Кыргызстанда 7-ноябрь Маалымат жана басма сөз күнү. Мындан туура 99 жыл мурда ушул күнү кыргыз тилиндеги туңгуч “Эркин тоо” гезити жарык көргөн. "Азаттык" басма сөздүн 1924-жылдан берки жолун чагылдырган сүрөттөрдүн айрымдарын сунуштайт. Сүрөттөр Мамлекеттик архивден жана "Азаттыктын" жеке архивинен алынды.
Пропаганда куралынан Эркиндик үнүнө айланган гезиттер. Кыргыз басма сөзүнүн бир кылымдык жолу
!["Вечерний Фрунзе" гезитин таңгактоочу жайы. 1988-жыл. ](https://gdb.rferl.org/01000000-0a00-0242-db2a-08dbdea70caf_w1024_q10_s.jpg)
21
"Вечерний Фрунзе" гезитин таңгактоочу жайы. 1988-жыл.
![Орус тилинде чыккан "Дело№" гезитинде "Дордой" базарындагы теракт тууралуу макала жарык көргөн. 2002-жыл, 27-декабрь. "Дело№" гезити 2020-жылы ишмердигин токтоткон. ](https://gdb.rferl.org/034d0000-0aff-0242-25f7-08dae733eb88_w1024_q10_s.jpg)
22
Орус тилинде чыккан "Дело№" гезитинде "Дордой" базарындагы теракт тууралуу макала жарык көргөн. 2002-жыл, 27-декабрь. "Дело№" гезити 2020-жылы ишмердигин токтоткон.
!["Де Факто" гезитинин 2007-жылдагы чыгарылышы. Гезит ошол кездеги бийликтин кысымынан улам жабылып, 2010-жылдагы Элдик революциядан кийин 2011-жылдан баштап кайра чыга баштаган. ](https://gdb.rferl.org/01000000-0a00-0242-f9ff-08dbdea69142_w1024_q10_s.jpg)
23
"Де Факто" гезитинин 2007-жылдагы чыгарылышы. Гезит ошол кездеги бийликтин кысымынан улам жабылып, 2010-жылдагы Элдик революциядан кийин 2011-жылдан баштап кайра чыга баштаган.
![2007-жылы күз айларында ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин жүргүзгөн саясатына нааразылар Бишкектин борбордук аянтында топтолуп, бир нече күн митинг өткөрүшкөн. Кыргыз гезиттери бул митингге чыккандардын үнүн жеткирген маалымат куралы катары кызмат кылган.](https://gdb.rferl.org/024bc40d-b3dc-407f-ab12-c5f8e6ff710b_w1024_q10_s.jpg)
24
2007-жылы күз айларында ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин жүргүзгөн саясатына нааразылар Бишкектин борбордук аянтында топтолуп, бир нече күн митинг өткөрүшкөн. Кыргыз гезиттери бул митингге чыккандардын үнүн жеткирген маалымат куралы катары кызмат кылган.
![2015-жыл. Күркөдө сатылган гезиттер. ](https://gdb.rferl.org/805d7db7-02bf-46f9-9f25-c1962a568598_w1024_q10_s.jpg)
25
2015-жыл. Күркөдө сатылган гезиттер.
![Акыркы жылдары кыргыз гезиттери мурдагыдай таасирдүү болбой, тиражы азайып, окурмандар интернетке ооп жаткан мезгил. Адистер бул өз кезегинде элдин сабаттуулугуна байланыштуу көйгөй жаратып жатканын белгилешет. Гезиттер узак жылдар бою маалымат эле бербей, окурмандарды сабаттуу жазууга үйрөткөн окуу куралы катары да милдетти аткарып келген. ](https://gdb.rferl.org/f42a70fa-4a8e-4085-b488-51858ae09bf9_w1024_q10_s.jpg)
26
Акыркы жылдары кыргыз гезиттери мурдагыдай таасирдүү болбой, тиражы азайып, окурмандар интернетке ооп жаткан мезгил. Адистер бул өз кезегинде элдин сабаттуулугуна байланыштуу көйгөй жаратып жатканын белгилешет. Гезиттер узак жылдар бою маалымат эле бербей, окурмандарды сабаттуу жазууга үйрөткөн окуу куралы катары да милдетти аткарып келген.