Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:43

Москванын ФИФАга пара бергени ашкере болду


АКШ Орусия футбол чемпионатын өткөрүү үчүн пара бергенин айтып чыкты.

Эл аралык футбол федерациясы - ФИФАнын мурдагы вице-президенти Жек Уорнер Орусиядан 5 миллион доллар, ФИФАнын аткаруу комитетинин мурдагы мүчөсү Рафаэл Сальгеро Орусиянын пайдасына берген добушу үчүн миллион доллар пара алган деп айыпталышты. Ал эми аргентиналык Хулио Грондоне, парагвайлык Николас Леос жана бразилиялык Рикардо Тейшейра Катардан пара алган деп айыпталып жатат.

АКШнын Юстиция министрлигинин 6-апрелдеги билдирүүсүнө ылайык, Орусия менен Катар дүйнө чемпионаттарын өткөрүүгө укук алуу үчүн ФИФАнын өкүлдөрүнө пара берген. 70 барактан турган айыптоо акты Нью-Йорк штатынын Чыгыш аймактык сотуна тапшырылды.

2015-жылдан бери иликтөөнүн жүрүшүндө офшордук компаниялар аркылуу ФИФАнын отуздай кызматкери Москва менен Дохадан пара алганы аныкталган.

Тринидад менен Тобагонун жараны, ФИФАнын мурдагы вице-президенти Уорнерди Кариб деңизиндеги чакан республика АКШга өткөрүп берүүдөн баш тарткан. Ал эми гватемалалык Рафаэл Сальгеро Орусиядан пара алганын өзү айтып чыгып, футбол ишмердүүлүгүнөн четтетилген. Катардан пара алган деп айыпталгандардын ичинен Николас Леос былтыр жайында Парагвайда каза тапкан, ал эми Рикардо Тейшейра футбол ишмердүүлүгүнөн четтетилген.

Америкалык "21st Century Fox" телекорпорациясынын мурунку жетекчилигине да коррупция боюнча айып тагылып жатат. Тергөөчүлөрдүн маалыматы боюнча, алар ФИФАнын өкүлдөрүнө футбол оюндарын телеканалдан көрсөтүүгө укук алуу үчүн пара беришкен.

«Федералдык иликтөөлөр бюросу футбол оюндары, аянттары менен маркетинг келишимдерине жашырылган мыйзамсыз соодалашуу жана көшөгө артында сүйлөшүүлөрдүн баарын иликтеп чыгат», - деди ФБРдин башчысынын орун басары Уильям Суини.

7-апрелде ФИФА кылмыштуу аракеттерди ачыкка чыгара турган иликтөөлөрдү колдоого аларын, тергөө органдары менен ар тараптуу кызматташууга ачыктыгын билдирди.

Дмитрий Песков
Дмитрий Песков

Кремль эл аралык федерациянын аткаминерлерине пара берүү боюнча айыптоолорду четке какты. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков буларды айтты:

«Орусия дүйнөлүк чемпионат өткөрүүгө укукту мыйзамдуу алган. Мунун пара алууга же берүүгө эч кандай байланышы жок. Бул айыптоолорду толук четке кагабыз. Орусия тарыхтагы эң мыкты дүйнө чемпионатын өткөрдү. Биздин өлкө муну менен сыймыктанат».

2018-2021-жылкы дүйнөлүк чемпионаттарды өткөрүү боюнча добуш берүү он жыл мурун уюштурулган. Анда Орусия 2018-жылы дүйнөлүк футбол чемпионатын өткөрүүгө укук алган. Кийинки эстафетаны АКШга атаандаш болгон Катар уткан.

Мындай жыйынтык шек жаратып, ФИФАнын андагы президенти Йозеф Блаттер баштаган добуш берүүчүлөрдүн жарымынан көбүнө түрдүү дооматтар коюлган. Иликтөөлөрдөн кийин Йозеф Блаттер менен Футбол ассоциацияларынын Европа Биримдиги - УЕФАнын президенти Мишел Платини футбол ишмердүүлүгүнөн сегиз жылга четтетилишкен.

ФИФАнын этика боюнча комитети Блаттерге 40 миң доллар, ал эми УЕФАнын жетекчиси Платиниге 80 миң доллар айып салган. Иликтөөдө Блаттер Платининин атына 2 миллион швейцария франкын же болжол менен эки миллион доллар которгону тууралуу иш каралган. Комитет Блаттер акчаны мыйзамдуу жол менен которгонун далилдей албай койгонун кабарлаган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG