Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:10

Москвада журналисттер баш көтөрдү


Иван Голуновду колдоп чыккан басылмалар.
Иван Голуновду колдоп чыккан басылмалар.

Орусияда иликтөөчү журналист Иван Голуновдун баңгизат сатууга байланыштуу айып менен кармалышы журналисттик коомчулукту козгоду.

«Медуза» басылмасынын иликтөөчү журналисти Иван Голунов 7-августка чейин үй камагына чыгарылды. Москванын Никулин райондук соту ага байланыш каражаттарын колдонууга, кылмыш ишинин башка фигуранттары менен сүйлөшүүгө тыюу салды.

«Мен эч качан баңгизат колдонгон эмесмин. Кылмыш иши баңгизат боюнча козголгонун мен полициядан гана уктум», - деген Голунов сотто. Журналист өзүнүн камакка алынышын көрүстөндөр боюнча иликтөөсүнө байланыштырат.

Иван Голунов.
Иван Голунов.

«Мага маалымат берген булактар «муну жазбай эле койчу» деп кайра сурана башташты. Алар «баары жакшы эле иштеп жатат, бизге мүшкүлдүн кереги жок» дешти. Бул макаладан кийин биздин редакцияда текшерүү болгон. Мен маселени дагы казып иликтей баштаганымда мени токтотууга аракеттер болгон», - деди ал сотто.

Голунов 6-июнда Москвада кармалган. Журналистке ири өлчөмдө баңгизат сатуу боюнча айып коюлган. Орусиянын Жазык кодексинде бул берене боюнча 10 жылдан 20 жылга чейин түрмөгө кесүү каралган.

8-июнда адвокаты Павел Чиков журналисттин мээси чайкалып, кабыргалары сындырылганын кабарлаган. Кийин абакка «Тез жардам» чакырууга уруксат берилип, медиктер журналисттин денесиндеги тактарды тастыктап, ал ооруканага жаткырылган. Бирок кийинки күнү эле оорукананын жетекчилиги тарабынан чыгарылып, сотко жөнөтүлгөн.

Журналисттер Голунов кесиптик иши үчүн кысымга кабылып жатканын айтып, кылмыш ишин жабууну талап кылышууда. Голуновдун кармалганы, кийин сабалганы маалым болгондо эле журналисттер, жарандык активисттер, укук коргоочулар ИИМдин ишин кескин сынга алып, пикеттерге чыга башташты.

Сот күнү Москвада жүздөгөн адамдар «Эркиндик», «Бүгүн Голунов, эртең биз» деген ураандар менен көчөгө чыгып, сот имаратынын алдына чогулушкан.

Орусиянын Саламаттык сактоо министрлигинин наркологу Евгений Брюн Голунов 8-июнда тапшырган тестте баңгизат аныкталбаганын билдирген.

Кесиптештери анын камакка алынышын Москванын бийлигиндеги коррупция, көмүскө бизнес тууралуу иликтөөлөрүнө байланыштырышат.

Галина Тимченко.
Галина Тимченко.

«Журналисттер мынчалык бириккен эмес. Журналисттик коомчулук биз азыр «токтогула» деп айтпасак, акыры ар бирибиздин артыбыздан келерин түшүндү окшойт», - дейт «Медуза» басылмасынын башчысы Галина Тимченко.

Журналистти колдоп орусиялык медиа баш көтөрүүдө. Орусиянын алдыңкы гезиттери «Ведомости», «Коммерсант» менен РБК башкы бетинде «Мен/Биз Иван Голунов» деген жазуу менен чыкты. Журналисттер профсоюзу, «Дождь», «Медиазона», «Новая газета», «Republic», «The Village», «МБХ Медиа» жана башка бир катар ЖМКлардын редакциялары тилектештик билдирип, кылмыш ишин жабууну талап кылышууда.

Москвада 12-июнда дагы бир жүрүш өткөнү турат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG