Айрым орус аткаминерлери кеминде үч аптадан бери токтобой жаткан жүрүштөр үчүн Батыш өлкөлөрүнө доомат артышты. Ишемби күнү баш калаа Москвада соңку 8 жылдан берки эң ири нааразылык акциясы өткөн эле.
Орусиянын байланыш жана маалымат технологиялары тармагын көзөмөлдөгөн Роскомнадзор мекемеси «Google» корпорациясын «бийлик уруксат бербеген жүрүштөрдү жарнама кылып жатат» деп айыптап чыкты. Аталган мекеме «Google» ээлик кылган «YouTube» видео порталындагы мындай жарнамаларды токтотууну талап кылып америкалык компанияга тиешелүү кат жөнөткөнүн 11-августта билдирди.
«Маалым болгондой, «YouTube» каналдарына ээлик кылган бир катар түзүмдөр уруксат берилбеген массалык иш-чаралар, алардын ичинде федералдык жана аймактык шайлоолорду үзгүлтүккө учуратууну көздөгөн иш-чаралар жөнүндө маалымат жайылтуу максатында жарнама каражаттарын сатып алышкан», деп айтылат билдирүүдө.
Батышка артылган доомат
Ишемби күнү Москвада 8-сентябрга белгиленген жергиликтүү кеңештерге шайлоого өз алдынча талапкерлердин катышуусуна уруксат берүүнү талап кылган кезектеги жүрүш өткөн. «Белый счетчик» эркин мониторинг бирикмесинин маалыматы боюнча, акцияга 60 миңдей адам катышты. Бирок орус полициясы 10-августта 20 миңдей гана киши көчөгө чыкканын билдирүүдө.
Кантсе да соңку митинг Орусиядагы 2011-жылы Болотная аянтында өткөн акциялардан берки эң ири саясий жүрүш болуп калды. Үчүнчү апта катары менен өткөн бул акцияда 250дөн ашык адам кармалды. 27-июлдагы жана 3-августтагы митингдерде кармалгандар баш-аягы 2300 адамдан ашкан эле.
Орусиянын Федерация Кеңешинин Мамлекеттин эгемендигин сактоо боюнча убактылуу комиссиясынын башчысы Андрей Климов мындай акциялар үчүн сырткы күчтөрдү айыптады. ТАСС маалымат агенттиги аткаминердин «чет өлкөлүк атаандаштар акцияга катышкан орус жарандарынын башын айлантыш үчүн маалымат жана компьютер технологияларын пайдаланып жатат» деген сөзүн жарыялады.
8-августта Климов Орусиядагы митингдер «чет өлкөдөн каржыланып жатат» деп айткан эле.
«Накталай, электрондук капчык жана криптовалюта түрүндө каржылоо уланып жатат. Коммерциялык сүрөөнчүлүк түзүмдөр ишке тартылганы тууралуу фактылар пайда болду», - деп билдирген Климов.
Роскомнадзор да, Климов да бул айткандарын ырастаган далилдерди келтиришкен жок. «Google» корпорациясы «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун комментарий берүү тууралуу өтүнүчүнө жооп бере элек.
«Роскомнадзордун» соңку билдирүүсүнүн алдында, 3-августта Орусиянын Тышкы иштер министрлиги АКШнын Москвадагы элчилигин нааразылык акцияларынын картасын жарыялаганы үчүн айыптап чыккан. Америка элчилиги картаны өз жарандарын митинг өтүп жаткан аймактардан оолак болууга чакырыш үчүн гана жарыялаганын билдирип жатат.
Владимир Путин башында турган орус бийлиги өлкө ичиндеги каршылык акциялары үчүн көп учурда чет өлкөлөргө доомат артат. Путин өзү бийликте турган учурдагы эң ири саясий жүрүш деп мүнөздөлгөн 2011-2012-жылдардагы акциялардын артында АКШнын ошол учурдагы мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон турарын билдирген. Бирок тиешелүү далилдерди көрсөткөн эмес. Анын алдында Клинтон нааразылыкка себеп болгон Орусиядагы парламенттик шайлоонун ачык-айкындуулугунан күмөн санаган болчу.
Интернет жылдыздарынын чакырыгы
Ишембидеги соңку митингдин алдында Орусиядагы таанымал «YouTube» жылдызы Юрий Дудь жана рэппер Oxxxymiron орус полициясынын Москвадагы каршылык акцияларын күч менен басуу аракетин кескин сынга алышкан. Ошондой эле өздөрүнүн миллиондогон күйөрмандарын 10-августтагы саясий акцияга катышууга чакырышкан эле.
Дуддун «YouTube» каналына 5 миллиондой киши катталса, Oxxxymiron бул платформада 1,3 миллион күйөрманга ээ.
«Бул акциялар - чектен чыккан адилетсиздик өкүм сүрүп жатканынын күбөсү. Тактап айтсак, саясий куугунтук болуп жатат. Мен биринчи кезекте ушул себептен улам ушул жакта жүрөм», - деп билдирген ишембидеги акцияга катышкан рэппер Oxxxymiron.
Орус баш калаасындагы мындай каршылык акцияларына Москванын Борбордук шайлоо комиссиясынын өз алдынча талапкерлердин басымдуу бөлүгүн каттоодон баш тартканы себеп болду. Комиссия талапкерлердин көбү топтоп келген кол тамгалар «жараксыз жана жасалма болуп чыкканын» жүйө келтирүүдө.
Шайлоого катыша албай калган Дмитрий Гудков, Любовь Соболь, Илья Яшин сыяктуу активисттер бийликти «өз алдынча талапкерлердин жолун тороп жатат» деп айыптап жатышат.
Кремлдин соцтармактарды көзөмөлдөө аракети
Орусияда улуттук деңгээлдеги телеканалдар менен гезит-журналдардын көбүнө Кремлге ыктаган олигархтар ээлик кылышат. Бирок «Google» жана «Twitter» сыяктуу социалдык платформалар жарандарга бийликтин элегинен өтпөгөн жаңылыктарды алууга мүмкүнчүлүк түзүп келет.
Ушундан улам Орусия социалдык тармактардагы көзөмөлдү күчөтүш үчүн Интернеттеги бийликти сындаган айрым билдирүүлөрдү кылмышка теңегени белгилүү. Ошондой эле айрым веб-сайттарды «кара тизмеге» киргизип, «Google» сыяктуу ири чет өлкөлүк компаниялардан Орусиядагы колдонуучулары тууралуу маалыматты өлкө ичинде гана сактоону талап кылып келет. «Google» Москванын мындай талаптарын аткаруудан баш тартканы үчүн айыппул төлөөгө милдеттендирилген.
Өткөн айда бийликтеги «Бирдиктүү Орусия» партиясынын депутаты маанилүү интернет-компаниялардагы чет өлкөлүк жарандардын үлүшүн 20 пайызга чейин чектеген мыйзам долбоорун сунуш кылды. Орус маалымат каражаттары бул документ Орусиядагы «Яндекс» порталына багытталганын жазып жатышат.