Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:37

Равшан Жээнбековду өкүмсүз камакта кармоо - кылмышка тете


Равшан Жээнбеков
Равшан Жээнбеков

Оппозициячыл саясатчы Равшан Жээнбеков камакта кала берүүдө. Анын азыркы тагдыры тууралуу публицист Илим Жанузаков “Азаттыкка” окурман катары кат жолдогон.

Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин мурдагы депутаты, оппозициячыл саясатчы Равшан Жээнбековдун кыйладан бери камакта жатканы – адилетсиз көрүнүш. Бул сыяктуу саясий камоолор менен президент Сооронбай Жээнбеков өзүнө ор казып атканын түшүнсө болмок.

...оппозицияда жүргөн чоң саясатчыны камоого келгенде эки эсе аяр, этият мамиле кылып, алгач далилдерди табуу алтын эреже болушу керек эле.
И.Жанузаков

Негизинен "Барымтага алуу", "Башаламандык уюштуруу" деген беренелерге таянып камакка алуудан мурда, аны далилдөө өлкөнүн Башкы прокуратурасынын милдети болчу. Ар бир жаран күнөөсү далилденмейинче камалбашы керек. Күнөөсүн далилдебей туруп 7 айдан бери бирөөнү камакта кармоонун өзү – кылмышка тете. Бул принцип юриспруденциянын эң негизги эрежеси эмеспи. Ал эми оппозицияда жүргөн чоң саясатчыны камоого келгенде эки эсе аяр, этият мамиле кылып, алгач далилдерди табуу алтын эреже болушу керек эле.

Бишкектеги Биринчи май райондук сотунун, андан соң Бишкек шаардык соттун Р.Жээнбековду камакта калтыруу чечимдери Кыргызстанда адилет соттук система алигиче жоктугунан кабар берет. Ушундай соттук чечимдер Кыргызстанда адам өмүрү такыр бааланбагандыгын, аткаруу бийлигинин өзүм билемдигин, соттордун адилетсиз, принципсиз жана мажирөөлүгүн көрсөтүп турат.

Канчалык президенттен же башка аткаруу бийлигинин жогорку бутагынын өкүлүнөн көз каранды болсо да, мындай чоң иште соттор айыптоочулардан жетиштүү далил талап кылуусу, тергөө бүтө электигине карабай чоң саясатчыны камакта кармоо чечимдеринин тууралыгын коомчулукка негиздеп берүүсү керек эле.

Жалпыга маалымдоо каражаттарында кенен айтылгандай, Кой-Таштагы башаламандыкта Р.Жээнбеков ортомчу катары гана барганын айткан.

Видео тасмалардан да анын эки тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп атканын байкоого болот. Видео тасмаларда анын тополоңго үндөп, барымтага алууга чакырган учурлары же андайды уюштурганы тууралуу эч далил жок.

Андыктан тергөө бүткүчө ал сыяктуу шектүүлөрдү тил каттын негизинде дароо бошотуп же үй камагына чыгарган жөндүү болмок. Андай болбогондон кийин бул камоону саясий куугунтук, президенттин өз саясий атаандашын обочодо кармоо аракети катары баалоо керек.

Дагы бир баса белгилей кетчү жагдай, жети айдан бери камакта жаткандыктан, саясатчы Р.Жээнбековдун өзүн мыйзам чегинде коргоого такыр эле шарты болгон жок. Тескерисинче, элдик каражатка таянган мамлекеттин ресурстары чексиз жана мындай соттук иштерди бийлик каалаганча чойгонго шарты бар.

Өлкөнүн мурдатан бери кыйла коррупциялашканын эске алсак, мындай жаңжалдуу иште бийликке көбүрөөк ишенбөөчүлүк менен мамиле кылып, камактагы саясатчыны жок дегенде үй камагына чыгаруу талаптарын күчөтүү абзел.

Учурда элибизди Кытайдан чыккан кандуу таажы вирусу каптап, көпчүлүк кыйналып турат. Бул илдет кыргыздын бир катар мыкты уул-кыздарын алып кетти.

Түрмөдөгү опурталдуу абалды жана таажы вирусунун өтө жугуштуулугун эске алсак, азыр Р.Жээнбековдун саламаттыгы, өмүрү коркунучта.

Мындай шартта белгилүү оппозициячыл саясатчынын күнөөсү далилденбей туруп узак мөөнөттө камакта жатышынын жоопкерчилиги –– толугу менен азыркы бийликтин мойнунда деп бүтүм кыла алабыз.

2005- жана 2010-жылдары кубаттуу эки элдик ыңкылапты баштан кечирген Кыргызстандын азыркы бийлиги мурдагы авторитардык президенттердин тушундагыдан алда канча бийик, либерал, демократиялуу саясий нукту тутушу керек эле...

Илим Жанузаков, публицист, ишкер.

Миннеаполис, АКШ.

Эскертүү: Макаланын мазмуну сөзсүз эле “Азаттыктын” турумуна дал келет деп тыянак чыгарбоо абзел.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG