Адегенде саясий-экономикалык кризиске батып, азыр каржылык жана гуманитардык жактан да кыйналып турган бул өлкөнүн президенти Николас Мадуро өткөн аптада Орусияга келип кеткен. Стратегиялык учактар ошондон кийин жөнөтүлгөн.
Орусиянын ракета атып, бомба таштай ала турган ТУ-160 стратегиялык учактарынын же каймана аты “Ак куулардын” экөө, ошондой эле аскердик-транспорттук АН-24 “Руслан”, узак аралыкка учуучу ИЛ-62 учактары Венесуэлага 10-декабрда барып конгон. Бул окуя Москва Каракаста каржалып турган бийликти колдоп жаткандыгын көрсөткөн символ катары кабыл алынган.
Орусиянын Коргоо министрлиги шаршемби күнү, 12-декабрда тараткан видео тасмага караганда, ТУ-160 учактары ал жакка баргандан кийин Кариб деңизинин үстүндө он саат бою айланып учуп жүрүштү. Бул жүрүштө Орусиянын “Ак кууларын” Венесуэланын Аскер-аба күчтөрүнүн карамагындагы СУ-30, F-16 аскердик учактары да коштоп жүргөн.
Москва жана Венесуэла Боливариандык Республикасынын бийлиги “Кариб деңизинин үстүнөн учуу аба мейкиндигин колдонуунун эл аралык эрежелерине ылайык жүргүзүлдү” деп эсептешет.
Анткен менен Америка Өлкөлөрүнүн Уюму Венесуэланын аймагында Орусиянын өзөктүк курал алып жүрүүчү учактарын жайгаштырылышына “олуттуу тынчызданарын” билдирди. Уюм “Венесуэлада чет элдик аскердик миссияөлкө парламенти - Улуттук Ассамблеянын уруксатын албастан турганы Конституцияга каршы келерине” көңүл бурду.
“Андыктан биз муну Венесуэланын эгемендиги үчүн зыяндуу аракет деп баалайбыз”, - деп белгиленет Америка континентинин 35 мамлекети кирген уюмдун билдирүүсүндө.
Анда ошондой эле Венесуэла Латын Америкасында жана Кариб деңизинин боюнда өзөктүк куралга тыюу салган келишимдин катышуучусу экендиги, анын аймагына орус учактарынын Венесуэлага келишинен эл аралык мыйзамдын нормалары да бузулуп жатышы мүмкүн экендиги белгиленди.
Орусиянын Коргоо министрлиги Венесуэлага барган учактардын бортунда өзөктүк курал бар-жогун тактаган жок.
Ал эми АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео “Твиттердеги” баракчасында: “Орусиянын жана Венесуэланын эли бул окуяны кандай болсо ошондой көрүшү керек: эки коррупциялык өкмөт мамлекеттик каражатты ыгы жок чачып, алардын жарандары кыйналып жатканда эркиндикти басмырлашууда”, деп жазды. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков болсо АКШнын мамлекеттик катчысынын бул сөздөрүн “дипломатиялык эмес жана орунсуз” деп баалады.
Ак үйдүн өкүлү Сара Сандерстин айтымында, Орусия аларды “Венесуэлага барган учактар 14-декабрда кетет” деп ишендирүүгө аракет кылууда.
Ал арада президент Николас Мадуро АКШ ага каршы кутум даярдап жатканын айтты, бирок кандайдыр далилдерди келтирген жок.
- Бүгүн бул жерге Венесуэладагы демократияны талкалоо, мени өлтүрүү, Венесуэлага диктатураны таңуулоо үчүн Ак үй даярдаган кутумду кайрадан айыпташ үчүн келдим. Венесуэлада кыянатчылык кылып, чет элдик аскердик кийлигишүүгө жетишүүнү максат кылган кутумдун башчылык милдети Жон Болтонго (АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси) жүктөлгөн. Төңкөрүштүн көздөгөнү - президент Мадурону өлтүрүп, алар айтмакчы “өткөөл өкмөттү” дайындоо, - деди Венесуэланын президенти 12-декабрда Каракастан. Мадуронун бул айткандарына Вашингтон азырынча комментарий бере элек.
Венесуэланын башчысы өткөн аптада эле Орусияга келип, Москва менен аскердик жана экономикалык кызматташтык боюнча жаңы келишимдерди түзүп кеткен. Каракас Москвага азыр кеминде 17 миллиард доллар карыз.
Солчул бийлик башкарган Венеусуэла 2010-жылдан бери экономикалык жана саясий, ал эми акыркы жылдары каржылык жана гуманитардык да кризиске кабылды. Ал түгүл азык- түлүк, тамак-аш жетишпей, өлкөнү гиперинфляция каптап, анын көрсөткүчү соңку бир жыл ичинде бир миллион үч жүз пайызга чейин көтөрүлгөн.
Мекенинен коңшулаш он алты мамлекетке качууга жана кетүүгө аргасыз болгон адамдардын саны үч миллиондон ашты. БУУ ушул айдын башында венесуэлалык качкындар менен мигранттардын муктаждыгы үчүн 2019-жылы кеминде 738 миллион доллар талап кылынарын жарыялаган. Бирок расмий Каракас өлкөдө гуманитардык кризис бар экенин моюнга алган жок.
АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясы Мадуронун бийлигине каршы былтыртан бери бир нече айлампа менен санкция киргизген.