Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:24

Орусия: бала бакчадагы кыйноо


Интернетке жайгаштырылган видеодон алынган сүрөт.
Интернетке жайгаштырылган видеодон алынган сүрөт.

Орусиядагы бала бакчада тарбиячылардын наристени кордогон дагы бир учуру ачыкка чыкты. Бул ирет Краснодар шаарындагы бакчанын башчысы беш баштагы баланы жерди өбүүгө мажбурлаганы тартылган видео Интернетке тарады.

Баланы чөгөлөтүп, жерди өбүүгө мажбурлап жаткан учур тартылган видео Интернеттеги "YouTube" каналында 1-майда пайда болду. Кийинчерээк окуя Орусиянын Краснодар шаарындагы №74 балдар бакчасында болгону, беш жаштагы наристени кордоп, күч менен жерди өптүрүп жаткан аял бул мекеменин башчысы экени ачыкка чыкты. Бирок анын аты-жөнү жарыялана элек. Видеодо ал баланы Орусияны, мекенин сүйбөгөнү үчүн жазалап жатканын айткан:

"Мени кара! Акмак, сени эмне кылыш керек? Башыңды жулуш керекпи? Чөгөлө, акмак! Сенин курсагыңды тойгузуп, ичиндирген жерди өп!" - деп кыйкырган жетекчи кол алдында иштеген педагогдорду да катуу урушуп, аларды "патриоттук сезими жок макулуктар" деп атаган. Келечек муунга "адеп-ахлактык жактан туура тарбия бербейсиңер" деп урушуп жатканы да тартылган.

Видеону бала бакчадагы кыйкырыкты угуп калган аялдардын бири жаздырып алганы айтылууда. Маалыматка караганда, 30-апрелде окуя болгон балдар бакчасы "Звездочка" деп аталат. Бул видео Интернетке тарап, коомчулукта сын жараткандан кийин Краснодар шаардык билим берүү департаментинин директору Алексей Некрасов бала бакчанын жетекчиси иштен алынат деп билдирди:

"Балдар бакчасынын жетекчиси жакын арада жумуштан айдалат. Анын кылыгы кабыл алынгыс. Баланы шылдыңдап, кордоо менен ага психикалык гана эмес, физикалык зыян да келтирип отурат. Иш жүзүндө бардык балдарды кордоду".

Кийинчерээк бала бакчанын башчысы өз жоругун жазаланган баланы тарбиялоо оор болгону жана ал бала Орусияны жек көрөрүн айтканы менен түшүндүрдү. Полиция окуянын чоо-жайын териштирүүгө киришти.

Ал тапта Мамлекеттик Думага Краснодар крайынан депутат болгон Светлана Бессараб педагогдун кадамын "жапайычылык" деп баалап, ага укуктук баа берүү өтүнүчү менен прокуратурага кайрылды.

Орусиянын бала бакчаларында мындай көрүнүштөр биринчи жолу болуп жаткан жок. Мурда Омск калаасында тарбиячы балдардын оозун скотч менен чаптаса, Красноярск шаарында наристелерди даараткана тазалатып, кордогон учурлар кездешкен. Ата-энелердин бири, Красноярск шаарынын тургуну балдары бакчага баргысы келбей турганын айтып берген:

"Балдардын үрөйү учуп калган. Алар стресс абалында. Дааратканага баргандан коркуп калышкан".

Былтыр февралда Волгоград облусунун Михайловка шаарында жайгашкан бакчалардын биринде иштегендер балдарды тизелетип, Экинчи Дүйнөлүк согуштагы Сталинград салгылашуусунда советтик армиянын жеңишинин урматына "75" деген жазуу жазышкан. Алардын бул аракети "курулай патриоттук акция" катары сынга алынган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG