Андан улам акыркы сегиз жылда Путин менен мурдагы олимпиада чемпионунун балдары үчүн кеминде 20 чет элдик гувернер, гувернанттар иштегенин билүүгө болот. Алардын арасында Путин айтмакчы, Орусия Украинадагы согушта каршы күрөшүп жаткан НАТОго мүчө мамлекеттердин жарандары да бар. Мындай адистерди жалдоо үчүн Путиндин үй-бүлөсү жылына жүз миңдеген доллар сарптаган жана сарптап келүүдө.
Ошентип, Орусиянын президенти Владимир Путин "Батыш коомчулугу менен" күрөшүп, жүз миңдеген өмүр кыйылган согуш жүргүзүп жаткан чакта анын өзүнүн балдары жаштайынан батыштык тарбиялануучулардын курчоосунда экени маалым болду. Аларга Путиндин балдарын билимдүү европалыктардын деңгээлинде тарбиялоо милдети коюлуп келген.
Ваня үчүн батыштык тарбиячы
34 жаштагы Эмма (коопсуздукка байланыштуу ысымы өзгөртүлдү) Орусияда гувернант болуп иштөөгө катуу даярданган.
Ал төрт жашар баланын ата-энесине жолдонгон катта ага немис тилин кантип үйрөтөрүн кеңири айтып берген. Бала менен жумасына жок дегенде эки жолу токойдо убакыт өткөрүү ыкмасы натыйжалуу болорун сунуштаган.
"Жапондордун "шинрин-йоку" деп аталган "токой ванналары" биздин иммундук системабызды бир нече күнгө чыңдай турганы далилденген. Токойдо (шарттары бар паркта эмес) убакыт өткөрүү балдар үчүн абдан пайдалуу, анткени ал алардын моторикасын жакшыртат, жер тегиз эмес. Немис тилин үйрөнүүгө көптөгөн мүмкүнчүлүктөр болот. Балким, Ваня балык уулоого, мөмө-жемиштерди терүүгө жана жегенге кызыга баштайт", – деп Эмма өзүнүн окутуу ыкмасы тууралуу баланын ата-энесине жазган катында айтып берген.
2019-жылдын июль айында ал Орусияга учуп барган. Москва жана Санкт-Петербургда жумуш берүүчүлөр убада кылгандай эле мүнөздөп тамак ичүүгө шарты бар беш жылдыздуу мейманканаларда жашаган.
Көп өтпөй Эмма Новгород облусундагы Угловка деген жердеги мейманканага которулган. Бул жер обочолонгон жашоо, социалдык баарлашуу жок, мурда сүрөттөлгөн жумуш шарттарынан таптакыр башкача болуп чыккан.
"Сиз беш жылдыздуу мейманканада жашоону күтүп, акыры эч ким жок жердеги мейманканага түшүп калсаңыз, өзүңүздү жаман сезесиз. Психологияда бул контраст эффекти деп аталат", - деп Эмма өзү баштан кечирген окуяны айтып берген.
Эмма диетологунун сунуштарына туура келген тамактануу шартын сураган. Бирок көп өтпөй ал жумушка ылайык келбей турганы тууралуу билдирүү алып, Грацка кайткан. Ал жерден жумуш берүүчүлөрүнө тажрыйбасы тууралуу кат жазган.
Эмма жумушка орношуу тууралуу сунушту кабыл алып, мүнөздөп тамак ичүү тууралуу шарттарын айтканда, өзү тарбиялай турган бала Путиндин төрт жашар уулу Иван экенин, ал эми Угловка Путиндин Валдайдагы эң катуу кайтарылган резиденцияларынын биринин жанында жайгашкан айыл жана темир жол бекети экенин капарга алган эмес.
