Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:57

Мирзиёевдин Тажикстандагы тарыхый сапары


Шавкат Мирзиёев менен Эмомали Рахмон.
Шавкат Мирзиёев менен Эмомали Рахмон.

Орусиялык басылмалардагы макалаларга сереп.

Орусиялык басылмалар өзбек президенти Шавкат Мирзиеёвдин Дүйшөмбү шаарындагы иш сапарын “тарыхый окуя” деп аташты.

"Регнум" коңшулар ортосунда “кансыз согуш аяктады” деп жазат. Мирзиеёв Дүйшөмбүдө 9-10-мартта болот. Макаланын автору маркум президент Ислам Каримов расмий иш сапары менен Тажикстанда 18 жыл мурун болгонун эскерет. Ал эми Эмомали Рахмон Ташкентке 2001-жылы барган. Бул арада эки өлкө ортосунда экономикалык кызматташтык солгундап, соода-сатык эки эсе кемигени баяндалат. 2016-жылдын жыйынтыгында эки өлкөнүн соода-сатыгы 196 миллион долларды гана түзгөн.

Дүйшөмбүдөгү тажик-өзбек концертине даярдыктын алкагында өзбек желеги илинип жаткан учур.
Дүйшөмбүдөгү тажик-өзбек концертине даярдыктын алкагында өзбек желеги илинип жаткан учур.

Мирзиеёвдин сапарынын алдында Эмомали Рахмон Дүйшөмбүдөгү бакчага өзбек адабиятынын классиги Алишер Навоинин ысмын ыйгарганы айтылат. Кийин бакчада Алишер Навои менен тажик жазуучусу Нуриддин Жаминин эстеликтери тургузулмакчы. Навои менен Жами тажик-өзбек достугунун символу катары бааланып келет. Акындардын Самарканддагы эстелиги тогуз жыл мурун талкаланган болчу.

Серепчи Дмитрий Александров "Спутник" менен болгон маегинде Мирзиеёв Тажикстандын гидроэнергетикалык тармагына инвестиция салат деп болжогон. Ал эми ca-news.org сайты чек ара маселеси, соода-сатык, өндүрүш, транспорт жана инвестиция багыттарында эки тараптуу 25 келишим кабыл алынганы турганын белгилейт.

"EurAsia Daily" "казак парламенти АКШнын аскердик жүктөрү үчүн Каспий деңизиндеги портторун ачты" деп жазат. "Парламентская газета" белгилегендей, америкалык күчтөрдүн Ооганстанда аскердик операцияларды жүргүзүшү үчүн Казакстан аркылуу жүк өткөрүү тууралуу келишим 2010-жылдан бери бар. Бул жолу жүктөрдү Каспий деңизи аркылуу ташууга Курык жана Актау порттору ачылган. Келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүүнү казак парламентинде 104 депутат колдогон.

Макалада Казакстан аркылуу 13 миң тонна жүк өткөрүлгөнү, казак өкмөтү мындан 620 миң доллардан ашык пайда көргөнү баяндалат. Курык – Казакстандын биринчи деңиз порту, ал жылына 4 миллион тонна жүк өткөрө алат. Ал эми Актау портунун кубаттуулугу жылына 19 миллион тонна жүктү түзөт.

"Russia Today" "25 жыл мурун Орусиянын аскердик күчтөрү Тажикстанды исламисттерден коргоп калган" деп жазат. 1993-жылы 8-мартта элүүдөй ооган жоочусу Пяндж суусу аркылуу Тажикстандын аймагын басып кирүүгө аракет кылганы, аларга орусиялык аскерлер каршылык көрсөткөнү баяндалат.

Автор мурунку совет республикасы биринчи президент Рахмон Набиев менен оппозициянын тирешүүсүнөн улам кооптуу абалда турганын эске салат.

"Тажикстандагы мындай абалды жөнгө салууда Орусиянын салымы зор болгон" деп жазат "Russia Today". Ошол жылы майда Москва менен Дүйшөмбү аскердик кызматташтык тууралуу бир катар келишимдерди түзүшкөнү белгиленет. 1992-2005-жылдары тажик-ооган чек арасында 500дөй кагылышуу болуп, орусиялык аскерлер 3 миңге жакын жоочуну жок кылганы жазылган. "Азыр ЖККУнун алкагында Орусиянын, Беларустун, Армениянын, Казакстандын жана Кыргызстандын 22 миңден ашуун аскери Дүйшөмбүгө жардамга келүүгө даяр" дейт "Russia Today".

"Регнум" Өзбекстанда эмгек мигранттарына темир жол жана аба каттамдарына 20 пайыздык жеңилдик берилгенин кабарлайт. 1-апрелден баштап Мамлекеттик миграция кызматы аркылуу чет жакка ишке барган өзбекстандыктар поезд жана учак билеттерин 20 пайыздык жеңилдик менен сатып ала алышат. Буга кошумча катары өкмөт мигранттарга жол чыгымдарын жабууга жылына 35-40 доллар жөлөкпул берет. Бирок мындай жеңилдиктер чет жакка өкмөт аркылуу ишке барган мигранттарга гана берилет.

Былтыр Өзбекстан Орусия менен эмгек миграциясын уюштуруу жөнүндө келишим кабыл алган. Агенттик быйыл бул келишим боюнча Орусияга 50 миңдей мигрант ишке жөнөтүлөөрүн жазат. Азыркы кезде Орусияда расмий маалыматтар боюнча 3,5 миллиондон ашуун өзбекстандык эмгек миграциясында жүрөт. Дээрлик бардыгы ишке өз алдынча орношкон.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG