Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:08

Орусиядагы авиакырсыкта 31 адам мерт болду


Орусия -- Чукул кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары кырсык болгон жерде ыкчам аракеттерди көрүүдө. Тюмень, 2-апрель.
Орусия -- Чукул кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары кырсык болгон жерде ыкчам аракеттерди көрүүдө. Тюмень, 2-апрель.

Дүйшөмбү күнү таң азанда Тюмен шаардык аэропортунан абага эми көтөрүлүп бараткан учак кыйроого учурады.

Учактагы 43 адамдын 12си тирүү калганы, бирок алар оор абалда экени ырасмий кабарланды. ATR-72 учагы Тюменден Сургут шаарына бараткан. Кырсыктын себеби иликтенүүдө.

ATR-72 учагы Тюмендин "Рощино" аэропортунын абага көтөрүлөр замат байланыш үзүлгөнү ырасмий маалымдалды. Учак 650 чакырым түндүктөгү Сургут шаарына бараткан. Сибирь койнундагы Тюмень шаары Орусиянын мунай борбору саналат.

Чукул кырдаалдар министрлигинин аймактагы өкүлү Марина Бубкина 2-апрелде орус телеканалына: “Аба кемесинде 39 жүргүнчү жана экипаждын төрт мүчөсү болгон. Алдын ала маалымат боюнча, учак абага көтөрүлөр замат радардын экранында көрүнбөй калган жана экипаж диспетчер менен байланышка чыккан эмес”, - деп билдирди.

Чукул кырдаалдар кызматы башка учактын маалыматына таянып, кыйраган самолетту Тюмен аэропортунан 1,5 чакырымдай алыстан тез эле табышкан. Учак жерге түшкөндө экиге бөлүнүп, өрттөнүп кеткен.

Чукул кырдаалдар кызматынын Тюмен облустук башкармалынын башчысы Юрий Алехин кыйраган самолетту мындай сүрөттөдү:

- Самолет тең бөлүнүп калган. Бир жарымы бир жерде, экинчи жарымы башка жерде жатат. Ушунча адамдын тирүү калганы кубандырат.

Соңку маалымат боюнча, учактагы 43 адамдын 12си тирүү. Экөөнүн абалы өтө оор. Экипаждын төрт мүчөсүнүн баары тең набыт болгон.

Тергөөчүлөр учак террордук чабуулдун курмандыгы болушу мүмкүн деген версияны негизсиз деп четке кагышты. Орусиянын тергөө кызматынын башчысы Владимир Маркиндин айтышынча, учактын авиарияга кабылышына техникалык кемчилик же учкучтардын жаңылыштыгы себеп болушу ыктымал.

ЮТейр компаниясынын менчигиндеги учак “Сургутмунайгаз” камсыздандыруу коомунда камсыздалган экен. Ошон үчүн жабыркаган адамдар үчүн чыгымды ушул компания көтөрөрүн ИТАР ТАСС маалымдады.

Авиа апаатка байланыштуу президент Дмитрий Медведев күн тартибин өзгөрттү. Авиа өнөр жайынын алдыңкыларын сыйлоо салтанаты кийинге жылдырылды.

Сибирде авиакырсыкта 31 киши набыт болду
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:55 0:00

Француздар жана италиялыктар чогуу жасаган ATR-72 кыска аралыкка учуучу эки моторлуу турбовинттүү самолет. 1988-жылдан бери пайдаланууда. Ал 72 жүргүнчү менен 1000 чакырымга чейин уча алат. ATR-72 канаты көмүр кычкылтегинин булаларын колдонулуп, композиттик материалдардан жасалган биринчи коммерциялык учак. Өз тибиндеги башка учактарга караганда арзан. Азыр АКШ, Франция, Италия, Финляндияда жана башка өлкөлөрдө колдонууда.

XS
SM
MD
LG