"Системанын" кабарчысына Эмма Орусияда ишке орношуу тууралуу макулдашуу болгонун, сунуш өтө жашыруун талкууланганын ырастап, бирок ал үй-бүлө менен сүйлөшүүлөрүнүн деталдарын айтып берүүдөн баш тартты. Ага тарбиячы болууга жалданган үй-бүлөнүн чыныгы фамилиясын айтышкан эмес.
Үй-бүлө маселелерин чечкен Кабаеванын туугандары
"Система" Эмманын, андан башка ондогон чет элдик мугалимдердин, гувернанттардын жана камкорчулардын иши жөнүндө Орусиянын эң жогорку даражалуу үй-бүлөсүнүн кадрлар бөлүмүнүн чоо-жайы менен тааныш булак тарабынан журналисттер менен бөлүшүлгөн документтердин жана электрондук каттардын топтомунан билген.
Ал Орусиянын чалгын кызматтарынын куугунтугунан коркуп, аты-жөнүн же иштеген жерин ачыкка чыгарбоону суранган.
Биз алынган маалыматтын чындыгын жана тактыгын бир нече жол менен текшерип, кат алышууга катышкан адамдар менен байланыштык. Алардын экөө документтерде камтылган маалыматты тастыкташты.
"Системанын" колуна тийген маалыматтар 2017-2026-жылдарга чейинки аралыкты камтыйт. Маалыматтар лина Кабаеванын туугандары Олеся Федина жана Екатерина Головачева колдонгон электрондук почталардан жиберилген каттарга негизделген.
Путиндин сыны, Батышка ыктаган тарбия
Карантинде калган тарбиячылар
We'll give you the rest in cash. Батыштын тарбиясы үчүн миллиондор
"Панцирь" менен коргонуу
"Система" изилдеген документтерден улам Путиндин балдарына орус тилин окутууга да соң көңүл бурулганбы же жокпу, айтуу кыйын. Биз Ваняга музыкадан сабак берип, аны Сергей Прокофьев менен Николай Римский-Корсаковдун чыгармалары менен тааныштырган орус мугалими, Полина Т. жөнүндө гана маалымат таба алдык. Орус тилин билүү үчүн бул жетишсиз болгон өңдүү.
2019-жылы Рождество майрамында Ваня немис тилинде ыр ырдап, орус тилинде эч нерсе ырдабаганын Олеся Федина ошол жылдын июнь айында персоналды башкаруу боюнча отчетунда жазган.
2018-жылдын декабрь айында Орусиянын Федерация Кеңешинин Мамлекеттик эгемендүүлүктү коргоо комиссиясынын башчысы Андрей Климов Орусия "Аяз атанын Санта Клауска айлануусуна" жол бербеши керектигин айтып, мындай демилгесин өлкөнүн "руханий эгемендүүлүгү" менен байланыштырган.
Бирок ошол эле кезде Путиндин чоң уулу Ваня ошол жылдын декабрында Рудольф бугусу жөнүндөгү чыгарманы окуп, Аяз атанын эмес, Санта Клаустун чанасын жасоо менен алектенгенин тарбиячылардын отчетунан байкоого болот.
А бирок гендердик эркиндик жагынан алганда, Путиндин үй-бүлөсүндөгү тарбия орус өкмөтүнүн расмий саясатына толук шайкеш келет.
Ар бир тарбиячы менен келишимде бул талап катуу коюлган:
"Эч качан диний, саясий же идеологиялык көз караштарыңызды таңуулабаңыз. Жумуш берүүчү менен алдын ала кеңешпей туруп, жыныстык мамилелер же жыныстык тарбия темаларын талкуулабаңыз. Эч качан ЛГБТга байланыштуу темаларды талкуулабаңыз", - деп катуу жазылган анда.
