жалына турган мезгил экендигин баамдайбыз.

1905-жылан жылда Биринчи Орус ыңкылабында жумушчулардын массалык нааразылыктары ак падышанын басмайылын бошоткон. Орус империализми туура 12 жылдан кийин 1917-жыл большевиктердин төңкөрүшүндө биротоло тамам болгон.

Андан кийинки Жылан жылы 1929-жылы советтик өкмөт элдин жерин, малын тартып алган агрардык реформаны баштаган. Коллективизация деген ат менен тарыхка кирген ал реформанын кесепетинен миллиондогон элдер жер которуп, массалык кырылууга дуушар болгон.

Дагы 12 жылдан кийин, 1941-жылы Улуу Ата Мекендик согуш башталып, миллиондогон советтик жарандын сөөгү сөпөт болду. 1953-жылы диктатор Сталин кайтыш болду, бул алаамат беле, же элдин акыры багы ачылган күн беле? Бул өзүнчө маселе.

Ал эми 1989-жылы Чыгыш Европада башталган козголоңдор эки жылдан кийин Советтер Союузунун кыйрашына алып келген.

Албетте ортодо жай баракат өткөн Жылан жылдар болгондугун эске алганда, бул жыл жаңырган сайын чочулоонун кереги жок. Бирок жыл башынан бери Орусияда алдыдагы айларда чоң окуялар болот деген сөз көбөйдү.

Астрологиялык астроскоуп.ру сайты жаңы орус революциясы болот дебесе дагы 2013-жылы өлкөнүн каржылык базарлары кыйрайт деп боолголоду.

Башка балчылар Орусиянын бактысынан анчалык күмөн санашпайт. «Кудай анын бетин ары кылсын, бирок капсалаң болсо, андан биз эле эмес, океандын ар жагындагылар да оңкосунан сайылышы мүмкүн» дейт балчы Михаил Чистяков өзүнүн интернет сайтында.

Башка көз ачыктыктардын айтымында, азыр Орусия будуң-чаңдан обочо, балким идеологиясы жайдак болсо дагы коомдо тынчтык өкүм сүргөн 52 жылдык саясий боштуктун алгачкы он жылын башынан өткөрдү.

Үстүбүздөгү Жылан жылда мындай божомол айчыкча орусиялык саясатчылардын көңүлүнө майдай жагат болуш керек.

XS
SM
MD
LG