Кыргызстанда 7-ноябрь Маалымат жана басма сөз күнү. Мындан туура 99 жыл мурда ушул күнү кыргыз тилиндеги туңгуч “Эркин тоо” гезити жарык көргөн. "Азаттык" басма сөздүн 1924-жылдан берки жолун чагылдырган сүрөттөрдүн айрымдарын сунуштайт. Сүрөттөр Мамлекеттик архивден жана "Азаттыктын" жеке архивинен алынды.
Пропаганда куралынан Эркиндик үнүнө айланган гезиттер. Кыргыз басма сөзүнүн бир кылымдык жолу

1
Кыргыздын туңгуч “Эркин Тоо” гезити 1924-1927-жылдары кыргызча араб арибинде чыгып турган.

2
Араб тамгалары менен басылып чыккан "Эркин Тоо" гезити. 1926-жыл.

3
"Жаңы маданият жолунда" журналынын 1928-жылдагы чыгарылышы. Фрунзе шаары. 1928-жыл.

4
"Жаңы маданият жолунда" гезити 1928-жылдан тартып кириллица алфавити менен чыга баштаган. Сүрөттө кыргыз алфавити өзгөрүп жаткан учур тартылган. Фрунзе шаары. 1928-жыл.

5
"Советтик Кыргызстан" гезитинин 1929-жылдын 13-февралындагы номеринин биринчи бетине "Паранжа, калың жана көп аялдуулук жоголсун" деген макала жарык көргөн.

6
Фрунзе шаарындагы №1 басмакананын жумушчулары иш үстүндө. 1933-жыл.

7
Кыргыз ССРнин Конституциясы "Кызыл Кыргызстан" гезитинин биринчи бетинде. 24-март, 1937-жыл. Бул гезит латын алфавитинде чыккан.

8
Кыргыз жазма алфавитин орус кириллица алфавитинен которуу учуру. 1939-жыл. Фрунзе шаары.

9
Калинин-Суусамыр автожолунун курулушу учурунда "На Суусамыр" гезитинин басмаканасы. Фрунзе облусу. 1940-жыл.

10
Жаш журналисттердин Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары менен жолугушуусу. Алардын арасында чекист А.Коенкозов (сүрөттө солдон оңго биринчи) Т. Суванбердиев (экинчи), акын А.Токомбаев (үчүнчү), "Кызыл Кыргызстан" гезитинин жооптуу редактору М.Догдуров (бешинчи), гезиттин жетекчиси А.Ботоханова (жетинчи), акын жана драматург К.Маликов (сегизинчи) жана гезиттин жооптуу редакторунун орун басары М.Абдукаримов (онунчу). Фрунзе шаары.1942-жыл.

11
Кыргызстанда чыккан гезиттер. 1954-жыл.

12
Басмаканада иштеген аялдар. Фрунзе шаары. 1951-жыл.

13
"Ленинчил Жаш" гезитинин 1956-жылы 28-сентябрда чыккан номери.

14
Нарын шаарындагы №5 басмакананын терүүчүсү И.Жаныгулов. 1953-жыл.

15
Фрунзе. Басмаканадан жаңы чыккан гезитти окуп жаткан жумушчулар. 1970-жыл.

16
№1 басмакананын фотография бөлүмү. 1970-жыл.

17
Жумгал районунун Кызарт айылынын гезит окуп отурган тургундары. 1972-жыл.

18
"Кыргызстан аялдары" журналынын кабарчысы Эркин Мамадлиев. Фрунзе. 1976-жыл.

19
Ленин проспекти (Азыркы Чүй проспектиcи) менен Совет көчөсүнүн (азыркы Ж.Абдрахманов көчөсү) кесилишиндеги "Союзбасмасынын" күркөсү. 1981-жыл.

20
"Советтик Кыргызстан" гезитинин "СССРдин түзүлгөндүгүнүн 60 жылдыгына арналган" чыгарылышы. 21-февраль, 1982-жыл.