2020-жылдын февраль айында немис тили мугалими Кристина Г. менен келишим боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканда, анын жумуш берүүчүлөрү Иванды тарбиялоо үчүн төмөнкү шарттарды кошууну сунушташкан:
"Балким, эркек бала экенин жана ролдук оюндарда ага эркек аттарды гана берип, эркек ролдорду гана ыйгарса болорун тактоо максатка ылайыктуудур. Балким, оң жана сол колдорун бирдей жакшы колдонорун жана мүмкүн болгон учурда ага оң колун көп колдонуу керектигин баса белгилеп кетүү керектир".
"Система" бул сунуштар кошулган келишимди таба алган жок.
Ванянын кичине кезиндеги сабактары тууралуу сүрөттөр коштогон ондогон отчетторго таянсак, бала башкалардай эле көбүк үйлөгөндү, сүрөт тартканды, цирк ойногонду жана кутучалардан гараждарды курганды жакшы көрчү.
2019-жылдын багында төрт жашар Ваня зоопаркка барган.
"Ага баарынан жолборс менен арстандын балдары жакты. Аларды үйгө алып кетүүнү да каалады", - деп 2019-жылдын февраль-март айларында анын англис тилин үйрөнүүсү тууралуу отчеттордо айтылган.
Батыштан тарбиячы, мугалимдерди жалдоо Орусия 2022-жылы Украинага негизсиз кол салган кезде деле токтогон эмес. Алардын бири Жейн М. жумушка орношуу тууралуу анкетасында үч - Ирландия, Британиянын паспортуна ээлик кыларын, Канаданын паспорту да бар экенин, бирок мөөнөтү өтүп кеткенин көрсөткөн.
Путин-Кабаева үй-бүлөсүнө Жейндин талапкерлигин ошол кезде үч жаштагы Вовага тьюторлукка жактыруу үчүн бул жолтоо болгон эмес. 2022-жылы жайында ага келишимдин көчүрмө вариантын жиберишкен.
2022-жылы кол коюлган келишим Путиндин үй-бүлөсү жалдаган бардык гувернерлордукуна окшош. Анын тексти 2017-жылы Иван Путин эки жаш кезинде түзүлүп, ошондон бери бир аз гана өзгөргөн.
Маалыматтардан улам чет жактан тартылган адистердин саламаттыгына катуу көңүл бурулганын көрүүгө болот. Алардын бириндеги "аялдардын оорусу", "жеңил ич өткөк белгилери" тууралуу жазылып, карантинге алуу зарылдыгы айтылган отчеттор бар.
Жалданган кызматкерлерди инфекцияга байланыштуу дарылоого жөнөтүшкөн учурлар болгон. Кээ бир учурда оору бар экен деген жүйө менен ишке алуудан баш тартышкан.
Келишимдердин биринде жалданган кызматкердин айлыгы көрсөтүлгөн. Сумма ар бир адамдыкы ар кандай жана жеке келишимдерге жараша болот, бирок жол-жобосу болжол менен бирдей. Мисалы, 2019-жылы "Иван Фединди (Иван Путин) тарбиялоо үчүн айлык акы жумасына 40 саатка эсептелген. Акыркы келишимдерде да ушул сыяктуу суммалар жазылган, жумасына 60 сааттык жумуш деп.
Орусияда айына 8 миң доллар (665 000 рубль) 2025-жылдагы орточо айлык эмгек акыдан алты жарым эсе жогору. Улуу Британияда же Германияда бул дагы ортодон жогору маяна. Документтерде "таза эмгек акы", башкача айтканда, кызматкердин салыктар кармалгандан кийин алган суммасы жөнүндө сөз болгон.
Бала багуучулар жана гувернанттар бул эмгек акыдан негизинен Орусияда салык төлөшөт, бирок мында да күмөндүү жагдай бар сыяктуу.
Чындыгында, бардык кызматкерлердин экинчи, "расмий" келишими бар. Чет элдик жаран аны орусиялык юридикалык жак менен: Согаз эл аралык медициналык борборунун Кесиптик кайра даярдоо институту менен түзөт. Бул эмгек келишиминде көрсөтүлгөн кызмат орду "котормочу".
Бул "расмий жумуш" кызматкерлерге Орусияда иштөөгө уруксат жана виза алуу үчүн зарыл болгон.
Көпчүлүк гувернанттардын Согаз менен түзгөн келишиминде көрсөтүлгөн расмий айлык акысы үй-бүлө менен түзгөн келишимде көрсөтүлгөн суммадан бир нече эсе аз.
2022-жылдын август айында беш кызматкер расмий орусиялык эсептерине гана 1,92 миллион рубль алышкан (бул суммага накталай төлөмдөр же чет элдик эсептерге которуулар кирбейт).
2020-жылы кат алышууларда жакынкы келечекте бала багуучуларды жалдоо пландары талкууланган. Головачеванын айтымында, үй-бүлө беш-алты кызматкерди 450 000–510 000 рубль (болжол менен 7000 доллар) айлык акы менен жалдоону пландаштырган, бул айына кеминде 30 000 доллар же жылына болжол менен 400 000 долларды түзмөк.
"Согаз" жогорку айлык акы төлөнүүчү чет элдик "котормочулардан" турган бүтүндөй штатты кармоо үчүн акчаны кайдан алат? Айтуу кыйын.
Головачева жана "Согаз" компаниясы "Системанын" суроолоруна жооп берген жок.
2022-жылдын башында Орусия Украинага толук масштабдуу басып киргенде Путиндин үй-бүлөсүнүн күнүмдүк жашоосуна өзгөрдү.
"Свобода" радиосунун маалыматы боюнча, үй-бүлө көп убакыт өткөргөн Валдай резиденциясынын айланасында азыр кеминде 25 "Панцирь" абадан коргонуу системасы жайгаштырылган. Ал Орусиядагы эң күчтүү зениттик-ракеталык объектилердин бири.
"Система" буга чейин Путин 2024-жылдан бери дрон чабуулдарынан кооптонуп Сочидеги сүйүктүү резиденциясына каттоону токтотконун аныктаган.
Бирок, балдары үчүн Батыштан тарбиячыларды тартууну токтотпогондой. Кат алышуулар тууралуу документтерден улам "Система" гувернант Кэрол Р. 2025-жылдын февраль айында Санкт-Петербургдан Сочиге учуп барганын айгинеледи. Анын рейси тууралуу маалымат "жумуш берүүчүнүн" электрондук почтасына катталып калган.
2026-жылдын январына карата маалыматка таянсак, Путиндин үй-бүлөсү кеминде үч чет элдик бала багуучуну жумушка алган: София Б. - Босния жана Герцеговинанын, Ирен Э. - Германиянын, Кэрол Р. - Түштүк Африка Республикасынын жараны. Январь айында аларга жалпысынан 3,5 миллион рубль (чет элдик валютадагы кошумча төлөмдөрдү кошпогондо) же 45 000 доллардан ашык акча төлөнгөн.
Банктык эсептерге ылайык, Кэрол Р. өзү 2026-жылдын январынан майына чейин 2,4 миллион рубль же 30 000 доллардан ашык киреше тапкан. Май айында Кэрол кызматтан кетүү жөнүндө арыз берген. Анын себептери белгисиз.
Кэрол электрондук почта аркылуу жөнөтүлгөн суроолорубузга жооп берген жок. Головачева, Федина, Алина Кабаеванын маалымат катчысы жана Дмитрий Песков да суроолорду көңүл сыртында калтырды.
Мурда Путиндин балдарын тарбиялоого тартылган чет элдик жаран биздин катыбызга жооп берип, үч айдай орусиялык үй-бүлөдө иштегенин, бирок ким үчүн иштегенин билбей турганын айтты.
Үй-бүлөнүн берешендигине карабастан ал иштеги жагымсыз учурлар тууралуу айтып берди: "Мен команда жана буйрук алган гана адам болдум", - деди ал.